Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Алматыда жашыруун көмүлгөн сөөктөр табылды


Алматыдагы башаламандык. 5-январь, 2022-жыл.
Алматыдагы башаламандык. 5-январь, 2022-жыл.

20-январда Европарламент Казакстандагы январь окуялары боюнча резолюция кабыл алды. Анда депутаттар Европа кеңешин Казакстандагы кандуу тополоңдорго жооптуу мамлекеттик аткаминерлерге санкция салууга үндөштү. Ал арада Алматыда башаламандыкта мерт болгондордун сөөгү жашыруун көмүлгөн жер аныкталганы маалым болду. Полиция ал жерде "согушкерлердин" сөөгү көмүлдү деп айтып жатат.

Европарламенттин резолюциясы

Европарламент бейшембиде кабыл алган 27 беренеден турган документте депутаттар казак бийлигин саясий куугунтукту токтотууга, негизсиз кармалган жарандарды бошотууга үндөшкөн.

Президент Касым-Жомарт Токаевдин эскертүүсүз ок атуу тууралуу буйругу "Казакстандын адам укуктарын сыйлоо жана коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин бузуу" катары сыпатталган. Резолюциянын авторлору тополоң үчүн жоопкер болгон казак бийлигинин жогорку даражалуу аткаминерлерине санкция салууну талап кылды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясы "субъективдүү маалыматтарга" негизделгенин билдирди. 21-январда Ак ордо тараткан билдирүүдө "расмий иликтөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча, мындай документтердин кабыл алынышын туура эмес деп эсептейбиз" деп жазылган.

"Ооруканадан абакка алып кетишкен"

Ал арада казакстандыктар дайынсыз жоголгон жакындарын абактардан же өлүкканалардан таап жатышат.

Алматылык фотосүрөтчү Саят Адылбек уулу 5-январда кызына дары алуу үчүн көчөгө чыккан. Бир нече сааттан кийин ок тийип, үйүнө араң жеткен. Жакындары "Тез жардам" чакырып, медиктер Саятты ооруканага алып кетишкен. Ага операция жасалып, бир бөйрөгүн алып салууга туура келген.

8-январда Саятты ооруканадан полиция алып кеткен. Бир аздан кийин туугандарына мамлекеттик адвокат байланышып, Саят жапырт башаламандыкка катышкан деген шек менен эки айга камалганын айткан.

"Ал кезде Интернет жок болчу. Иним көчөдө эмне болуп жатканын да так билген эмес. Ал фотограф болчу. Ден соолугу анча жакшы эмес. 2018-жылы эле үчүнчү топтогу майып деген аныктама берилген. Анткени бир көзү 80% көрчү эмес. Ал саясат менен иши да жок болчу. Ошондой адамды алып барып, оор берене менен камап салганын такыр түшүнө албай турам. Экинчиден, операциядан жаңы чыккан адамды кандай алып барып камап салышат. Согуш кезинде да андай болгон эмес го", - дейт Саяттын агасы Адилбек.

"Согушкерлердин сөөгү көмүлгөн жер"

Алматыда башаламандыкта каза болгондордун сөөктөрү жашыруун көмүлгөн жер аныкталганын "Казинформ" маалымат агенттиги 20-январда жазды. Бул маалыматты калаанын полиция департаменти да ырастады. Расмий маалыматта ал жерде "согушкерлердин" сөөгү көмүлгөнү гана айтылган. Ал жер кайда экени жана канча сөөк табылганы азырынча белгисиз.

Буга чейин Алматынын полиция башчысы Канат Таймерденов башаламандыктарда шаардагы моргдорго жети жолу кол салуу болуп, террорчулар 41 адамдын сөөгүн чыгарып кетишкенин билдирген. Ушундай эле мүнөздөгү билдирүү президент Токаевдин да оозунан чыккан.

Коңшу өлкөдө эксперттер бийликтин бул билдирүүсүнөн күмөн санайт. Казакстанда тополоңдо канча адам өлгөнү ушул күнгө чейин так белгисиз. Бийлик кеминде 227 киши каза болуп, 10 миңден көп адам кармалганын жарыялады.

Каза болгондордун арасында эки кыргызстандык да бар.

Токаев байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым тууралуу сөз кылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев байлар менен жакырлардын ортосундагы "кабыл алынгыс" ажырым өкмөткө каршы нааразылык акцияларына, кан төгүүлөргө алып келгенин билдирди.

21-январда ишкерлер менен жолугушуп жатып Токаев нааразылык акцияларынын чыгышына түрткү болгон айрым маселелерди чечүү үчүн "чыныгы реформалар" жана "социалдык структуралардын терең трансформациясы" зарыл экенин белгиледи.

"Баарына белгилүү жемкорлук күчөп турган маалда бул ажырым май челектин жанында жагылган оттой болду. Кырдаалды террорчулар, куралдуу адамдар жана алардын артында турган уюштуруучулар колдонуп кетишти", - деди мамлекет башчы.

Буга чейин Токаев алгачкы ирет мурдагы президент Нурсултан Назарбаевди ачык сындап, анын маалында ашкере бай адамдар пайда болгонун билдирген.

Туңгуч президенттин бийликтеги жакындары, санаалаштары биринин артынан бири кызматтан кетип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG