Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Коронавирустан дагы үч адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-январдагы маалыматына караганда, эмдөөдөн өтпөгөн үч адам коронавирустан каза тапты. Учурда 5 миң 74 адам коронавирус менен ооруп жатат. Анын 4 167си үйүндө, 907си ооруканаларда дарыланууда.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 781 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (658 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 190 467 адамга жетти.

12-январда Кыргызстанда оору көбөйгөнү, коронавирустун "омикрон" штаммы катталганы, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы жана Бишкек "кызыл зонага" киргени расмий айтылды.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG