Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

УКМК Мадумаровдун сары изине түшөбү?


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров он жыл мурда Кыргызстан-Тажикстан чек арасына байланыштуу кол койгон протоколду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет текшерип жатканы кабарланды.

Саясатчы Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча кол койгону буга чейин айтылган.

Дал ушул протоколду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) текшерип жатканын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 20-ноябрда “Марал” радиосунун эфиринде сүйлөп жатып айтты.

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

- Ошол протокол боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Толук жыйынтыгы чыга элек. Жыйынтык чыккандан кийин бардыгы белгилүү болот.

Разаков аталган протоколдун пайдасы же тобокелдиктери боюнча жумушчу топ иликтөө жүргүзүп жатканын кошумчалады. Ал эми УКМК бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров атайын кызмат ал кол койгон протоколду текшере баштаганы тууралуу маалыматы жок экенин айтуу менен гана чектелди.

Мадумаров 2009-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы болуп турган учурдагы кол койгон протоколу боюнча бир нече жолу түшүндүрмө берген.

Ал аталган протоколго кол коюу туура болгонун белгилеп, анын дарегине сын айткандарды дебатка чакырган жайы бар. Мадумаров «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө буларды айткан:

- Бүгүнкү күндө ошол жол болгон үчүн Сүлүктүдөн чыккан машине токтоосуз Кыргызстанга, Бишкекке келип жатат. Протоколду Жогорку Кеңеш колдогон эмес. Эч кандай күчкө ээ эмес.


“Азаттык” радиосу бул протоколдун чоо-жайы жөнүндө бир нече жолу макала даярдаган.

Протоколдо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоп, ал жерге көпүрө салуу үчүн дарыяны жээктей кеткен 275 метр узундуктагы беш гектар жер участогун Кыргызстанга алуу маселеси макулдашылган.

Мадумаровду сындагандардын бири, Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев ал жолду алып өтүш үчүн тажик тарап менен 10 жыл мурда түзүлгөн протокол талаш-тартышка негиз болгонун, жерди ижарага алуу боюнча Мадумаров тиешелүү протоколго кол коюп салганын айткан.


2017-жылдагы президенттик шайлоодо жүз миңдей добуш алган саясатчы Адахан Мадумаров азыркы бийликке кескин сын айтып келаткан саясатчылардын бири. Андыктан Мадумаровдун 10 жыл мурдагы протоколу боюнча маселе жаралганын саясатчынын ишмердүүлүгү менен байланыштыргандар бар. Журналист Айданбек Акматов буларды айтты.

- Ал протоколго бардык тийиштүү мамлекеттик органдар катышып, кол коюлган документ. Ал жалгыз барып кол койбойт. Азыр текшерип жатканында чоң саясат бар. Парламенттик шайлоо алдында оппозициялык саясатчыга жасалган куугунтук.

2019-жылы сентябрда Ош-Баткен-Исфана жолунун Көк-Таш менен Орто-Боз айылдарынын ортосундагы Жака-Өрүк тилкесине тажик тарап бир тараптуу курулуш иштерин баштап, чыр чыккан. Тажик тарап «бул тилке ижарага алынган» деген негиз менен аны өзүнө караштуу деп эсептесе, кыргыз тарап ал жакты тактала элек чек ара тилкеси катары белгилеп келет.

Парламенттин айрым депутаттары чек ара маселеси боюнча өкмөт менен жабык жыйындарда ошол кездеги жумушчу протокол боюнча маселе азыр талкууланып жатканын айтууда.

Саясатчы Феликс Кулов кандай болгон күндө да ошол протоколдун мааниси, мазмуну иликтениши керек деп эсептейт. Бирок, Кулов келечекте суроо жаралбашы үчүн саясаты жок, акыйкат текшерүү зарыл экенин белгиледи. ​

- Мен текшерүү комиссиясы караш керек деп ойлойм. Юридикалык, саясий баа берилиши керек. Ал протоколдун пайдасын, зыянын иликтеп чыгып, акыры бир жыйынтык болушу керек да.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров саясий айдыңда активдүү саясатчы. Ал буга чейин аймактарды кыдырууда бийлик тараптан бут тосуулар болуп жатканын айтып чыккан. Бирок президенттин аппараты анын дооматтарына жооп берген эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG