Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

"Тазалык" Кыргызстанда кураштырылган автоунаа сатып алат   


"Тазалык" ишканасынын кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.
"Тазалык" ишканасынын кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо жана ишин жеңилдетүү үчүн электр кубаттагыч менен жүрө турган автоунаа сатып алмак болду. Эксперимент катары KAMI электр жүк ташуучу унаанын бирөө бекер берилет. Мэриянын маалыматы боюнча бул электр унаасы Бишкекте кураштырылат. Сыноодон өткөрүп, эгер натыйжалуу болсо, мындай унааларды массалык түрдө сатып алууну караштырып жатат.

2021-жылдын декабрь айынан бери эле Бишкекте “Тазалыктын” үч жумушчусу көчө тазалап жаткан учурда машина коюп кетип каза болгон. Бул окуялар коомчулукта кызуу талкуу жаратып, ишканага атайын техника сатып алуу жана элден акча чогултуу демилгеси көтөрүлгөн. Шаар жетекчилиги мунун үстүнөн иштеп жатканын билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG