Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:25

Чолпонбек Сыдыков Бишкектеги 4-ооруканага жаткырылды


Чолпонбек Сыдыковду казак күч органдары 8-январда Бишкекке баратканда Алматынын чыга беришинен кармап алышкан.
Чолпонбек Сыдыковду казак күч органдары 8-январда Бишкекке баратканда Алматынын чыга беришинен кармап алышкан.

Казакстандын Алматы шаарында башламандыктарга байланыштуу кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыков 20-январда Бишкекке "Тез жардам" кызматы менен алынып келди. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова ал шаардагы 4-ооруканга жаткырылганын, дарыгерлер кеңешкенден кийин аны дарылоо тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.

Алматыда тополоңдордон улам кармалып дайыны билинбей жаткан Сыдыков 11 күндөн кийин оор абалда табылган. Анын катуу токмоктолгону, эки буту, кабыргасы сынганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов ал 8-январда Бишкекке кетип баратканда Алматынын чыга беришинде кармалганын билдирген.

Сыдыковдун жакындары ал эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөнүн, күч кызматкерлери кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.

Казакстандагы соңку окуялардан улам жалпысынан он кыргызстандык жаран кармалган, алардын баары бошотулду, эки кыргыз жараны каза болду.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноолор, тоз-тополоң менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG