Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Казакстан: "Улут көсөмүнүн" таасирдүү бир тууганы


Архив сүрөт. Нурсултан Назарбаев менен Болат Назарбаев дыйкандар менен жолугууда. 27-июнь, 2011-жыл.
Архив сүрөт. Нурсултан Назарбаев менен Болат Назарбаев дыйкандар менен жолугууда. 27-июнь, 2011-жыл.

Казакстанда 1-декабрь Туңгуч президент күнү. Мындан 30 жыл илгери алгачкы президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаев шайланган.

Ал бийликте турган 30 жылда көптөгөн жакын туугандары өлкөдөгү эң бай адамдарга айланды. Кенже иниси Болат Назарбаев да четте калбады. Анын каяктан табылганы белгисиз түмөн байлыгы тууралуу көптөгөн имиштер айтылып жүрөт. Кээ бир басылмалар аны "ири базарлардын ээси жана кирешелүү бизнестерди тартып алган "улут көсөмүнүн" өтө таасирдүү бир тууганы" деп жазышат.

Интернетке жайылган тасмалар

Экс-президент Нурсултан Назарбаев “Нур Отандын” партия "тизгинин" президент Касым-Жомарт Токаевге берерин жарыялаган соң анын бир тууган иниси Болат Назарбаев тууралуу видеолор интернетке тарады. Алардын биринде чөнтөгүнөн бир нече тутам долларды сууруп, сүннөт тойдун урматына тараткан Болат Назарбаевге түспөлдөш кишини көрүүгө болот. Youtube сайтына чыккан бир нече тасма тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын Azatnews телеберүүсүндө сөз болду.

Кең талаада өткөн сүннөт той көк бөрү, жорго салыш жана күлүк чабыш сыяктуу улуттук оюндар менен коштолуп, жүздөгөн элге казан толо чүйгүн тамак-аш тартылганы көрсөтүлгөн. Аземге жансакчылары жана атайын күзөтчүлөрдүн курчоосунда келип ардактуу орундукка көтөрүлгөн Болат Назарбаев менен анын жанындагы жаш келин бул жакка тик учак менен конгон.

Ал бийик даражалуу кызмат адамы же абройлуу ишкер деле эмес. Бирок бул киши Казакстанда байлыгы жана таасири жагынан баарынан ашып түшөт. Болат Назарбаев бир жолу "аты-жөнү эле жетиштүү" экенин журналисттерге айткан жайы бар. СССР кезинде совхоздо жумушчу болгон "Улут көсөмүнүн" иниси Назарбаевдин миллиарддык активдерге ээ башка жакындары сыяктуу эле, эгемен Казакстандагы эң бир мартабалуу, саналуу инсандардын бирине айланган.

Azatnews Болат Назарбаев башка облуста той өткөрүп, акча таратып жүрсө, өзү туулуп өскөн Алматы облусунун Карасай районунда көп балалуу үй-бүлөлөр менен жалгыз бой энелер жөлөк пулу кечиккенине даттанганын белгилейт.

"Эки айдан бери күтүп жатабыз. Карызга белчебизден баттык. Дүкөндөр бизге эми карыз дагы бербей калышты. Тамак-аш, күндөлүк керектүү буюмдарды дагы сатып ала албай калдык. Чынын айтсак, аябай чарчадык. Райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнө келсек, акча түшө элек. Бюджетте акча жок деп, узатып коюп жатышат", - дейт жалгыз бой эне Индира Бүрлибаева.

Нурсултан Назарбаев 44 жашында 1984-жылы Казак ССР Министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалган. Караганды облустук партиялык уюмдун кызматкерин ошондо Казакстан Коммунисттик партиясын жетектеген Динмухамед Кунаев колдоп, бийликке алып келген.

Бирок ал көп өтпөй анын өзүнө каршы чыккан. Нурсултан Назарбаев гезиттерге курган маегинде Кунаевге каршы сүйлөгөн соң анын совхоздо сантехник болуп иштеген инисинин үйү текшерилип, илинчек изделип, бирок эч нерсе таппаганын эскерген. Болат Назарбаев агасы 1989-жылы Казакстандын башчылыгына келгенде алгач Каскелеңдеги нан заводун жетектеп, анан ишкердикке өтүп, мал терисин алып-сатуу менен алектенет.

Анда ары он жыл ичинде Болат Назарбаев көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болуп, дүң соода, айыл чарба, тоо-кен жана финансы тармактарын камтыган өлкөдөгү эң ири компаниялардын кожоюнуна айланган. Алматыдагы азык-түлүк, кийим-кече жана автоунаа саткан эң чоң базарлар менен ири соода борборлорун дагы аны аты менен байланыштырышат.

Оппозициялык басылмалар аны "башка бирөөлөрдүн бизнестерин тартып алып, байлыкка туйтунган" деп да айыптап чыгышкан. Эл башынын иниси "Хоргос" аркылуу казак-кытай чек арасынан өтчү жүктөрдү дагы көзөмөлгө аларын 2019-жылы kz.expert интернет басылмасы жазган. Бирок мындай дооматтар ырасталбаган сыяктуу эле, төгүндөлгөн да эмес.

Казакстандык "Информбюро" порталы 2020-жылы Болат Назарбаев жөнүндө көлөмдүү макаласын жарыялаган. Анда ал муктаж кишилерди колдогон берешен меценант, чыгармачыл топторго демөөрчү жана сооп издеп, мечиттерди курдурган ишмер катары сүрөттөлгөн.

Болат Назарбаев, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы.
Болат Назарбаев, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы.

“Улут көсөмүнүн” инисинин мүлкү соода жайлары менен эле чектелбейт. 2000-жылы Болат Назарбаев "Казакмыс" тоо-кен корпорациясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Өлкөдөгү эң ири жез өндүрүүчү казакстандык бул компания Владимир Кимге таандык. Анын байлыгы Forbes тарабынан 4,6 миллиард долларга бааланган, бирок оппозиция бул металлургиялык гигантты Казакстандагы эң таасирдүү үй-бүлө менен байланыштырат.

Малай премьерине кымбат белек...

Көптөгөн басылмалар, анын ичинде чет элдик медиа Болат Назарбаевдин бир нече аялы жөнүндө жазган. Эң чуулгандуу макалалар Майра Курманалиева деген айым тууралуу. Анткени алар Манхэттендеги, Флоридадагы жана Нью-Жерсидеги кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү талашып, америкалык соттордо катуу тартышкан. Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен көпчүлүк менчикти Болат Назарбаев өзүнө кайра кайтарып алган.

Болат Назарбаев менен Майра Курмангалиеванын 2002-жылы туулган Ханболат Назарбаев аттуу уулу бар. Назарбаевдин өгөй баласы, Курманалиеванын өзүнүн уулу Данияр Кесикбаев 2015-жылы Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разактын кызына баш кошкон. Малайзиянын премьер-министринин жубайы казакстандык күйөө баласынан 24 миллион долларлык шакек белек алганын тергөөгө айткан. Анткени 2018-жылы Нажиб Разак коррупцияга шектелип, анын турак-үйү тинтилип, ири өлчөмдөгү акча, зер буюмдары жана кымбат баалуу жүздөгөн дизайнердик сумкалар табылган. Экс-премьер-министр, баасы он миңдеген долларды чапчыган ал сумкаларды күйөө баласы Кесикбаевдин белеги деп айтып келген. Малайзиянын экс-премьер-министри Нажиб Разак камалардын астында соттон акталууга үмүт бар экенин айткан.

“Бул жерде акыры заман болуп жаткан жок. Анткени алдыда сот өкүмүнө дагы даттануу жараяны бар. Ошондуктан биз бардыгы оң чечилет деп ниет кылабыз. Ошондуктан биздин күч-аракеттер дагы улантылат. Мен мындан ары да тарапташтарыбыз жакшы маанайда болуп, бизге жана биздин күрөшкө ишенет деген үмүттөмүн”.

Шөкөттөлгөн жашоо, кымбат бренддер, аялдар...

Болат Назарбаев Майра Курмангалиева менен ажырашкан. Бирок ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ал жалгыз калган жок. Ага бир эле учурда бир нече аялды шылтап жүрүшөт. Социалдык тармактарда Гүлнур Назарбаева деген айым Болат менен түшкөн бир нече сүрөт жана видеосун жарыялап, аны "күйөөсү" деп атаган. Ал Instagram баракчасына кымбат баалуу фирмалык кийимдер, бут кийимдер менен сүрөттөрүн жарыялап, кымбат сумкаларын көрсөтүп, үйдүн ички жасалгаларынын сүрөттөрү менен бөлүшкөн. Анын фотого түшкөн кийимдери менен жеке буюмдарын талдаган "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери анын бир эле жолку жарыялаган кийимдеринин бааларын эсептеп чыккан жайы бар.

"Мында да Гүлнур “Версаче” брендинин кийимдери менен. Пиджагы 2700 доллар, кроссовкасы 950 доллар турат. Ал башка атактуу, кымбат бренддерден да кийинет. “Шаннелдин” бул баштыгы 3100 доллардан сатылат. “Луи-Витонун” бул аялдар баштыкчасы 5800 доллар. Мына ушул видеодогу эле биз талдаган анын бренд кийимдеринин наркы 46 миң АКШ долларынан ашат. Бул деген 17 млн 400 миң теңгеге барабар", - деп айтылат иликтөөдө.

Макаланын башында айтылган Казакстандын Түркстан облусундагы талаада өткөн сүннөт тойдо Болат Назарбаевдин жанында башка дагы бир жаш келин жана эки кичинекей бала турган.

Оппозициялык "Дат" гезитин чыгарган журналист Ермурат Бапи Болат Назарбаевдин "расмий эмес маалыматтар боюнча 20дай аялы бар" дейт. Бирок расмий булактарда анын бирден-бир расмий жалгыз жубайы катары жакында каза болгон Гүлжан Назарбаева гана көрсөтүлгөн.

Болат Назарбаев экс-президенттин мамлекеттик кызматта иштебеген саналуу жакындарынын бири. Бирок Болат Назарбаевдин бойго жеткен кыздары менен балдары мамлекеттик кызматтарда иштешет.

38 жаштагы Нурбол Назарбаев Алматы облусунун прокуратурасында жана ички иштер башкармалыгында жетекчи кызматтарда иштеген. Ачык булактарда ал 2017-жылы бизнеске аралашып, Prime Capital Holding инвестициялык фондусунун төрагасы болгон.

Болат Назарбаевдин 46 жаштагы кызы Гүлмира Абишева Алматынын юстиция департаментинин жетекчисинин орун басары, Алматы шаардык, анан облустук сотторунда судья болуп иштеген. Кийин ал Алматынын Жетисуу райондук сотунун төрайымы болгон. Ачык булактардын айтымында, ал азыр Алматы облусунун Карасай районунда аймактар аралык административдик сотунун төрайымы.

Нурсултан Назарбаев президент болуп турганда анын жакындары "башка жарандар сыяктуу эле өзүлөрү тандаган адистиги боюнча иштөөгө же коомдук-саясий иштерге, бизнес жүргүзүүгө укуктуу" деп айтканы белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG