Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Президент депутаттарды Иш башкармалыкты бөлүү оюнан кайтууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш менен президенттин Иш башкармалыгынын бириктирилиши боюнча депутаттардын сынына жооп берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы деген пикирлериңиздерден кайтышыңыздарды өтүнөм. Президентти, парламентти, Министрлер кабинетин бир эле Иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш ийет. Себеби бул - мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, а силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет", - деди президент.

Өлкө башчысы Иш башкармалыктардын өзүнчө болушу көп каражатты талап кыларын айткан.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 29-декабрдагы парламент отурумунда Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы президенттин Иш башкармалыгына бириктирилишин сынга алган.

Декабрдын башында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын базасында президенттин Иш башкармасын түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG