Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Нурсултан Назарбаевдин иниси Самат Абиш кызматтан алынды


Самат Абиш.
Самат Абиш.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайтында кабарланды.

Буга чейин Казакстандын атайын кызматы Самат Абиш эмгек өргүүсүндө экенин кабарлаган.

7-январда жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга таянуу менен Самат Абиш Алматыда кармалганын жазышкан. Анын артынан эле атайын кызмат бул маалыматты төгүндөп чыккан.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган, кийин “бийликти басып алуу” беренеси кошулганы 13-январда белгилүү болду.

Казакстанда соңку нааразылык акцияларында жана тополоңдо каза тапкан 225 кишинин сөөгү өлүкканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынан 15-январда маалымдашкан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG