Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Назарбаевдер Бишкек аркылуу чыгып кеткенби?


Казакстандагы кандуу башаламандыктан бери коңшу өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кайда экени беймаалым.

Ал ортодо орусиялык айрым маалымат каражаттары Назарбаев Кыргызстан аркылуу Бириккен Араб Эмирлигине чыгып кеткенин жазышууда. Кыргызстандагы расмий органдар мындай маалыматты ырастабай да, төгүндөбөй да жатат. Бирок «Азаттыктын» жеке булактары Алматыда кырдаал курчуп турганда Назарбаевдин иниси Болот үй-бүлөсү менен Кыргызстандын аймагы аркылуу четке чыгып кеткенин бышыктады.

Казакстанда үрөй учурган окуялардан бери 10 күнгө жакын убакыт өтсө да Элбашы Нурсултан Назарбаев үн ката элек. Бир гана анын кенже кызы Алия Назарбаева Инстаграмдагы баракчасына кыска билдирүү жазып, бир аздан кийин өчүрүп койгон. Инстаграмдагы бул пост Бириккен Араб Эмирлигинен жазылганын бир катар маалымат каражаттары аныкташкан.

Орусиялык маалымат каражаттары Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан аркылуу Бириккен Араб Эмирлигине чыгып кеткенин жазып чыгышты. «Московский Комсомолец» басылмасы Назарбаев Алматыдагы окуялардын алдында туулган айылы Шамалганга келип, андан соң Бишкек аркылуу четке чыгып кеткенин баяндады.

Маалымат жарыяланган соң «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчылары Алматыдан анча алыс эмес жердеги Шамалганга барышты.

Журналист Нуртай Лаханулуна шамалгандыктар жаңы жылдан кийин Назарбаевдин айылына келип кеткени жөнүндө эч нерсе укпаганын айтышкан.

"Чыккан маалымат боюнча жергиликтүү тургундардан, айдоочулардан сурадым. Баары "билбейбиз" деп жатышты. Айткылары келбей жатышы да мүмкүн. Адатта мындай кабарларды такси айдагандар билишчү эле. Бирок "эч нерсе билбейбиз" деген жоопту гана айтып туруп алышты".

Кыргызстандын расмий органдары Назарбаевдин Бишкек аркылуу Араб Эмирлигине чыгып кеткенин ырастабай жатат.

Бирок анын иниси Болот Назарбаевдин Кыргызстан аркылуу четке кеткени тууралуу кызыктуу маалыматтар ачыкка чыгууда. Тактап айтканда, атын атагысы келбеген бир нече чек ара кызматкери Болот Назарбаев жана аны коштогон беш-алты адам 6-январда эртең менен "Ак-Жол" өткөрмө бекетинен өткөнүн айтып беришти.

Аларды Кыргызстандан бийликке жакын адамдар тосуп алган. "Азаттыкка" маалыматты бышыктаган чек арачылар жумуштан "кол жууйбуз" деген кооптонуудан улам өз ысымдарын ачык айтып, үнүн жаздырууну туура көрүшкөн жок.

«Азаттыкка» 6-январда Кыргызстанга өттү деген Болот Назарбаев, Нурсаин Назарбаев, Бауржан Нургазыулы аттуу казак жарандарынын паспортторунун көчүрмөлөрү келип түштү.

Ачык булактарда Нурсаин Назарбаев жөнүндө маалыматтар жок эсе. Ал эми Бауржан Нургазыулы Алматыдагы "Барыс" деген базардын жетекчиси катары көрсөтүлгөн.

Нурсаин Назарбаев
Нурсаин Назарбаев

Ушул эле күнү "Ак жол" чек ара бекетине жакын турган такси айдоочулар мурдагы казак президентинин жакындары түшкөн, терезелери караңгылатылган автоунаалар Кыргызстанга киргенин көрүшкөн.

Кордайдан "Ак-Жол" аркылуу Кыргызстанга келген казакстандык активист Думан Мухамедкарим дал ушул бекеттен Назарбаевдин жакындарынын Кыргызстанга өткөнүн укканын айтты:

"Мага ошол жактагы жергиликтүү тургандар өз көзү менен көргөнүн айтып беришти. Ошол жакта СИМ-карта саткан балдар бар эмеспи, ошолор Назарбаевдин жакындары, балдарын жетелеп өттү деп кабарлашты. Камерага айткыла десем, коркобуз деп баш тартышты".

Ошондой эле "Манас" аэропортунда иштеген бир нече кызматкер Назарбаевдердин жакындары Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кеткени жөнүндө маалымат алышканын "Азаттыкка" айтып беришти. Тилекке каршы, алар да ысымын ачык жарыялоодон чочулап турат.

Кыргыз бийлиги Болот Назарбаевдин Бишкек аркылуу өлкөдөн чыгып кеткенин ачык четке кага элек. Бирок расмий түрдө ырастабай да турат.

Маселен, Чек ара кызматы ал күндөрү кимдер өткөнү тууралуу расмий маалыматтар берилбей турганын, ал мыйзам менен корголорун билдирди. Аталган кызматтын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева мындай маалымат купуя экенин түшүндүрдү:

"Жарандардын чек арадан өткөнү боюнча маалыматты бере албайбыз. Анткени тиешелүү укуктук-нормативдик актыларга ылайык, жашыруун болуп саналат. Бул маалыматтарды жаран өзү кайрылган учурда гана беребиз. Андан сырткары соттук, укук коргоо сыяктуу компетенттүү органдардын расмий кайрылуусу боюнча берсек болот".

Ал эми "Манас" аэропорту 6-январда Дубайдан менчик учак келип конгонун ырастады. Бирок учакка кимдер түшүп кеткени тууралуу маалымат жоктугун аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "Азаттыкка" билдирди:

"Bombardier үлгүсүндөгү учак 2022-жылдын 6-январында «Манас» эл аралык аэропортуна конгон. Учак Дубайдан келген. Кимге таандык экени белгисиз. Ал коммерциялык каттамды аткарган жана жүргүнчүлөр кимдер экенин билбейбиз. Анткени, биздин компетенциябызга кирбейт. Мындан сырткары ушул күнү дагы бир Bombardier үлгүсүндөгү учак Түндүк Македониядан учуп келген. Ал техстоп же техникалык тыныгуу кылган. Ал учурда учактан кимдир бирөө түшкөн эмес".

Ошентип Кыргызстандын расмий органдары Назарбаевдердин жакындары Кыргызстан аркылуу четке чыкканын ырастабай да, четке какпай да жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Казакстандын мурдагы президентинин жакындарынын өлкө аймагынын сырткары чыкканы тууралуу маалыматтарды прессадан окуганын, бирок расмий органдардан тактоого мүмкүн болбогонун билдирди.

"Ушундай маалыматтарды сайттардан окудум. Бирок расмий тактаган жокмун. Өтсө, өтө берсин. Чындыгында биз чектөө кое албайбыз".

Болот Назарбаевдин байлыгы менен таасири

68 жаштагы Болот Назарбаев Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси. Ал агасы бийликте турганда Казакстандагы таасирдүү жана бай адамдардын бирине айланганын буга чейин көз карандысыз маалымат каражаттары бир нече жолу жазган.

Интернетте буга чейин Элбашынын иниси тартылган бир топ видеолор тараган. Алардын биринде чөнтөгүнөн тутамдап долларды сууруп, сүннөт тойдун урматына тараткан Болот Назарбаевге түспөлдөш кишини көрүүгө болот.

Кең талаада өткөн сүннөт той көк бөрү, жорго салыш жана күлүк чабыш сыяктуу улуттук оюндар менен коштолуп, жүздөгөн элге казан толо чүйгүн тамак-аш тартылганы көрсөтүлгөн. Аземге жансакчылары жана атайын күзөтчүлөрдүн курчоосунда келип ардактуу орундукка көтөрүлгөн Болот Назарбаев менен анын жанындагы жаш келин тойго тик учак менен келген.

Эки жыл мурун журналисттер Болот Назарбаевди «күйөөм» деп атаган аялдын байлыгын ашкерелешкен.

Болот Назарбаев бийик даражалуу кызмат адамы же абройлуу ишкер деле эмес. Бирок бул киши Казакстанда байлыгы жана таасири жагынан баарынан ашып түшөт. Ал бир жолу "аты-жөнү эле жетиштүү" экенин журналисттерге айткан жайы бар. СССР кезинде совхоздо жумушчу болгон Элбашынын иниси миллиарддык активге ээ башка жакындары сыяктуу эле, эгемен Казакстандагы эң бир мартабалуу, саналуу инсандардын бирине айланган.

Нурсултан Назарбаев 1989-жылы Казакстанда бийлик башына келгенде иниси алгач Каскелеңдеги нан заводун жетектеп, анан ишкердикке өтүп, тери алып-сатуу менен алектенет.

Анда ары 10 жылда көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болуп, дүң соода, айыл чарба, тоо-кен жана финансы тармактарын камтыган өлкөдөгү эң ири компаниялардын кожоюнуна айланган. Алматыдагы азык-түлүк, кийим-кече жана автоунаа саткан эң чоң базарлар менен ири соода борборлорун дагы аны аты менен байланыштырышат.

Оппозициялык басылмалар аны "башка бирөөлөрдүн бизнестерин тартып алып, байлыкка туйтунган" деп да айыптап чыгышкан. Элбашынын иниси "Хоргос" аркылуу казак-кытай чек арасынан өтчү жүктөрдү дагы көзөмөлгө аларын 2019-жылы kz.expert интернет басылмасы жазган. Бирок мындай дооматтар ырасталбаган сыяктуу эле, төгүндөлгөн да эмес.

2000-жылы Болот Назарбаев "Казакмыс" тоо-кен корпорациясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Өлкөдөгү эң ири жез өндүрүүчү казакстандык бул компания Владимир Кимге таандык. Анын байлыгы Forbes тарабынан 4,6 миллиард долларга бааланган, бирок оппозиция бул металлургиялык гигантты Казакстандагы эң таасирдүү үй-бүлө менен байланыштырат.

Казакстанда жыл жаңыргандан тарта бийликке каршы нааразылыктар башталган. Бул акциялар 5-январдан тарта башаламандыкка айланып, Алматы, Чымкент сыяктуу аймактарда ондогон кишинин өлүмү менен аяктады. Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңден ашты. Мындан сырткары 225тей адамдын каза болгону кабарланды.

Коңшу өлкөдөгү тополоңдо Кыргызстандын эки жараны каза болуп, беш-алты адам кармалып кайра бошотулду. Мындан башка дагы кыргыз жарандары кармалышы мүмкүн деген маалыматтар учурда текшерилүүдө.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG