Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Биримдик-Кут конушунун тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты


"Биримдик-Кут" конушунун тургундары.
"Биримдик-Кут" конушунун тургундары.

Бишкек шаарынын жанындагы Биримдик-Кут конушунун ондогон тургундары социалдык объектилерди курууну талап кылып өкмөт үйүнүн астына митингге чыгышты.

Алар конуштагы мектеп, бала-бакча, оорукана, парк сыяктуу жайлар курула турган жерлер сатылып кеткенин айтышып, "Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков социалдык объектилердин жерин кайтарып бериши керек" деген талап коюшту.

Акцияга чыккандар мектептин жери сатылып кетти деген жүйөнү айтып жатышат.

Нааразы тарап менен президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Аламүдүн районунун акими жолугушту. Аким бул маселе боюнча Башкы прокуратурга кайрылганын, иш сотко өтүү алдында турганын билдирди.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Биримдик-Кут конушуна быйыл мектеп салына турганын айтты.

Бишкек шаардык соту 13-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду актады жана мүлктөрүн камактан чыгарды. Экс-депутат 2017-жылы Бишкектин жака белиндеги ондогон гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен 10 жылга кесилген.

Башы прокуратура Самаковго кылмыш ишин 2015-жылы козгогон. Анда башкы көзөмөлдөөчү орган Самаков Бишкектин жака белиндеги 262 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди турак жай категориясына өткөрүп, андан кийин майдалап сатып жибергенин билдирген.

Сот бул иш боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди 10 жылга түрмөгө кесүүгө өкүм кылган.

Самаковдун тарапташтары анын күнөөсүз экенин билдиришкен. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG