Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Тергөөдө Мадумаров менен Бекназаров беттешти


Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаров.
Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаров.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу сурагы уланууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 19-январда Башкы прокуратурага төртүнчү жолу чакыртылып, бул жолкусунда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен беттештирилди. Адахан Мадумаров сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, Бекназаров буга чейин анын дарегине айткан сөздөрүн бышыктоо максатында прокуратурага келгенин айтты.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

“Бекназаров маалымат жыйында “Мадумаровдун кол койгонго укугу жок” деп айтып койгон экен. Бүгүн маңдай-тескей отурдук. Ага укугум бар деп эч ким айткан эмес. Асманга сапырылып кыйкыра бериштин кереги жок. Алар Кыргызстандын жери үчүн күйүп жаткан жок. Элге ушундай маалымат берип койсок, анда Мадумаровду каралоого болот деген эле сөз”.

Адахан Мадумаровдун 2009-жылдагы протоколго байланыштуу иш боюнча Азимбек Бекназаров менен беттеше турганы 18-январда эле белгилүү болгон. Ал кезектеги сурактан чыккандан кийин “Бир азамат Мадумаровго каршы сүйлөп берем деп келген экен” деп айткан.

19-январда эртең менен Азимбек Бекназаров видео кайрылуу жасап, Кыргызстанга Мадумаровго каршы көрсөтмө берүүгө эмес, Июнь окуясы боюнча сурак бергени келгенин айткан.

Ал эми Мадумаров менен беттештирилип жатышын мындай деп түшүндүргөн:

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

“Мындан эки жыл мурда Адахан мырзанын мени “элчиликке сатылып кетти” дегенине жооп берген сөзүмдү үзүп-кесип саясатта пайдаланып жүрүшөт. Ошол сөзүңүздү тактап коелу деген тергөөчүгө макул болгонумду Мадумаров да, бийлик да саясат кылып жатышат. Мени Малайзиядан Адаханга көрсөтмө бергени келген кишидей көрсөтүп жатышат. Урматтуу Камчы (ред. Камчыбек Ташиев) иним, Адахан иним, Баткендеги чек ара сырын сактабай чыгарган чырыңарды, эми тергөөнүн сырын бузуп дагы кылалы деп атасыңарбы? Суракка алганың да, сурак бергениң да мыйзамды сактап, элдин башын айландырбай, жөн жүргүзбөйсүңөрбү”, - деди Азимбек Бекназаров.


Башкы прокуратурада беттештирилген эки саясатчы 2020-жылы коомчулук алдында кайым айтышканы маалым. Анда Бекназаров ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган. Мадумаров болсо бийликке сын айткандар өкмөт менен “соодалашууга барып, саясий принцибин жоготуп жатат" деп айткан. Бекназаров болсо маалымат жыйын куруп, “Бүтүн Кыргызстандын” лидерин 2009-жылдагы чек ара протоколуна байланыштуу айыптаган.

Азимбек Бекназаров 2020-жылдагы маалымат жыйынында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары чек ара боюнча жооптуу болгонун, бул маселеден кабардар экенин айткан.

Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков Азимбек Бекназаровду тергөөгө чакырууну “саясий иштин” белгиси катары сыпаттайт.

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

“Менин оюмча бийлик Азимбек Бекназаров аркылуу Адахан Мадумаровго болгон кысымын күчөтүп жатат. Азимбек Бекназаров протокол кабыл алынган 2009-жылы кызматта болгон эмес, чек ара боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан эмес. Андыктан тергөөгө пайдалуу болгон маалымат бере албайт. Бул таза саясий кадам экенин айтсак болот. Бийлик ушундай жол менен Мадумаровду сотко чейин айыптап, саясий талааны тазалоого аракет кылып жатат. Мындай тажрыйбаны унутуш керек. Саясий куугунтук бийлик үчүн гана зыян экенин эстен чыгарбоо зарыл”.

Оппозициялык маанайдагы “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 14-январдан бери Башкы прокуратурага чакыртылууда. Андан бери Мадумаровго байланышкан окуя боюнча президент Садыр Жапаров да комментарий берип, кылмыш кылган адамдар жооп бериш керектигин айткан.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев бул иште Мадумаровдун күнөөсү бар деп эсептейт:

Мамат Айбалаев
Мамат Айбалаев

“Кыргызстан кытайларга Баткенден Лейлек районуна жол салдырган. Анын курулушу Көк-Таштагы сайдын жээгине келгенде тажик тарап бир аз каршы болгон. Талаш жер чечилгенче андан ары жол салып кете бергендин ордуна, Тажикстандан 49 жылга ижарага алып жатпайбы. Ошондон бери Мадумаровду жоопко тартыш керек деп айтып келем. Анткени протоколго кол коюлгандан кийин Төрт-Көчөдө тажикстандыктардын үйү көбөйдү. Бир нече гектар жерди өздөштүрүп алышты".

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидеринин прокуратурага чакыртылышына себеп болгон протоколго 2009-жылы 3-мартта Тажикстандын Кожент шаарында кол коюлган. Кыргызстандан барган делегацияны ошол учурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жетектеп барса, аны тажикстандык кесиптеши Амиркул Азимов баштаган топ тосуп алган.

Документтин экинчи пунктунда кыргыз тарап Тажикстандан 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алганы жазылган. Кыргызстан ал жерге көпүрө салып, Баткен-Исфана жолун өткөргөн.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG