Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

Казакстан: 225 адамдын 160ы Алматыда өлгөнү аныкталды


Казакстандагы нааразылык акцияларын басуу учуру. Январдын башындагы окуяларда тартылган сүрөт.
Казакстандагы нааразылык акцияларын басуу учуру. Январдын башындагы окуяларда тартылган сүрөт.

Ошентип Казакстандын бийлиги январдын башындагы окуяларда өлкө боюнча жалпы 225 адам каза тапканын ачыкка чыгарды. Мурдараак өлгөндөрдүн саны 164 экени кабарланып, кийин аны бийлик төгүндөгөн болчу.

Эл аралык уюмдар казак өкмөтүн маалыматтарды жашырууга айыптап, тополоңдо кармалгандар менен каза болгондордун санын так айтууга чакырган эле. Ал ортодо жарандар окуяны өз алдынча иликтөө үчүн эки комиссия түзүштү.

Он күндөн кийин айтылган сандар

Кандуу окуянын курмандыктары жөнүндөгү маалыматтар баш-аягы жок жарыяланып келгенине карабай Казакстандын бийлиги тополоңго байланыштуу сандарды он күндөн кийин гана жарыялап олтурат.

Жалпы санды алгач өлкөнүн Башкы прокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев айтты. 15-январдын кечиндеги атайын брифингде ал Казакстандагы соңку нааразылык акцияларында жана тополоңдо каза тапкан 225 кишинин сөөгү өлүкканага жеткирилгенин маалымдады.

"Алардын бир бөлүгү теракттарга катышкан, имараттар менен укук коргоо кызматкерлерине чабуул жасаган куралдуу бандиттер. Каза болгондордун ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери бар", - деди Шалабаев.

Серик Шалабаев 225 адамдын канчасы жөн-жай тургундар, канчасы "бандит" деп мүнөздөлгөн адамдар экенин жана алар кандай шартта каза тапканын так айткан жок. Прокуратура өкүлү өлкөдөгү соңку окуяларда жалпысынан 4578 киши жабыркап, алардын 4353ү жаракат алганын тактаган. Алардын ичинде 3393 киши укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Нааразылыкка чыккандарды таратуу учуру. 5-январь, 2022-жыл.
Нааразылыкка чыккандарды таратуу учуру. 5-январь, 2022-жыл.

Курмандыктар Казакстан боюнча айтылганы менен анын басымдуу бөлүгү нааразылыктар жана кагылышуулар эң көп орун алган Алматыда болгону түшүнүктүү болуп турат. Иш жүзүндө каза болгондордун 70%, же 160ы ушул шаарга туура келүүдө. Бул Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденовдун 16-январдагы брифингинен улам белгилүү болду.

“Жарандар арасында 149 адам каза болду. Укук коргоо органдарынын ичинде 11 киши мерт болду”,-деди Таймерденов Алматыдагы жагдай жөнүндө баянында. Полиция башкармалыгынын жетекчиси каза болгондордун канчасы күч кызматкерлеринин огунан өлгөнүн тактаган жок.

Канат Таймерденов өзгөчө абал режими учурунда “атайын даярдыктан өткөн” адамдар өлүкканалардан сөөктөрдү уурдоого аракет кылган 7 учур катталганын маалымдады. Казакстандын бийлиги мурдараак “тополоңдордун жана кыйратуулардын артында "эл аралык террорчулардын бандасы" турганын билдирген эле.

"Чабуулдарды атайын даярдыктан өткөн, куралды мыкты колдонгон жана согуш ыкмаларын билген адамдар жасаган. Ошол эле маалда алар өлгөндөрдү жана жаракат алган адамдарды калтырышкан эмес, баарын өздөрү менен чогуу алып кетишкен. Бул күндөрү өлүкканага жети жолу чабуул болду, натыйжада 41 сөөктү белгисиз адамдар уурдап кетишкен", - деди жекшембиде Канат Таймерденов.

Күч кызматтары маалыматтар такталып жатканын, дагы өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертишти.

Казак бийлиги ушул күнгө чейин өлкөнүн тарыхындагы эң ири башамаландыкта жана митингдерде канча кишинин өмүрү кыйылганын так айта элек болчу. 9-январда Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги жалпысынан 164 адам өлгөнүн “Телеграмга” жазган. Бирок кийинчерээк бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги четке каккан.

Алматыдагы нааразылыктар. 5-январь, 2022-жыл.
Алматыдагы нааразылыктар. 5-январь, 2022-жыл.

Ушундан улам казак коомчулугунда жана эл аралык коомчулукта түрдүү жоромолдор келтирилип, сын-пикирлер айтылып жаткан. Анын ичинде Amnesty International эл аралык уюму 13-январда Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга чакырган. Уюм ошондой эле кармалгандардын арасындагы журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөгөн.

Мекеме каршылык акциялары аяктаганына бир нече күн болсо да жарандар арасындагы курмандыктардын саны так айтылбай жатканын сынга алган.

“Тополоңдун курмандыктарынын жана ошондон улам жаралган кырдаалда каза болгондордун саны тууралуу бийликтин үн катпай жатышы таптакыр кыжырды келтирген көрүнүш. Жарандар арасындагы курмандыктар тууралуу маалымат тез арада ачыкталышы шарт”,-деген Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча директору Мари Стразерс 13-январда тараткан билдирүүсүндө.

Иликтөө жана баа берүү

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International укук коргоо уюмунун кайрылуусунда соңку нааразылыктарда катталган бардык укук бузууларды, ошондой эле “күч кызматтары тараптан курал колдонуу” менен жасалган фактылардын баарын калыс жана бейтарап иликтөө зарылдыгы айтылган.

Сөз жок, Казакстандын бийлиги укук коргоо органдары бул окуяны кылдат иликтеп жатканын билдирүүдө. Бирок жарандар арасында ал калыс өтөрүнөн күмөн санагандар арбын. Ошол себептүү жарандар өз алдынча комиссия түзүшүүдө.

Анын ичинде Чымкенттин жарандык активисттери айдын башындагы кайгылуу окуяны иликтөө үчүн өз алдынча комиссия түзгөнүн 16-январда жарыялашты. Анын курамына 20дай киши кирди.

Чымкенттик активисттер түзгөн комиссиянын отуруму. 16-январь, 2022-жыл.
Чымкенттик активисттер түзгөн комиссиянын отуруму. 16-январь, 2022-жыл.

Активисттер тополоңдо 225 адам өлгөнү айтылганы менен, мерт болгондордун аты-жөнү, шаарга карата бөлүнүшү жана башка маалыматтар ачыкталбай жатканын белгилешип, көз карандысыз изилдөө жүргүзүү зарылдыгын билдиришти.

“Кечээги окуяларга байланыштуу жайкын тургундардын куугунтукка алынышына жол бербеш керек. Өлкөдө саясий реформалар жасалышы зарыл. Элдин тынчтык митингдерин өткөрүүгө тоскоолдук жасалбаш керек деген нерсени мыйзамда ачык жазып коюу керек”,-деди комиссияга мүчө болуп кирген чымкенттик активист Аманулла Раманкул.

14-январда Алматы шаарындагы укук коргоочулар окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүшкөнүн жарыялаган. Анын милдети окуя учурунда каза болгондордун санын жана аты-жөндөрүн так аныктоо экени маалымдалган. Комиссия мүчөлөрү күч органдары берген маалыматтар менен иштешерин, нааразылыкка чыккандардан, кармалгандардан жана алардын жакындарынан маалымат алышарын кабарлашты.

“Биз 2022-жылдын январь айынын башындагы окуяны иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түздүк. Анын курамына журналисттер, юристтер, укук коргоочулар жана башкалар кирди. Биз ага тергөө иш-чаралары боюнча адистерди, полициянын мурдагы кызматкерлерин, экс-судьяларды да чакырабыз. Алар менен чогуу кандуу окуяны баштан-аяк талдап, анализдеп, маалыматтарды чогултабыз. Эки-үч айдын ичинде комиссиянын биринчи отчётун жарыялайбыз”,-деген пикирин комиссиянын мүчөсү, “Дат” гезиттик долбоорунун автору Ермурат Бапи КазТАГ агенттигине берген комментарийинде.

Казакстандын бийлиги башынан тартып эле нааразылыктан кийин чыккан тополоңду сырттагы күчтөр менен байланыштырып, тополоңго алып келген көрүнүштөрдү “террорчулар” жасады деген риторика менен келатат. Муну президент Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) онлайн сессияларында жана өкмөттүк жыйындарда бир нече жолу айтып өттү.

Ага чейин акцияга чыккандар өздөрүн “террорчу” деп атоого каршылык билдирип, алар “жөн гана кымбатчылыкка жана башка нерселерге каршы нааразылыкка чыкканын” айтышкан. Анүстүнө соңку окуяда “террорчулар” катышканына бийлик өзү деле айныгыс далилдерди келтире элек. Ушул күнгө чейин окуяга байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңден ашканы менен анын канчасы атайын жалданган жоочулар экенин да тактай элек.

Ошондон улам да казакстандыктар арасында соңку окуяны эл аралык уюмдардын катышуусунда иликтөө зарылдыгын айткандар чыгып жатат. Укук коргоочулардын бири Галым Агелеуов “Азаттыктын” кыргыз кызматына берген маегинде Кыргызстандагы 2010-жылкы июнь окуясын иликтегендей комиссия учурда Казакстанга зарыл болуп турганын айткан:

Галым Агелеуов
Галым Агелеуов

“Ачык-айкын каралбай турганы азыр эле байкалууда. Президент Касым-Жомарт Токаев сөз кылган өкмөттүк комиссиянын кандай иштеп, эмне кылып жатканынан кабарыбыз жок. Комиссияга коомдун өкүлдөрүн, бейөкмөт уюмдарды, укук коргоочуларды, журналисттерди тартыш керек болчу. Кыргызстанда Ош окуяларын иликтеген комиссия түзүлгөндө ушундай болбоду беле. Казакстанда болсо (мындан 10 жыл мурдагы) Жаңы-Өзөн окуялары же азыркы Алматыдагы кан төгүү болобу, мамлекет өзү үчүн күч түзүмдөрүн камтыган комиссияны түзүп алып жатат. Албетте, мындайда кандайдыр бир калыстык тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Эмне дегенде күч түзүмдөрү отчетторунда өздөрүн жакшы жактан көргөзүп, кыйноолорду, тынч митингчилерге ок чыгарууну көз жаздымда калтырышат же болбосо аларды "бандиттер" деп атап коюшат. Же болбосо маркумдар полиция, аскерлердин формасын кийип алган "бандиттердин колунан каза тапкан" деп айтышат. Биз мындай ойго жем таштаган сөздөрдү бекер жеринен угуп келаткан жокпуз. Мен жогоруда айткандай, комиссияга коомчулуктун өкүлдөрү кирсе, алар маалымат менен бөлүшүп турмак. Себеби калың эл ал күндөрү чындыгында эмне болгонун билгиси келет”,-деген ал.

Коңшу өлкөдөгү соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандыктар менен коштолгон. Акцияларда президенттик кызматты тапшырган менен башка рычагдарды сактап калган Нурсултан Назарбаевдин кызматтан кетишин талап кылган “Чал кет” деген ураандар да айтылып жатты.

Соңку убактарда мурдагы президенттин өзү жана анын жакындарынын кайда экени тууралуу маалыматтар жана божомолдор басылмаларда тынбай жарыяланып жатат. Назарбаевдин улуу кызы, депутат Дарига Назарбаева парламенттин жыйындарына катышкан жок. Мекеменин басма сөз кызматы ал ооруп жатканын билдирген. Экс-президенттин кичүү кызы Алия Назарбаева 13-январда кыскача пост жазгандан кийин социалдык тармактардагы баракчалары ачылбай калган.

Мурдараак соңку тополоңго байланыштуу кармалгандардын арасында Нурсултан Назарбаевдин агасынын уулу Самат Абиш бар экени айтылган. Кийин өлкөнүн атайын кызматы билдирүү таратып, Самат Абиш Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын биринчи орун басары кызматында иштеп жатканын, учурда эмгек өргүүсүндө экенин кабарлады. Бирок, 17-январда президенттин расмий сайтында Самат Абиш кызматтан алынганы тууралуу кабар чыкты. Анын алдында УККнын төрагасы кызматынан алынган Карим Масимов кармалып, эки берене боюнча айып тагылган эле.

Ал арада Назарбаевдин күйөө балдары кызматтан кетти. Анын кичүү кызы Алиянын күйөөсү Димаш Досанов "КазТрансОйл" мунай компаниясынын башкы директору кызматынан, тун кызы Дариганын күйөөсү делген Кайрат Шарипбаев QazaqGaz улуттук компаниясынын жетекчиси кызматынан алынды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG