Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Алматыда мерт болгон экинчи кыргыз жаранынын тек-жайы аныкталды


Казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айткан.
Казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айткан.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов маркум Бахтияр Базарбаев аттуу жаран экенин "Азаттыкка" билдирди. Анын сөөгү тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрүлгөндөн кийин жакындарына берилерин маалымдады.

Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Алматыда тополоң учурунда каза болгон кыргызстандык жаран Азиз Мусаевдин апасына Казакстанга барууга уруксат берилгенин кабарлаган. Мусаев Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.

Буга чейин Назарали Арипов Алматыда кармалган төрт кыргызстандык жаран 11-январда бошотуларын маалымдаган. Алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын билдирген. Ага ылайык, казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Жиншанлону камаганы белгилүү болду.

Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтып келген.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген жана расмий Бишкек казак тарапка нота жөнөткөн.

Казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG