Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Казакстан: тополоңдо каза болгондор жерге берилүүдө


 Маркум Ерасыл Калыкул
Маркум Ерасыл Калыкул

Казакстандагы соңку окуяларда канча жай тургун каза тапканы айтыла элек. Бийлик күч түзүмдөрүндөгү жоготуулар тууралуу гана маалымат таратып келет. Буга чейин Кыргызстандын эки жараны өлгөнү тууралуу маалымат расмий тастыкталды.

11-январда Түркстан облусундагы 4 райондун акимчиликтери Чымкенттеги окуяларда каза болгон 9 киши жерге берилгенин ырастады. Расмий маалыматка караганда, ал карапайым тургундар 5-6-январдагы тополоңдо өлгөн. Арасында ичине ок тийип жан берген 25 жаштагы Ерасыл Калыкул да бар. Ата-энеси кырчындай баласынын өмүрү кайсы жерде, кандай жагдайда кыйылганын биле албай отурат. Кесиби боюнча автомеханик Ерасыл башкалаада курулушта иштечү экен. Карантинде жумушсуз калып үйүнө кайткан. Үйлөнөм деп камданып жүрүптүр.

Маркум Ерасыл Калыкулдун ата-энеси.
Маркум Ерасыл Калыкулдун ата-энеси.

Дүйшөмбү күнү облустун Сарыагаш районунда Алматыда каза тапкан Чек ара академиясынын курсанты Даулет Жупарбековду акыркы сапарга узатышкан.

Соңку окуялардагы өлүм-житим тууралуу так маалымат жок. Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин 164 киши каза тапканын кабарлап, бирок кийин техникалык ката кеткенин айтып, баштапкы сандарды төгүнгө чыгарган. Укук коргоочулар жоготуулардын, жабыркагандардын санын аныктоо үчүн калктан далил маалыматтарды чогултуп жатышат.

Полиция “антитеррордук” деп атаган операциянын жүрүшүндө ири шаарларда “башаламандыктарга катышкан” ондогон киши жок кылынганын билдирген. Бийлик ошондой эле күч түзүмдөрү 18 кызматкерин жоготконун маалымдаган.

Социалдык тармактарда митинг, тополоңдордо окко учкан адамдарды жерге берип жатышат деген видеолор тарап жатат. Бирок алардын чын-төгүнүн аныктоо кыйын. Ошондой эле дайынсыз жоголгон жакындарын, тааныштарын издеген адамдар туураалуу маалыматтар байма-бай чыгып жатат.

11-январда БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Казакстанда “нааразылык акциялардын катышуучуларына каршы ашыкча күч колдонууну” анын ичинде “ок атуучу куралды пайдаланууну” айыптап, андай учурларды көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

Атайын баяндамачы Фионнуала Ни Аолаин демонстранттарды, жарандык активисттерди, укук коргоочуларды, журналисттерди жана саясий партиялардын өкүлдөрүн “террорчу” деп атоонун артында коомдо “коркуу сезимин пайда кылуу” максаты турушу мүмкүн деп, мындай көрүнүш камтама жаратарын белгиледи.

Полиция өкүлдөрү башаламандыкта 10 миңдей киши кармалганын билдирди. Буга байланыштуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын басма сөз катчысы Элизабет Троселл эл аралык укукка ылайык, жарандар өзүнүн тынч митингдерге катышуу укугунан пайдалангандыгы үчүн камакка алынбоого тийиш экенин эскертти. Троселл кармалгандарды дароо бошотууга үндөдү.

Алматы. 5-январь 2022-жыл
Алматы. 5-январь 2022-жыл

Ал арада АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) казак жергесиндеги аскерлери адам укуктарын урматтоого тийиш деп билдирди:

"Биз президент Токаевдин ЖККУнун бейпилдик күчтөрү өз миссиясын аяктады деген жарыясын кубаттайбыз. Чыгып кетүү процесси жыйынтыкталмайынча уюмдун аскерлерин адам укуктарына тиешелүү эл аралык мыйзамдарды урматтоого жана казак өкмөтүнүн талабына ылайык өлкөдөн чыгуу милдеттенмесин аткарууга үндөй бермекчибиз".

Казак бийлигинин расмий маалыматтарына ылайык, башаламандыктарда өлкөнүн ар кайсы облусундагы 53 акимчиликтин имараты талкаланды, орто жана чакан ишкердикке таандык 151 жай бүлүндү.

"Видеокамеранын мониторун сындырып, эч ким көрбөйт деп беткаптарын чечип коюшкан. Суусундуктарды ичип, сумкаларына тамеки кутуларын салып жатышты. Негизинен алкогол ичимдиктерин, тамеки продукциясын алып кетишти", - деп айтып берди Алматы шаарындагы дүкөндүн ээси.

Жабыркаган бизнестин көбү Алматы, Чымкент шаарларында, Алматы, Чыгыш Казакстан, Кызылордо, Атырау, Актөбө облустарында катталган. Бул тууралуу жаңы өкмөттүн 12-январдагы алгачкы жыйынында кеп болду. Министрлер ушул эле күнү ант беришкен. Алихан Смаилов жетектеген кабинетте жаңы жүздөр жокко эсе, бир катар министрлер кызматтарын сактап калышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG