Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Парламенттеги бийликчил күчтөр жана оппозиция


Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Талант Мамытов жана Бакыт Төрөбаев (солдон оңго карай).
Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Талант Мамытов жана Бакыт Төрөбаев (солдон оңго карай).

Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктап, ишин баштаган жаңы депутаттарга байкоочулар ар кандай баасын берип, аралаш система менен тандалып келген эл өкүлдөрүнүн курамы жана сапаты коомчулуктун элегине түштү.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы, вице-спикерлери жана дээрлик көпчүлүк комитет жетекчилери бийликчил делген фракциянын депутаттарына тийди.

Парламент башына кимдер келди?

2020-жылы октябрда бийлик алмашкан соң Садыр Жапаровдун жакын санаалаштарынын бири катары VI чакырылыштагы парламент төрагалыгына шайланган Талант Мамытов кийинки Жогорку Кеңешке дагы спикер болоору саясий айдыңда алдын ала эле айтылып жаткан.

VII чакырылыштын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ошол эле күнү көпчүлүк добуш менен Мамытовду төрагалыкка шайлады.

6-чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болсо, азыркы Жогорку Кеңештин түзүмү үч төрага орун басар жана сегиз комитеттен турат. Парламенттин түзүмүн иштеп чыккан жумушчу топ вицелердин санын көбөйтүү сунушун "мурунку чакырылышта Жогорку Кеңеш жетекчилеринин иши көп болуп, жетишпей калган учурлар болгон" деп түшүндүрдү.

Вице-спикер кызматына "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, "Ишеним" фракциясынан Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов шайланды.

Улан Примов, Нурбек Сыдыгалиев, Талант Мамытов жана Жамиля Исаева.
Улан Примов, Нурбек Сыдыгалиев, Талант Мамытов жана Жамиля Исаева.

Буга чейин саясатка аралашпаган Жамиля Исаева мурдагы депутат Канатбек Исаевдин жубайы экени белгилүү. Ал 2019-2021-жылдары өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борборунда директордун орун басары болуп иштеген.

Нурбек Сыдыгалиев - 2017-жылы парламентте “Ата Мекен” фракциясында иштеп, 2019-жылы Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна депутат болуп, кийин вице-спикер болуп шайланган. 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

Улан Примов – VI чакырылышта КСДПнын тизмеси менен депутат болгон. Примов Ош аймагында ишкер катары таанымал. Примовдун үй-бүлөсүнө таандык көмүр казган компаниялар бар.

Атаандаштыгы жок шайлоолор

Вице-спикерликке талапкер катары бир мандаттуу депутаттардын "Элдик" тобу сунуштаган Нурлан Азыгалиевден башка атаандаш чыккан жок. Саясий талдоочу Шаирбек Маматокторов парламенттеги спикерден баштап, орун басарлары жана комитет жетекчилери жең ичинен мурда чечилген деп эсептейт. Ошондуктан парламенттеги орундарда атаандаштык анча болбоду.

“Бийликчил эмес депутаттардын баарын кошкондо жыйырмага жетпейт. Ошолорду шарттуу түрдө оппозициялык блок деп карап, аларга бир вицени бериш керек болчу. Бийликчил фракциялар төрага, анын орун басарлары, комитет жетекчилерин басып алышты. Мында парламенттеги күчтөрдүн тең салмактуулугу камсыздалбай калды. Мадумаров “баарысы мурда эле чечилген” деп айтып салбадыбы. Анын сөзүндө чындык бар. Себеби, атаандаш чыкпаганы ага далил болуп жатпайбы. Маселен, үч вице-спикерликке төрт гана талапкер болду. Татыктуулар бар болчу, жок дегенде тогузу чыкса болмок. Бул жакшы көрүнүш эмес. Ал эми бир мандаттуу округдардан 99% бийликчил депутаттар келет деп айткам”, - деди Маматокторов.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетине "Алянс" фракциясынан Жанарбек Акаев менен бир мандаттуу Сузак округанан келген Тазабек Икрамов гана атаандаш талапкерлер болуп чыкты. Калган жети комитетке "Ата-Журт" фракциясы - 3, "Ишеним"- 2, "Ыйман нуру" - 1, "Элдик" топ Икрамовду кошкондо 2 талапкер сунуштады. Сунушталгандардын баары жана атаандаштардан Жанарбек Акаев көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы үч комитетти жетектемей болду.

Бакыт Сыдыков - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин, Данияр Төлөнов - Финансы жана фискалдык саясат комитетинин, Азиз Турсунбаев - Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагалары болуп шайланды.

"Ишеним" фракциясы эки комитетти жетектейт.

Медербек Аалиев - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин, Сүйүн Өмүрзаков - Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы болду.

"Ыйман Нуру" фракциясынан Динара Ашимова Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитетинин төрайымы болду.

Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитетинин башчылыгына "Элдик" топтон Аманкан Кенжебаев келди.

Ошентип, парламенттеги негизги комитеттер бийликчил фракцияларга тийди.

Парламент ишмердүүлүгүнө көз салган жарандык активист Нурсултан Акылбек Жогорку Кеңеш комитетинин ролу жана азыркы түзүмү боюнча буларга токтолду.

“Бизде комитеттин маанисин жакшы түшүнүшпөйт. Комитет бул палатадан дагы күчтүүрөөк. Отчет, мыйзам комитеттин кароосунан гана өтөт. Мыйзам чыгаруудагы маанилүү түзүм. Бийликчил партиялар бөлүп алганы туура. Анткени аларда жетиштүү добуштары бар. Оппозициядан Жанар Акаев эл аралык комитетти башкарып калды. Бирок, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына дагы комитет бериши керек болчу. Азыр маанилүү комитеттерде тажрыйбасы туура келбеген, мурда эл арасында коррупцияга шектелгендер бар. Маселен, мурдагы “Манас” аба майданын башкарганда нааразылык акциялар болгон кишилер бар экен. Ошондойлорду карап коюшу керек болчу", - деди Нурсултан Акылбек.


Оппозиция жана бийликчил фракциялар

7-чакырылышта эң көп депутаты бар “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына бир мандаттуу округдан тандалып келген 18 эл өкүлү кошулуп, алардын саны 33 болуп калды. Саясий айдыңда “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени айтылып жүрөт. Шайлоо учурунда аталган партиянын лидери Айбек Маткеримов “партия Камчыбек Ташиевге эч кандай тиешеси жоктугун" айтып, "бизди бийлик же башка бир күчтөр алдына салып алып бараткан жок" деп айтканы бар.

Андан кийин “Ишеним” - 12, “Ынтымак” фракциясынын 9 депутаты бар. Бул фракциянын ичинде бийликти колдогон саясатчылар, жогорку кызматта тургандардын жакындары бар.

Ал эми айрым байкоочулардын баамында азырынча орток позицияны кармап турган “Альянс" фракциясында 7, “Ыйман Нуру” фракциясынын 5 депутаты бар.

Мындан сырткары Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдардан шайланып келген 13 депутат "Элдик" топ түзүштү. Анын башында №35 Түп шайлоо округунан келген депутат Акылбек Түмөнбаев турат. Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экени белгилүү.

6 мандат тийген “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы парламентте оппозиция болоорун жарыялаган.

Мандат алгандан бери бир нече жыйын өткөргөн парламентте “Бүтүн Кыргызстандын” башчысы Адахан Мадумаров кесиптештеринин тил маселесинен баштап, кечигип келгени, кабыл алган чечимдерине чейин кескин сындап жатат.

Маселен, Мадумаров 12-январда жарым күн убакытты алган комитет төрагаларын шайлоодо, жыйынга катышпаган эки депутаттын ишеним кат аркылуу добуш бергени мыйзамсыз экенин айтып чыгып, парламент аларды кайра шайлоого аргасыз болду. Ошондой эле Мадумаров дайыма депутаттарды бийликтен көз каранды болбоого чакырып келет. Ал вице-спикерлер шайланып жаткан учурда мындай деди:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Кечээ бир өкмөттүн мүчөсү келип, кесиптештерди кагып-силкип, коркутуп-үркүтүп жатса дың деген бир киши чыкпады. Мамлекеттик жетекчинин этикасын бузуп атырылган болсо урматтуу төрага жана болочок орун басарлар ордуна коюп коюш силердин милдетиңер. Ошондо төртөөңөрдөн бир сөз уккан жокпуз. Жолдош төрага ушундай тажрыйбаны токтотуш керек”, - деди Мадумаров.

Дегеле, “Бүтүн Кыргызстан” эмнеге вице-спикерликке жана комитет жетекчилерине талапкер сунуштабай жатканы боюнча фракция башчысы Мадумаров “Азаттыкка” мындайча пикирин айтты.

“Мен айтпадымбы, “эмне кыласыңар мындай формалдуулукту” деп. Баары чечилип, майлашып дагы бүтүшкөн. Кыйкырып чыкканым дагы ушунда болуп жатат. Өткөндө айттым, “мен муну калем десем, кашык деп кыйкырып чыгасыңар” деп. Эми эмне дей алам? Баары элдин тандоосу, шайлоосу менен келди”, - деди Мадумаров.

“Бүтүн Кыргызстандан” сырткары бийликчил делген фракцияларга бир мандаттуу округдардан шайланып келген "Элдик" топтун депутаттары дагы сын айтууда. Маселен, депутат Тазабек Икрамов “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери, убактылуу бирдиктүү жалпы комитетти жетектеп жаткан Бакыт Төрөбаевди өзүм билемдикке айыптады.

"Жең ичинен сүйлөшүү болуп, көп нерсени өзүңүздөр бекитип алып, азыр дагы депутаттардын үнүн укпай добушка коюп салып жатасыз. Сиз беш колуңузду салып жатып какап каласыз", - деди Икрамов.

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте кайчы пикирлерге орун берилип жатканына токтолуп, Икрамовго мындай жооп берди.

"Какап калабызбы жокпу сиз айта албайсыз. Урматтуу кесиптештер, акыйкаттык боюнча "Элдик" топ жана бардык фракциянын депутаттары комиссияны курамына киргенсиздер. Бул жерде эч кандай көйгөй жок, болгону парламент ишин баштасын деп жатабыз", - деди Төрөбаев.

"Баа берүүгө эрте"

VI чакырылыш боюнча коомчулукта тескери пикирлер көп айтылды. Айрымдар парламентаризмди дискредитация кылды деп сынга алган. Жарандык активист Перизат Сайтбурхандын пикиринде, аралаш системадан куралган VII чакырылыштагы парламенттин курамы деле жакшы болгон жок. Ал айрыкча бир мандаттуу округдан шайлоо системасы өзүн актаган жок деп эсептейт.

"Бир мандаттуу аймактарда жалаң кландардын башчылары келди. Алар элдин талабын жеткирүүнүн ордуна кайсы бир фракцияга кирип кетишти. Маанилүү чечим кабыл алынган ЖККУ боюнча жыйынды көрдүк. Баары мурдагы чакырылыштай эле чечкинсиз болуп беришти. Буга чейинки парламенттен артык болбойт деп ачык айтсак болот", - деди активист.

Анткен менен “Легендарлуу парламенттин” депутаты, академик Жамин Акималиев жаңы келген парламенттин депутатарына баа берүү азырынча эртелик кылаарын, кандай болгон күндө дагы аралаш система жана ачык тизме менен эл тандаган өкүлдөр экенин белгилейт.

"Өткөндөгү чакырылышка караганда менин купулума толуп жатат. Баары эл тарабынан түз шайланып келгендиктен аракет кылып жатышат. Жаңы жүздөр, жаштар келди. Көч бара-бара түздөлөт. Азырынча бир жактуу баа берүү эртелик кылат", - деди Акималиев.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келди. Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралында кайра шайлоо өтөт. Өткөн чакырылыштан жыйырмадай депутат кайра тандалып келди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG