Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Жогорку Кеңеш: Комитет башчылары талаш-тартыш менен шайланды


Парламенттин 12-январдагы сессиясы. 2022-жыл.
Парламенттин 12-январдагы сессиясы. 2022-жыл.

Жогорку Кеңеш 12-январдагы сессиясында көптөгөн талаш-тартыш менен экинчи жолу жабык добуш берип, сегиз комитеттин төрагаларын шайлады. Ага чейин парламенттин түзүмү бекитилип, вице-спикерлер тандалган болчу. Комитет төрагаларын шайлоо бир нече саатка созулду.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына "Альянс" фракциясы Жанар Акаевди, ал эми бир мандаттуу депутаттардын "Элдик" тобу Тазабек Икрамовду көрсөтүп, көпчүлүк Акаевдин талапкерлигин колдоду.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы үч комитетке талапкер көрсөтүп, үчөө тең шайланды.

Бакыт Сыдыков Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин, Данияр Төлөнов Финансы жана фискалдык саясат комитетинин, Азиз Турсунбаев Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагалары болуп шайланды.

"Ишеним" фракциясынын эки депутаты эки комитетти жетектейт.

Медербек Аалиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин, Сүйүн Өмүрзаков Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы.

"Ыйман Нуру" фракциясынан Динара Ашимова Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитетинин төрайымы болду.

Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитетинин башчылыгына "Элдик" топтон Аманкан Кенжебаева келди. Бул комитетке "Ынтымак" фракциясы Балбак Түлөбаевди көрсөтүп, көп өтпөй аны кайра кайтарып алган.

Жогорку Кеңеш биринчи добуш берүүдө жыйынга катышпаган эки депутат ишеним кат аркылуу добуш бергендиктен, төрагаларды кайра шайлады.

Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон.

Сессияда түштөн кийин Жогорку Кеңештин түзүмү бекитилип, үч вице-спикери шайланган.

Эл өкүлдөрү спикердин орун басарлыгына "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаеваны, "Ишеним" фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиевди жана Алай округунан Улан Примовду шайлашты.

Алгач вице-спикерликке беш талапкер сунушталган. Бирок "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы көрсөткөн Бакыт Төрөбаев талапкерлигинен баш тартты. Бир мандаттуу депутаттардын "Элдик" тобу сунуштаган Нурлан Азыгалиев тийиштүү добуш ала алган жок.

Тил маселеси

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров депутаттарды жыйынга маалында келүүгө чакырды. Себеби, жалпы жыйын белгиленген убакыттан кечигип башталды. Ошондой эле парламенттин түзүмү тууралуу кесиптешинин кыргызча-орусча аралаштырып баяндама жасаганын сынга алды.

"Жыйын саат 10до башталат дегенден кийин ошол убакта баштасак. Биринчи класстагы 6-7 жаштагы балдар саат 7.30га сабакка барып жатат. Тартипти өзүбүздөн баштасак. Экинчи маселе, сүйлөгөндө же таза кыргызча, же таза орусча сүйлөсөк, аталасын чыгарбасак".

Андан сырткары депутаттар Нурланбек Шакиев, Надира Нарматова, Таалайбек Масабиров иш кагаздарды кыргызча жүргүзүү керектигин айтышты.

Кайра шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаттары комитеттердин төрагаларын кайра шайламай болду. Буга парламенттин жыйынына катышпаган эки депутаттын ишеним кат аркылуу добуш бергени себеп болду.

Биринчи добуш берүүдө Жогорку Кеңештин сегиз комитетинин жети комитетинин төрагалары шайланган.

Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына сунушталган эки талапкердин бири дагы 46 добуш албагандыгына байланыштуу көпчүлүк добуш алган талапкер Жанар Акаевди кайра шайлоо өтмөк. Аталган комитетке "Альянс" фракциясы Жанар Акаевди көрсөтүп 45 добуш алган, элдик топ көрсөткөн талапкер Тазабек Икрамовду 38 депутат колдогон.

Депутат Дастан Бекешев ишеним кат менен добуш берүүнү таптакыр жокко чыгарууну сунуштады.

“Жарандар добуш берүүгө баратканда ишеним кат менен барбайт да. Ошондуктан аны биз таптакыр жокко чыгаралы”, - деди Бекешев.

Төрага Талант Мамытов чынында талаш маселе болуп жатканын айтып, күмөн болбошу үчүн кайра шайлоону өткөрүү үчүн сунушту добушка койду. Жыйынтыгында 72 депутат макул болуп, 1 депутат каршы болду. Жалпысынан 86 депутат катталган болчу.

“Комиссия кайрадан жумушуңарды баштагыла”, - деди Мамытов.

Бирок айрым депутаттар кайра шайлоону бүгүн өткөрүүгө каршы болуп, аны эртеңкиге калтырууну сунушташты. Өмүрбек Бакиров азыр кечки саат 9:00 болгонун, шайлоо бүткүчө саат 11:00 болорун айтты.

“Азыр баары чарчады, алдыда отурган анча-мынча депутаттар кетип калды. Эртең кылалы, эмне артыбыздан бирөө кууп жатабы?”, - деди Бакиров.

Бул сунуш дагы добушка коюлуп, бирок 22 депутат макул болуп, 14 депутат каршы болгондуктан сунуш өткөн жок.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келди. Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентке мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG