Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Алматыда сабалган жаран Кыргызстанга жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт. Алматы. Январь, 2022-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Алматы. Январь, 2022-жыл.

Казакстанда башаламандык учурунда кармалып, катуу сабалган кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыков мекенине алып келинди.

Казакстандагы соңку башаламандык учурунда Алматыдан Бишкекке жолго чыккан бойдон кабарсыз болуп жаткан Сыдыковдун дайын-дареги 11 күн дегенде гана белгилүү болду. Аны казак күч кызматкерлери Алматыдагы башаламандыкка шектүү катары кармаганы 19-январда расмий айтылды.

46 жаштагы Сыдыков кыргыз дипломаттары менен жолуккан учурда кандай жагдайда кармалганын айтып берген:

"Бизди жолдо келе жатканда токтотуп, автоунаадан түшүрүштү. Андан кийин кайсы жакка алып барышканын түшүнбөй калдык, мен билбейм. Бир имаратта тепкич менен жогору көтөрүлдүк. Ошол жерден коридорго тизип алып, баарыбызды сабап башташты. Баарыбызды сабашты, биз кыйкырып жаттык. Эртең менен саат 10дон баштап, түшкө чейин сабашты. Түш ченде менин буттарым сынды. Кол-бут, таяктар менен ургулашты".

Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу Чолпонбек Сыдыковго жолуккан соң аны мекенине жөнөтүүгө аракет көрө баштаган. Эки буту сынып, оор абалда жаткан жаран "Тез жардам" менен 20-январда түштөн кийин Бишкекке жеткирилди

Чолпонбек Сыдыков.
Чолпонбек Сыдыков.

Ал дароо борбор калаадагы Травматология жана ортопедия борборуна жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлиги Сыдыковдун ден соолугун дарыгерлер тобу текшергенден кийин кошумча маалымат берилерин кабарлады.

Чолпонбек Сыдыков соңку жылдары Алматыда эмерек жасап иштеп жүргөн. Паспортундагы уруксат мөөнөтү аягына чыгып калганына байланыштуу 8-январда Кыргызстанга келе жатканда дайынсыз жоголгон. Анын дарексиз кеткенин Алматыдагы тааныштары айтып чыгышкан.

Сыдыков табылып, оор жаракат алганы белгилүү болгон соң анын укугу кантип корголот деген суроо турат.

Акыйкатчы институту коңшу өлкөдө негизсиз кармалып, ур-токмокко кабылган жарандын укугун коргоо боюнча иштер башталганын билдирүүдө. Институттун аппарат башчысы Азамат Азарбековдун айтымында, Стамбул протоколунун алкагында Чолпонбек Сыдыковдун кыйноого тушукканын далилдөөгө аракет көрүлөт.

"Анын дене мүчөлөрү сынган деп жатышпайбы. Анын баарын Стамбул протоколуна ылайык, экспертизадан өткөрүп, каттоо зарыл. Экспертизадан "кыйноо болгон" деп жыйынтык чыкса, биз сөзсүз түрдө Башкы прокуратурага кайрылабыз. Бул орган кыйноо боюнча иш козгошу керек. Анткени эл аралык мыйзамдардын алкагында иш алып барылышы керек. Биздин жарандын укугун коргоо боюнча керек болсо БУУ баштаган эл аралык уюмдарга чейин кайрылабыз".

Тышкы иштер министрлиги бул окуяны Казакстанда буга чейин кармалган кыргыз жарандарынын ишине кошуп, коңшу өлкөдөн түшүндүрмө талап кыларын билдирүүдө. Министрликтин маалымат департаментинин башчысы Нурлан Сүйөркуловдун айтымында, бул 5-январда жөнөтүлгөн нотанын алкагында каралат.

"Биз Казакстанга 5-январда эле нота жөнөткөнбүз. Ал нотада жалпысынан баарын камтып, белгилегенбиз. Тактап айтканда, Викрам, дал ушул Чолпонбек Сыдыков жана башка кармалган жарандарыбыздын укугу бузулбасын деп маалыматтарды сураганбыз", - деди Сүйөркулов.

Казакстандагы соңку окуялардан улам жалпысынан он кыргызстандык жаран кармалган, алардын баары бошотулду. Эки кыргыз жараны каза болду. Алардын арасында казак телеканалы оор кылмышка шектүү деп көрсөтүп жиберген белгилүү музыкант Викрам Рузахунов да бар.

Мындан сырткары кыргыз-казак чек арасында мал издеп жүрүп 10-январда казак чек арачыларына кармалганы айтылып жаткан студент Сыймык Өмүрбек уулу боюнча Казакстан жооп бере элек.

22 жаштагы Өмүрбек уулунун апасы баласын кайтарууга жардам сурап 14-январда президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Сыймыктын агасы Азамат буларды маалымдады:

"Биздин органдар иштеп атат. Жакында кабар болот деп жатышат. Үмүт кылып, күтүп отурабыз".

Укук коргоочу Динара Ошурахунова азыркы тапта Казакстанда кармалган, укугу бузулган ар бир фактыларды каттап, аныктап туруу зарыл экенине токтолду.

"Ушу тапта Казакстанда кармалган жарандарды болушунча өткөрүп алганга аракет кылышыбыз керек. Биринчи милдет ушул. Аларды медициналык, психологиялык, юридикалык реабилитациядан өткөрүүбүз зарыл. Эгер кыйноого туш болсо аларды аныктап, катташ керек. Укугу бузулган ар бир жаранга өз алдынча адвокат алып, арыз жазып, аракетти баштаса болот".

Казакстанда жыл жаңыргандан тарта бийликке каршы нааразылыктар башталган. Бул акциялар 5-январдан тарта башаламандыкка айланып, Алматы, Чымкент сыяктуу аймактарда ондогон кишинин өлүмү менен аяктады. Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңден ашты. Мындан сырткары 225тей адамдын каза болгону кабарланды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG