Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Садыр Жапаров маек, Адахан Мадумаров сурак берди


Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаров. Коллаж.
Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаров. Коллаж.

17-январда Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага, ушул эле партиянын дагы бир депутаты Орозайым Нарматованын атасы атайын кызматта суракта болду.

Ал арада президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына маек куруп, Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматова "кылган кылмыштары" үчүн жооп бериши керектигин айтты.

17-январда Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага кайрадан чакыртылып, эки жолу сурак берип чыкты. Андан кийин 18-январда дагы суракка кирди.

Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу суроолорго жооп берүүдө. Мадумаров сурактан чыккандан кийин президент Садыр Жапаровдун ал тууралуу айткандарын комментарийледи.

"Мен Садыр Жапаров башкы прокурор, сот болуп калганын ушул күнгө чейин билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп, бардык кишилерге аныктама да коюп атыптыр. Муну маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек. Өлкө башчысымын деген киши бир аз китепти карап, окуп койсо болмок. Кылмышкер деп жалгыз гана сот чечим чыгарат. Өздөрү ошондой жол менен чоңоюп, өскөндөн кийин “элдин баары мендей болсо керек” деп ойлоп жатышса керек. Ошол эле Садыр Жапаров ал протокол юридикалык күчкө ээ эмес деп жатат. Андай болсо атаңдан калган табериктей кылып эмне көтөрүп жүрөсүң?" - деп суроо салды.

Ушул эле күнү "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматованын атасы Көчкөнбай Нарматов УКМКга чакыртылган. Ал кызынын дипломуна байланыштуу суроолорго жооп бергени белгилүү болду. Орозайым Нарматова диплом чыры боюнча буларды айтты:

“Менде эмне күнөө?! Эгер диплом туура эмес болсо, анда аны берген ЖАМУ (Жалал-Абад мамлекеттик университети - ред.) жооп бериш керек да. Мен эл катары окуп, дипломдук ишимди жазып бергенмин. Анын бар-жогун архивден издесе чыгат. Булар аны жакшы билишет".

Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын атасы сурак берген 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасы президент Садыр Жапаровдун маегин жарыялады. Мамлекет башчы “Бүтүн Кыргызстандын” эки депутатына байланышкан суроого да жооп берген. Ал Мадумаров менен Нарматованы кескин сындап, "коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек" деген пикирин айткан.

"Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең "беттери калың" экен. Кыргызда "Кыз боозуп, энесин коркутат" деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы (Ташиев - ред.) экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? "Колуң менен кылганды мойнун менен тарт" дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек эле. Мурдагыдай "депутат экен, министр экен" деп коркуп отурушпайт. Керек болсо тергөө же сот иштерине тиешеси болсо, президент дагы барып сурак бериш керек. Кол тийбестигим бар деген түшүнүктөн кетели. Антпесек жер сатуулар, коррупциялык көрүнүштөр улана берет”, - деди Жапаров.

Президент "Вечерний Бишкектеги" маегинде Мадумаров 2009-жылы кол койгон протокол күчүндө экенин, аны негиз кылган Тажикстан тарап Төрт-Көчө тилкесин талашып жатканын айткан.

Ал эми Нарматованын диплому боюнча арыз шайлоо өнөктүгү башталганда эле келип түшкөнүн кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Садыр Жапаровдун маегин күч органдарына багытталган белги катары кабыл алса болорун айтат.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Бүтүндөй күч органдары баш ийген адамдын бул маегин буйрук, түзмө-түз көрсөтмө катары кабыл алсак болот. Эмне кылсаңар да камагыла дегенди билдирет. Президент “Адилеттүүлүк, чындык болсун” деп айтса бир жөн эле. Ага кошумча “Жасалма диплом алып бердикпи” дегени өтө туура эмес болуп калды. Өтө кызыктай болуп атат. Буга чейинки президенттердин тушунда мындай ачык-ачык айтылган эмес болчу”.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидеринин прокуратурага чакыртылышына себеп болгон протоколдо кыргыз тарап Тажикстандан 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алганы жазылган.

Аталган жер тилке Баткендеги Көк-Таш айылында жайгашып, кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү. Ал жерден Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына алып барган жол кесилишет. Эки өлкөнүн ортосунда чыр чыккан учурда тажик тарап Төрт-Көчөнү жаап, Лейлек району менен түз байланышты үзүп койгон учурлар кездешкен.

Саясат талдоочу Эмил Жороев 2009-жылдагы протокол саясатташып бара жатканын айтып, анын кесепетин тизмектеп берди.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

“Адахан Мадумаров качандыр бир кезде кол койгон документке президент баш болуп салмак берип жатабыз. Кошуна өлкөнүн алдында аны маанилүү кылып, ички саясаттын жетегинде баратабыз. Чек ара боюнча талаш пикир жаралып жаткан учурда протоколду чоң документ катары көтөрүп чыгып, жок жерден аны көбүртүү Кыргызстан үчүн туура эмес. Албетте аталган документ боюнча түшүндүрмө берилиши керек жана кандай кырдаалда кабыл алынганы да айтылыш керек. Кандай келишимдин негизинде кол коюлганын да билүүбүз зарыл”.

Депутаттар Мадумаров менен Нарматова алгачкы жолу 14-январда сурак беришкен. Алар мүчөсү болгон "Бүтүн Кыргызстан" партиясына Жогорку Кеңештен алты мандат тийген.

Абыкеев: Президент демократиянын жаңы жолун баштап жатат

Садыр Жапаров "Вечерний Бишкектеги" маегинде камактагы оппозициячыл маанайдагы саясатчылар Бактыбек Калмаматов, Жеңиш Молдокматов жана Курсан Асанов боюнча да үн каткан. Ал октябрь окуялары учурунда Асановдун Ички иштер министрлигин бир жума, калганы башка мекемелерди он күндөп басып алганын билдирген. Ал эми Бактыбек Калмаматов аны көкүткөн саясатчылардын куралы болуп калганын айткан.

Негизи эле Садыр Жапаров коомдук талкууга алынган окуялар боюнча Фейсбуктагы баракчасына пикир жазып же ар кандай интервью берип келет.
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев президенттин билдирүүлөрү коом менен ачык сүйлөшүүнүн белгиси экенине токтолду:

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

“Биз баягыдай саясатчыга тийбеш керек дегенден арылышыбыз зарыл. Баарыбыз мыйзам алдында бирдей болушубуз керек. Алар жаңылыш сүйлөп алса, мыйзамга каршы аракет жасаса, анда тиешелүү органдардын сурагынын зыяны жок. Муну саясатташтырыштын такыр кереги жок. Президенттин бүгүнкү маеги же социалдык тармактардагы айрым бир билдирүүлөрү ачыктыктын белгиси. Буга чейин мындай болбой, баары протокол менен ишке ашып келген эле. Президентибиз демократиянын жаңы жолун, жаңы үлгүсүн баштап атат”.

Садыр Жапаров сөз кылган Молдокматов менен Асанов Октябрь окуялары боюнча, Калмаматов болсо "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыпталып жатат. Үч саясатчы тең учурда камакта. Алар коюлган айыптарды четке каккан.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG