Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Кыргызстандыктар кабылган кысым, Каркырадан кармалган жаран


Алматы калаасына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Алматы калаасына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Казакстандагы тополоң учурунда Алматы шаарында кармалган төрт жаран эркиндикке чыга элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда жүргөн ар бир жарандын укугу корголо турганын айтып жатат.

Алматыдагы башаламандык учурунда Кыргызстандын эки жараны - Азиз Мусаев менен Бахтияр Базарбаев каза болгон. Алардын сөөгү бейшембиде туугандарына берилди.

33 жаштагы Азис Мусаевдин Алматынын борбордук аянтында жараат алгандардын бирине көмөк көрсөтүп жатып окко учканы маалымдалган. Ал 2016-жылдан бери коңшу өлкөдө фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жүргөн. Ал эми Бактияр Базарбаев боюнча маалымат жокко эсе. Анын Казакстанда жүргүнчү ташып иштеп жүргөнү гана маалым болду.

Маркум Азиз Мусаев менен анын досу Сейтек Толтоев.
Маркум Азиз Мусаев менен анын досу Сейтек Толтоев.

Мындан тышкары казак бийлиги тополоңдорго катышкан деген шек менен 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы Адан Хуров, 1987-жылкы Ильяс Мачо жана 2001-жылкы Абду-Рахим Жиншанлону камаганы белгилүү. Алар учурда Алматынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов камактагы жарандардын абалы жакшы экенин айтып, жакын арада бошотулат деп билдирди:

Назарали Арипов
Назарали Арипов

“Биздин төрт жаран кармалып турган СИЗОнун жетекчиси менен бүгүн эле сүйлөштүк. Күндө эле бүгүн чыгарабыз дешип, бирок чыгарбай жатышат. Камактагылар менен жолугуп келгем. Абалдары жакшы. Казакстандын Ички иштер министрлиги уруксат берген, эми прокуратуранын жообун күтүп атышат. Алар макул болсо эле чыгарышат. Алар кандайдыр бир кылмышка айыпталган жок.”

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда кармалгандардын саны 10 миңге чамалады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын арасында дагы кыргыз жарандарынын бар же жогун текшерип жатат.

Кыргызстандыктарга болгон кысым, Каркырадан кармалган жаран

Негизи эле казак полициясы башаламандыкка шек саналгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин кабарлагандан кийин, Казакстанда текшерүүлөр күч алган. Мисалы, Чымкент шаарында жашап жүргөн 38 кыргызстандык кармалып, кайра бошотулган.

Өзүн Элнура деп тааныштырган Бишкек шаарынын тургуну Казакстанда жашаган агасына кабатыр болуп жатат. Анын айтымында, бир тууганын казак полициясы бир нече сааттан ашык кармап, катуу сабап койгон.

“Үйүнө кирип келип эле байкемди алып кетишиптир. Кичинекей балдарына тийген эмес. Агам менен телефондон эле байланышып жатабыз. Араң сүйлөп жатат. Айтымында, төрт сааттан ашык сабашкан экен. Сүрөтүн көрсөм бети-башы көгала, көзү шишиген, бөйрөккө дагы урушкан экен. Азыр Алматыдагы консулдук менен байланышып, Кыргызстанга алып келүүгө аракет кылып атабыз. Болбосо коменданттык саат бүтсө келем деп өзүн да, бизди да жооткотуп жатат”.

Кыргызстандын бийлиги мындай окуялар боюнча расмий маалымат берише элек. Бирок Казакстандагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо жүрүп жатат. 11-январда Казакстандан 150дөн ашык кыргыз жараны, 13-январда болсо 30 жаран чек арадагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети аркылуу мекенине келди. Жалпысынан бийликтин жардамы менен 400гө жакын киши Кыргызстанга жеткирилди. Өз алдынча келип жаткандары дагы бар.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Казакстанда жашап, окуп жана иштеген 30 миңден ашуун кыргыз жараны бар.

Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы ар бир кыргыз жаранынын укугу корголо турганын белгиледи. Мекеменин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев “Азаттыкка” мындай деген:

Алмаз Имангазиев
Алмаз Имангазиев

“Азыркы күндө антитеррордук операция жүрүп жатат. Күч органдары өз ирети менен ишин аткарып жатат. Кээ бир жерден аша чаап жатышат. Ошого карабастан ар бир сүйлөшүүдө, дипломатиялык нотада "биздин жарандарга күч колдонбогула, мыйзам чегинде иш кылгыла" деп өтүнүп атабыз”.

Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кыргыз жарандарынын укугун коргоо боюнча иштер күчөтүлгөнүн кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, соңку күндөрү миңден ашык кайрылуу түшүп, алар боюнча элчиликтин кызматкерлери иштеп жатат.

Ал арада 10-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун 1999-жылкы тургуну Сыймык Өмүрбек уулун казак чек арачылары кармап кетти. Маалыматка караганда, ал Каркыра жайлоосунан мал издеп жүрүп, коңшу өлкөнүн аймагына кирип кеткен.

Анын апасы Чынар Тамаева Казакстандагы тополоңго чейин мал издеп чек араны кесип өткөн учурлар болуп келгенин айтып, кыргыз бийлигинен жардам күтөрүн билдирди.

“Мал издеп чек арага чейин барып эле жүрчүбүз. Балам шаарда окучу. Чекти билбей өтүп кеткен окшойт. Биз аны тоодон издеп жүргөнбүз. Түн ичинде чек арачылар келип баламдын документтерин сурашты. Азыр Казакстандагы Кеген айылында кармалып турат. Бийликтегилерден жардам күтүп атабыз”.

Сыймык Өмүрбек уулунун кармалганын 12-январда Жогорку Кеңеште депутат Акылбек Түмөнбаев айтып чыккан. Анын сунушу менен төрага Талант Мамытов Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматына протоколдук тапшырма берген.

УКМКнын алдындагы Чек ара кызматы Өмүрбек уулун кайтарып келүү үчүн болгон аракетин жумшап жатканын билдирди.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG