Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

"Кош бийлик аяктадыбы же жокпу, так билбейбиз"


Токаев менен Назарбаев. 23-апрель 2019-жыл
Токаев менен Назарбаев. 23-апрель 2019-жыл

Казак президенти Токаевдин мажлистеги кайрылуусу элди канчалык ынандыра алат? Чыныгы реформалар жүргүзүлөбү? Президенттин Назарбаевди биринчи жолу сындаганын кантип чечмелесе болот? Ушул жана башка суроолорубузга казакстандык саясатчы, президенттикке мурдагы талапкер Амиржан Косанов жооп берди.

- Президент Касым-Жомарт Токаев 11-январда мажлисте сүйлөп, бир катар тапшырмаларды бергенин, өзгөрүүлөр болорун билдирди. Мунун барын саясий реформага карай багыт деп атаса болобу?

- Кезинде Владимир Ленин “Бир кадам алга, эки кадам артка “деген макала жазган. Бир кадам алга дегеним, президенттикке аттанганда жана андан кийин да Касым-Жомарт Токаев өзүн реформатор деп атаган. “Мен коомдун бардык тармактарында – экономика, социалдык, саясий, укуктук чөйрөдө реформа жасайм” деген. Ага ишеним артып, колдоо көргөзгөндөр болду. Азыр да колдоп келатышат. Бирок, азыркы биздин система мамлекет башчыга түп тамырынан реформаны ишке ашыруугу мүмкүндүк бербейт. Системанын өз мыйзамдары, талаптары бар. Президент Токаев ошол системанын чеңгелинен толук чыкты деп айта албайм.

Экинчи жагынан, Казакстанда азыркы күнгө чейин кландык-топтук система жашап келатат. Алардын мүдөөсү, экономикалык чөйрөдө көздөгөнү көп. Жаңы-Өзөндө эл газ кымбаттаганда социалдык талаптар менен чыкпадыбы. Ал эми мунай, газ тармагы монополисттердин, олигархтардын колунда. Аны бүгүн Токаев мырза “олигатория” деп биринчи жолу атабадыбы. Бүгүнкү кыйынчылыктар саясий реформага кедерги болуп жатат деп ойлойм. Мен сөзүнө, ишине карап Токаев толук кандуу реформага барды деп айта албаймын.

- Токаев Назарабевди "белгилүү бир адамдар тобун байытты" деп айыптады. Элбашынын кызына байланышы бар компаниянын ишин токтотуу буйругун бергенин айтты. Бул сөздөрдү кантип чечмелейсиз?

- Мен муну ишарат, сигнал деп билем. Азыр Казакстанда монополист болгон, анын ичинде Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн түздөн түз тиешеси бар экономикалык тармактар бар экени, алардын байып жатышы тууралуу айтылды. Бирок конкреттүү ысымдар, адамдар аталган жок. Ошондуктан мунун бардыгы бийликтин ичинде Назарбаев менен Токаевдин ортосунда жеке тиреш, талаш бар экенинин белгиси деп ойлойм. Балким, Казакстандагы соңку чоң окуялардын артында ошол карама-каршылык тургандыр.

- Жаңы премьердин дайындалышы, башка өзгөрүүлөр менен Токаев өз командасын алып келди, Назарбаевдин адамдарынан арылды деп айтууга негиз барбы?

- Мен аны так айта албаймын. Анткени бизде ушул күнгө чейин кош бийлик өкүм сүрүп келди. Назарбаевдин кайда жүргөнүнөн, саламаттыгы кандай экенинен маалымат жок чакта мен же ак же көк деп кесе айта албаймын. Кош бийлик аяктадыбы же жокпу так билбейбиз. Бирок кандай болгон күндө да коопсуздук кеңешиндеги төрагалыкты өз колуна алган Токаев бийлигин арттырып алганы чын. Ошол эле маалда бийликтин артында чоң жоопкерчилик турганын эстен чыгарбаш керек.

Эки жарым жылдан бери Элбашы менен чечимдерди биргелешип кабыл алып келди. Чоң өзгөрүүлөр болгондо мен жарымы үчүн эле жооп берем, калганына Назарбаев жооптуу деп айта алат эле. Эми антип айта албайт. Андыктан азыр экономикада, социалдык, саясий чөйрөдө эмне болсо, ал үчүн жеке өзү жооп берет. Бул бир жагынан жакшы көрүнүш. Бирок Казакстан 30 жыл президенттик системада жашап келди. Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет демекчи, экинчи супер президенттин пайда болушуна жол бербөө зарыл. Башкача айтканда, биз демократиялык институттарды, парламентти, жарандык коомду, эркин маалымат каражаттарын калыптандырышыбыз керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG