Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 10:43

Депутаттардын сурагы: чек ара протоколу жана диплом чыры


Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага, депутат Орозайым Нарматова УКМКга сурак берип чыкты.

Мадумаров башкы көзөмөлдөөчү органга 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары көрсөтмө бергенин "Азаттыкка" бышыктады. Депутат соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырды.

"2019-жылы чек ара маселеси боюнча кылмыш иши козголуп, аны бардык тараптар карап көрүп, "таптакыр эч нерсе жок" деп жабылып калган экен. Ошол жабылып калган нерсени декабрда, парламенттин сессиясы башталгандан тартып кайра козгоп жатышат. Сессия башталгандан бери көп маселе каралууда. Кээ бир азаматтардын пландары ишке ашпай, кээ биринин түн уйкусу бузулуп жатат. Анткени ушундай жол менен кете берсе, анда Жогорку Кеңеш көзөмөлдөн чыгып кетчүдөй болуп атат. Түшүндүңөр да", - деди Мадумаров.

Президент жана анын администрациясы Мадумаровдун дооматына үн ката элек.

Чек ара протоколунун таржымалы

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидеринин прокуратурага чакыртылышына себеп болгон протоколдо кыргыз тарап Тажикстандан 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алганы жазылган.

Аталган жер тилке Баткендеги Көк-Таш айылында жайгашып, кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү. Ал жерден Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына алып барган жол кесилишет. Эки өлкөнүн ортосунда чыр чыккан учурда тажик тарап Төрт-Көчөнү жаап, Лейлек району менен түз байланышты үзүп койгон учурлар кездешкен.

Былтыр октябрда президент Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканына бир катар себептерди атаган. Анын ичинде Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" да билдирген.

“Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук маселе эмес экен. Ооба, апрель айында Тажикстан менен кагылышууда 36 жараныбыз каза болду. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Өзбекстан менен чек арабызды тактап алып анан Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Ал жерде үч талаштуу маселе бар. Бирөөсү, Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси, Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү, Баткен менен Лейлек районунда талаш жер бар", - деген Садыр Жапаров.

Президент Тажикстан менен чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын, сүйлөшүү жолу менен эки тараптын тең кызыкчылыгында чечилет деген үмүтү бар экенин билдирген.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы болуп турган учурдагы кол койгон протоколу боюнча бир нече жолу түшүндүрмө берген жайы бар. Ал аталган протоколго кол коюу туура болгонун белгилеп, бул андан аркы сүйлөшүүлөргө гана негиз болчу документ болгонун жүйө келтирген.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинен парламентке депутат болуп келген Исхак Масалиев "Азаттыкка" оппозициячыл саясатчыга карата акыркы мамиле туура эмес деген пикирин айтты.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Суракка чакырылганы жөнүндө кабарым жок болчу. Фракциянын жыйыны болмок. 12 жыл мурдагы сүйлөшүүлөр боюнча суроолорго кандай жооп бере алат билбейм, түшүнүксүз. Ал документтердин эч кандай юридикалык күчү жок. Өкмөт ал боюнча сунуш берген эмес, Жогорку Кеңеш ратификациялаган эмес. Азыркы жигиттер аша чаппаса эле болду", - деди Масалиев.

Баткен облусунун мурдагы губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов дагы Мадумаров кол койгон протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтат. Бирок бул маселеде көңүл бура турган башка жагдайларга токтолду.

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

“Бул маселенин эки тарабы бар. Албетте, Мадумаров кол койгон протоколдун юридикалык күчү жок. Анткени жерге байланыштуу документтерди парламент ратификациядан өткөрүш керек. Бирок ошол эле учурда документти тажик тарап жүйө келтирип, акырындык менен жерди басып алууда. Биздин бийлик болсо аларды токтоткон эмес. Аталган жер башынан эле биздики болгон. Бирок 2009-жылдан кийин талаштуу жер тилкелердин катарына кирип калды. Эгерде иликтей турган болушса, анда бир гана Мадумаров кол койгон эмес, бардык протоколдорду текшериш керек".

Адахан Мадумаров баштаган “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңештеги негизги оппозициялык күч. Алар VII чакырылыштын түзүмүн бекитип, Жогорку Кеңештин жана андагы комитеттердин төрагасын шайлоо учурунда бир топ мыйзам бузууларды айтып турду.

Саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов оппозициялык маандайдагы депутаттардын суралып жатышында саясий негиз бар экенин айтты.

Шаирбек Маматокторов
Шаирбек Маматокторов

“Мен “Бүтүн Кыргызстандын” тарапташы эмесмин. Бирок чындыкты айтып коюшубуз керек. Мисалы, Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештеги төрага, анын орун басарларын шайлоо учурунда бийликтин планын бузду. Аталган фракция парламенттеги башкы оппозиция. Андыктан аларды шектүү иштер менен сурай берген туура эмес. Муну жалпы Жогорку Кеңешке болгон кысым катары кабыл алам. Бийлик оппозицияны коркутпай, алар менен иштешиш керек. Оппозициясы жок өлкөдө кандай болорун Казакстандагы окуялар көрсөтпөдүбү".

28-ноябрдагы шайлоодо беш пайыздык босого чектен өткөн “Бүтүн Кыргызстанга” Жогорку Кеңештен алты мандат тийген

УКМК Нарматованын дипломунан шек санады

14-январда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматова суракка чакыртылды. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Нарматова ушул иш боюнча күбө катары суракка чакырылганын айтты.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматовага ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу да маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы О.Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт. Тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусияда болгону аныкталган”,-деп маалымдады УКМКнын басма сөз кызматы.

Нарматова президент Садыр Жапаров абакта жатканда анын активдүү колдоочусу болгон, бирок Жапаров бийликке келгенден кийин саясатын кескин сындап жүргөн.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Активисттин Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келгенде кармалганын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыккан.

Эл өкүлү Орозайым Нарматова суракка чакыртылышы боюнча мындай деди:

Орозайым Нарматова
Орозайым Нарматова

"Мага 30-декабрдан бери эле келе башташкан. Мени суракка чакырганга эч кандай негиз жок. Саясий ишмердүүлүгүмдөн тышкары эч кандай маселе болушу мүмкүн эмес. Мен эч бир мыйзамды бузган жокмун. Ал эми конструктивдүү сын-пикиримди мектепти бүткөндөн бери эле айтып келем. Атамбаевдин, Жээнбековдун убагында да сүйлөгөм, азыр да айтып турам. Кезинде азыркы бийликтегилер "Мамлекеттик кызматкерди барымтага алды" деп айыпталып жатканда башыбызды байлап жүргөнбүз".

14-январда суракка алынган "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен депутат Орозайым Нарматова бул окуяларды саясий кысым катары баалады.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG