Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Он беш күнгө камалып, жайран болгон Жасулан


Алматыда каза болгон Жасулан Анафияевдин жакындары. 19-январь, 2022-жыл.
Алматыда каза болгон Жасулан Анафияевдин жакындары. 19-январь, 2022-жыл.

Европарламенттин депутаттары январдын башындагы кандуу тополоңдор үчүн казак бийлигине санкция салууга чакырышты. Казакстанда башаламандыкта каза болгондордун сөөгүн жерге берип жатышат. Дайынсыздар дагы эле көп.

Алты баланын атасы Жасулан Анафияевди 19-январда жакындары акыркы сапарга узатты. 9-январда полиция кызматкерлери анын үйүнөн алып кетип, эки күндөн кийин «уруксат берилбеген митингге катышканы үчүн» 15 суткага камалганы маалым болгон.

Бир аптадан кийин жакындарына анын сөөгүн беришкен.

"Өлүмүнүн себебин өнөкөт панкреатит деп жазып беришкен. Карасак денесинде тамтык жок. Абдан кыйнашкан окшойт. 9-январдан баштап жырткычтардай эле тытмалашыптыр. Чекесинде чоң тешик бар экен. Сөөктөрү сынган. Мен өзүм медикмин, кирип көрдүм", - дейт маркумдун карындашы Лязат Анафияева.

48 жаштагы Жасулан Анафияев беш маал намаз окуп, дин жолунда жүргөн. Жакындары анын кандайдыр бир радикалдык кыймылдарга байланышын байкаган да эмес. Жасулан 5-январда эл менен кошо борбордук аянтка барганын карындашы Лязат айтып берди.

"Көк тууну жамынып алып чыктым, мен аны жашырбайм деди. "31- каналдан" бир видеосун көрүп калдык. Ал жараат алган аскелерди машинеге салууга жардам берип жатыптыр", - дейт маркумдун карындашы.

Маркумдун балдарынын улуусу 16га чыкса, кичүүсү он айлык. Полициянын маалыматына караганда, Алматыдагы тополоңдо 149 адам, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн 11 өкүлү каза болгон.

Жалпысынын башаламандыктарда кеминде 227 киши мерт болду, арасында эки кыргызстандык да бар. Серепчилер каза болгон жай тургундардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн экенин айтышат.

Президент Касым-Жомарт Токаев тергөө маалында адам укуктарын бузууга жол берилбеши маанилүү экенин белгилеген. Күч түзүмдөрү кармагандан кийин аёосуз кыйноого кабылгандар тууралуу маалымат байма-бай чыгып жатат. Дайынсыз жоголгон жакындарын издегендер дагы эле көп.

Европарламент өкүлдөрү казак бийлигине санкция салууга чакырышты

19-январда Европарламентте Казакстандагы кандуу окуялар боюнча резолюция долбоору талкууланды. Мыйзам чыгаруучулардын көбү көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө жана казак бийлигине каршы санкцияларды киргизүүгө чакырышты.

Резолюция долбоорлорунун бири Хайди Хауталанын айтымында "тынчтык акциялары зордук-зомбулукка кантип айланып кеткени, башаламандыктарды кимдер уюштурганы тууралуу чындыкты билүү үчүн" эл аралык көз карандысыз иликтөө жүргүзүү зарыл.

"Күнөөлүүлөр жазаланышы керек. Кандай гана жол менен болбосун бийликте калууга аракет кылып жаткан клептократтарга катаал чаралар көрүлүшү зарыл. Келгиле, алар өз элине каршы жасаган кылмыштары үчүн сот алдында жооп беришине шарт түзөлү", - деди европалык депутат.

Анын кесиптеши Андирус Кубилиус Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин эскертүүсүз ок атуу тууралуу буйругу анын саясий ишмердигинде кара так болуп каларын баса белгиледи.

Ошондой эле казак бийлигин нааразылыкка чыккандар менен сүйлөшүп, убада кылган реформаларды ишке ашыруу ордуна жай тургундарды террорчуга теңеп, аларды ур-токмокко алып, өлтүрүүгө чейин барганын сындашты.

Резолюцияга каршы чыккандар да болду. Айрым мыйзам чыгаруучулар маалымат аз экенин айтып, шашылбай турууга чакырышты.

Казакстан боюнча резолюция долбоору 20-январда добушка коюлмай болду.

Казакстанды козгогон кандуу көтөрүлүш. Атайын репортаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:23 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG