Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:42

Токаевдин атасынын Кыргызстандагы изи


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ачарчылык мезгилинде Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев Кыргызстандагы балдар үйүндө тарбияланган. Бул тарбия анын белгилүү жазуучу болушуна пайдубал түптөгөнүн тарых булактарынан аңдоого болот.

Ачарчылык: Кыргызстан аткара албай калган план

1932-жылы объективдүү жана субъективдүү факторлорго байланыштуу дан тапшыруу планын Кыргызстан аткара албай калган. Анын негизги себептери: жогорудан тапшырылган план өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн эске албаган, башкача айтканда реалдуу план болгон эмес. Анан калса, Кыргыз АССРи мурдагы жылдары дан тапшыруу планын толук аткарып, мамлекеттин резервинде эч кандай дан запасы калган эмес.

Пландын аткарылбай калышынын дагы бир башкы себептеринин бири – ачарчылыктан улам кыргыздарга баш калкалап ошол жылы Кыргызстанга күтүүсүздөн Казакстандан жана Сибирден ачка калган 130 миңдей адам ооп келген.[1]

Аларды сактап калуу үчүн кыргыз өкмөтү болгон күчүн жумшаган. Алар үчүн азык-түлүктөр бөлүнгөн. Бул да мамлекеттин дан тапшыруу ишине терс таасирин тийгизген.

Америкалык тарыхчы, изилдөөчү Сара Кэмерон 2015-жылы «Ач-жылаңач чөл: ачарчылык, зомбулук жана советтик Казакстанды куруу» деп атаган тарыхый изилдөөсүн жарыялаган.
Америкалык тарыхчы, изилдөөчү Сара Кэмерон 2015-жылы «Ач-жылаңач чөл: ачарчылык, зомбулук жана советтик Казакстанды куруу» деп атаган тарыхый изилдөөсүн жарыялаган.

Борбордун тескөө саясатын кыңк этпей аткарган Казакстан ВКП (б) крайкомунун биринчи катчысы Филипп Голощекин республикада жыйналган эгиндин баарын Москванын көрсөтмөсү менен сыртка чыгарып жиберип, нан тартыштыгынан улам Казакстанда ачарчылык каптап, эл кырыла баштаган.

Ачарчылыктан канча адам өлгөнү тактала элек. Казак окумуштуусу, демограф Макаш Татимов 1930-жылдын башында жалпы казактардын саны 4 миллион 120 миң болгонун, ачарчылыктан элдин 2 миллионго жакыны же жалпы казактардын 49% каза болгонун эсептеп чыккан.[2]

Казак элинин дагы бир белгилүү окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору, профессор, Казакстан тарыхчылар ассоциациясынын президенти Мамбет Койгелдиев казак эли катаал сыноодон өтүп, ачарчылыктан 2 млн. 200 миң адамдан айрылып, бул жалпы калктын 49% түзгөнүн айткан. [3]

"Өкүнүчтүүсү, азыркыга чейин алардын так санын тактай албай келебиз",- деп белгилейт окумуштуу.

Журт которууга аргасыз болгон казак эли


Казакстандагы мына ушул 1932-1933-жылдардагы ачарчылык алаамат мезгилинде бир миллиондон ашуун адам жуттун айынан жан сактоо үчүн туулган жеринен коңшу аймактарга - Сибирге, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанга, эң көбү боор жана тууган тартып Кыргызстанга башкалкалап барууга аргасыз болушкан. Бул ачарчылыктан журт которгон казактардын болжол менен 414 миңдей адамы кайра мекенине кайтса, 616 миңдейи барган жеринде туруктуу жашап калган.[4]

Ачарчылыктан айласыз журт которгон качкын казактар коңшу мамлекеттерден сырткары Кытай, Монголия, Иран, Түркияга чейин жеткен.

Качкын казактардын Кыргызстандын аймагына боор тартып көп келгендигин, биринчиден, 1926-жыл менен 1939-жылдагы эл каттоосу аркылуу казак калкынын Кыргызстандын аймагында кыйла өсүшүнөн байкасак, экинчиден, РСФСР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары Турар Рыскуловдун Сталин, Каганович, Молотовго жиберген жашыруун докладдык катынан да ачык билсек болот.

1933-жылы 9-мартта РСФСР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары Турар Рыскулов Сталиндин өзүнө, көчүрмөсүн Каганович менен Молотовго багыштап, Казакстандан казактардын жапырт көчүүсү тууралуу жашыруун докладдык катын жөнөтөт.

Арадан 16 күн өткөндөн кийин бул жашыруун докладдык каттын дагы бир көчүрмөсүн ВКП(б) Кыргыз обкомунун биринчи катчысы А.О. Шахрайга жана Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахмановго жолдойт.

Ал катта жазылгандай, акыркы алынган маалыматтар боюнча ачарчылыктан качкан казактардын жайгашкан жери Казакстанга коңшу аймактар болгон. Орто Волга боюнда – 40 миң, Кыргызстанда – 100 миң, Батыш Сибирде – 50 миң, Каракалпакстанда – 20 миң, Өзбекстанда 30 миң адам качып барып жайгашканы айтылат. Ошондой эле калктын дагы бир бөлүгү Калмыкия, Тажикстан жана Кытайга чейин качып барып, жайгашканы жазылган.[5]

Казакстандык белгилүү тарыхчы жана дипломат, тарых илимдеринин доктору К.Кобландин «Казахи Кыргызстана по данным материалов переписи населения. (1926-2009гг)» деген макаласында 1926-жылы 1-февралда Кыргызстандагы казак калкынын саны 1749 адам болуп, жалпы калктын 0,2% түзсө, 1959-жылдагы эл каттоо боюнча казак улутундагылар 20067 адамга жетип, 1 % жеткенин маалымдаган.[6]

Бул көрсөткүчтөр 1932-жылдагы ачарчылыкта келгин казактардын эсебинен көбөйгөнүн билсек болот.

Ал эми 1926-жылдагы эл каттоо менен 1939-жылдагы эл каттоону салыштырсак, ачарчылыктан мекенинен качкан казактардын эсебинен казак улутунун саны РСФСРдин аймагында – 2,3 эсе, Өзбекстанда 1,7 эсе, Түркмөнстанда – 6 эсе, Тажикстанда – 7 эсе, Кыргызстанда – 10 эсе көбөйгөн.

1933-жылдын башында ВКП (б) Кыргыз обкомуна ВКП(б) БКнын Орто Азия боюнча өкүлү Д.И.Манжара төмөндөгүдөй билдирүү жөнөткөн: "1932-жылы Кыргыз АССРинин аймагына Казак АССРинен көп сандаган казак келгиндери кирген. Жетишерлик толук эмес маалыматтар боюнча, алардын саны 25-30 миң чарбаны түзөт".[7]

Ал эми Жусуп Абдрахманов «Фрунзе шаарынын жанында ачарчылыктан жана жакырчылыктан качып келген казактардын боз үйлөрүнөн турган экинчи шаар өсүп чыкты. Филипптин (Казак крайкомунун жетекчиси Ф.Голощекин) ишинин жыйынтыгы ушуга алып келди», - деп жазат өз күндөлүгүндө.[8]

Бул оор учур тууралуу белгилүү социолог, профессор Кусейин Исаев мындай пикир билдирген:

«Отузунчу жылдардын башында Пишпектин күн чыгыш жагындагы Төкөлдөш суусунун ар жак, бер жагы жалаң ачарчылыктан өлгөн казактардын сөөгүнө толуп кеткенин акын, улуу инсан Кубанычбек Маликовдун аңгемелеринен бир канча жолу окуган элем».[9]

Токаевдин атасы Кыргызстанда тарбияланган

Ачарчылык жылдары мындай тагдырга Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин үй-бүлөсү да тушуккан.

"Үй-бүлөлүк кеңеште Фрунзе шаарына (азыркы Бишкек) көчүп барып, оор мезгилден, казак калкын суй жыккан ачарчылыктан аман калыш үчүн ошол жакта жан сактай туруу чечими кабыл алынган. Фрунзеге чейин жол узак жана абдан татаал болгон, - деп жазат Касым-Жомарт Токаев "Атам жөнүндө бир ооз сөз" аттуу китебинде. Фрунзеде Кемел Токаевдин атасы жакындарын аларды үйүнө киргизген орус үй-бүлөгө жайгаштырып, ал үчүн башпаанек тапкандар колдон келген оор жумуштун баарын өзүнө алышкан. 1933-жылы күтүүсүз кырсык аларды баш көтөргүс кайгыга салган. Кемел Токаевдин кичинекей карындашы мештин жанында ойноп атып, өрттөнүп кетип чарчап калат. Аны көргөн апасы да кайгыдан көз жуумп, көп узабай атасынан да айрылган эки өспүрүм кароосуз калат.

Милиция органдары Кемел жана анын агасы Касымды балдар үйүнө тапшырып, кийинчерээк алар Чымкенттеги мектеп-интернатка которулган. Кемел Токаев Улуу Ата Мекендик согуш башталган мезгилде экинчи жолу Кыргызстанга келип, Фрунзе шаарындагы пехоталык окуу жайдан окуп, 1942-жылы Сталинград салгылашуусуна жөнөгөн. Касым-Жомарт Токаев «Слово об отце» китебинде ачарчылык мезгилинде атасы Кемел Токаев үй-бүлөсү менен Фрунзеге келгендеги кайгылуу жылдарды, окуяларды да баяндай кеткен. Согуштан кийинки жылдары Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев белгилүү согуш ардагери, журналист, жазуучу болгон.


1930-жылдары кыргыз бийлиги ачарчылыктын айынан боор тартып, башкалкалап келген казактарды кандай кабыл алганы жана бир туугандык жардамын бергени тууралуу архивдик маалыматтарга кайрылсак, 1932-жылдын 31-декабрында ВКП(б) Кыргыз обкомунун бюросунда республиканын аймагындагы казак качкындарынын абалы тууралуу маселе каралып, анда ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросуна казак качкындарына жана кароосуз калган жетим балдарга жардам иретинде дан азыктарын бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алышкан.

Казакстан, 1930-жылдар. Ачарчылыктан улам журт которууга аргасыз болгондор.
Казакстан, 1930-жылдар. Ачарчылыктан улам журт которууга аргасыз болгондор.


ВКП (б) Кыргыз Обкому менен Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңеши казак качкындарынын оор абалын жеңилдетүү үчүн тез арада бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушкан. Республикалык бюджеттен 150 миң рубль бөлүнгөн. 1500 жеткинчек балдар үйлөрүнө жайгаштырылган жана атайын кабыл алуу пункттары уюштурулган. Албетте, алардын арасында казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев да болгон. Бул да болсо, кыргыз-казак боордоштугунун тарыхта калган бир үзүмү.

Жумагул Байдилдеев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Макала төмөнкү адабияттардын негизинде даярдалды:

[1] Абдрахманов Юсуп. Избранные труды / Сост. Дж.Джунушалиев и др. НАН КР, Инс-т истории, фонд «Иссык-Куль». –Б: 2001.С.44.

[2] Татимов М.Б. Социальная обусловенность демографических процессов. -Алма-Ата. 1989.С.122-124.

[3] Койгелдиев М.К. Юсуп Абдрахманов и некоторые особенности мировоззрения политических элит народов центральноазиатского региона. // Т.Чоротегиндин 60-жылдыгына карата «Кыргыз таануу маселелери: Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин» эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары. Бишкек. 2019. 249-б.

[4] История Казакстана (с древнейших времен до наших дней): в 5 т. Т.4. Алматы, 2009.

[5]КР БМ КСДА Ф.10. Оп.1. сб. 506. 27-37-б.

[6] Мы долгое эхо друг друга. КРСУ. Астана-Бишкек:- 2011.С.105.

[7]КР БМ КСДА Ф.10. Оп.1. сб. 377. 184-б.

[8] Жусуп Абдрахманов. 1916. Күндөлүктөр. Сталинге каттар. Бишкек.2016.194-б

[9] Молдокасымов К. Улут лидери Жусуп. Бишкек. 2011. 55-б.
[10] Токаев Касым-Жомарт. Слово об отце. Аке туралы ой-толгоо. Алматы. «Жибек жолу». 2018. 145-147-б.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG