Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:04

Чек ара чыры, протоколдор сыры


Көк-Таш жана Орто-Боз айылдарынын ортосунда турган Жака-Өрүк тилкеси.

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча мурдагы протоколдордун мазмунуна байланышкан маселени жабык карады.

Парламентте жер тилкелерин өз ара бөлүшүү жана анын аткарылышына байланыштуу 2009-жылдан бери төрт протоколго кол коюлуп, бирок кийин алардын көпчүлүк шарты аткарылбай, четке кагылганы боюнча маалыматтар угулганы белгилүү болду.

Анда 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчыларынын деңгээлинде кыргыз тарап 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алган жумушчу протокол учурда эки тараптын пикир келишпестигине негиз болуп жатканын айтып, өкмөт мүчөлөрү парламентке маалымат берген.

Бирок 2009-жылы 24-декабрда Ош шаарында бул маселе боюнча Өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүү киргизген протоколго кол коюлуп, кийин буга байланыштуу мыйзам долбоорун парламент четке какканы көңүл сыртында калды.

Мадумаровдун протоколу жабык талкууланганда

Баткен менен Лейлекти бириктирген жолдогу Көк-Таш жана Орто-Боз айылдарынын ортосунда турган Жака-Өрүк тилкесине тажик тараптын бир тараптуу курулуш иштерин баштап жибергени соңку чек ара чырына себеп болгону белгилүү.

Анткени он жыл мурда кыргыз тарап Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун өздөштүрүүгө уруксат алган.

Парламент депутаты Элвира Сурабалдиева жабык жыйында мына ошол жумушчу протокол боюнча азыр маселе чыгып жатканы талкууланганын билдирди:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

- Өкмөт мүчөлөрү менен чек ара маселесин жабык талкуулаганда "Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон 2009-жылдагы протоколду тажик тарап бетине кармап жатабы?" деген суроо берилди. Анда тиешелүү өкмөт мүчөлөрү сүйлөшүү учурунда тажик тарап мына ошого таянып жатканын айтышты. Биздикилер жумушчу протоколу укуктук күчкө ээ эмес экенин, анын парламенттен ратификациядан өтпөгөнү тууралуу жооп кайтарышканын белгилешти. Ошондуктан биздин өкмөт өкүлдөрү тажик тараптын айтканына "макул эмеспиз" деген.

Кыргызстан менен Тажикстан жер тилкелерин өз ара бөлүштүрүүнү 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында макулдашкан. Анда эки жактын энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкты камсыздоо маселеси күн тартибинде турган.

Баткендеги «Айгүл-Таш» менен Согду облусундагы «Канибадам» көмөк чордондорун бириктире турган жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу үчүн 19 чакырым узундуктагы 90 гектар жер участогу Тажикстанга 49 жылга ижарага берилген.

Тажик тарап анын ордуна Сурх жана Ворух айылдары аркылуу өткөн аймактан Ош-Баткен-Исфана жолун кеңейтүүгө 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын бөлүп бермек.

Бирок кыргыз тарап мына ошол кезде жер тилкесин бөлүштүрүүнү паритеттүү негизде жүргүзбөй, 90 гектар жерди 5 гектар жерге алмашууга барганы түшүнүксүз бойдон калган.

Шартнааме "шамалы", шайлоонун шоораты

Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы Адахан Мадумаров бул чечимди стратегиялык жактан туура болгон деп эсептейт:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Мадумаровдун кол койгон протоколу өкмөттөр аралык же болбосо мамлекеттер аралык документ болуп эсептелбейт. Бул эми ошол кездеги жумушчу учур. Мен мына ошондон чечимди бүгүн болсо бүгүн дагы кабыл алмакмын. Анткени бул стратегиялык жактан биздин мамлекеттин утушу. Биз көпүрөнү куруп, жарандарыбыз эркин өтө тургандай шартты камсыздап, эгемен кыргыз жолун курушубуз керек болчу. Андан кийинки кадам, биз ижарага алынган 49 жылдын аралыгында аталган жер тилкесинин бизге таандык экенин далилдеп, картаны маңдайына коюп мына жерге ээ болуп калышыбыз керек. Бирок азыр эми жакында Лейлектеги Максат айылында чыккан чырга Көк-Таштагы аталган жер тилкесинин кандай тиешеси бар деген суроо жаралат. Себеби, экөөнүн ортосу 200 чакырымдай. Бул бийлик саясат кылып жатат. Анын себеби - алдыдагы шайлоо.


Мындан башка кыргыз өкмөтү 2009-жылы бирдиктүү Тажикстандын Исфара районундагы Ходжа-Ало (Кожалы) аркылуу Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы электр линиясын Лейлекке алып өтүү жагын караштырган.

Оштогу протокол боюнча ооз ачкан эч ким жок

Бирок тажик тарап ал сунуштан баш тарткан. Анан кыргыз тарап электр линиясын Тажикстандын аймагын айланып алып өтүүгө аргасыз болгон. Ал эми буга карабай, ага өзгөртүү киргизүү боюнча протоколго 2009-жылы 24-декабрда Ош шаарында кол коюлган.

Бирок 2005-жылы кол коюлган Жер тилкелерин өз ара бөлүшүү боюнча макулдашууга кошумча Ошто кол коюлган протокол тууралуу бийлик тарап эмнегедир ооз ачкан жок.

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүндө бул маселени териштирүү убадасын берген парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров Макулдашууга расмий өзгөртүүнү камтыган ал протоколдон эмнегедир кабары жок болуп чыкты:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

- Мага мына ошондо "Ош шаарында Мадумаров кол койгон протоколдун уландысы катары башка дагы бир протокол кабыл алынганы" тууралуу суроо берилип, документтин түп нускасын карап чыгуу жагы сунушталган. Бирок мен кечээ парламентте чек ара маселесин карап жатканда бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мына ошондой маалымат барбы, "тактап бериңизчи" деп суроо берсем, ал "Ош шаарында кандайдыр бир протоколго кол коюлган эмес" деп жооп кайтарды. Ал эми Нурлан Сулайманов кол койгон деген маселе боюнча менин түшүнүгүм, маалыматым жок экен.

Баштапкы шарттардан чегинген документтер

2008-жылы 16-майда Кожент шаарында мурдагы президент Курманбек Бакиев тажик лидери Эмомали Рахмон менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы “Айгүл-Таш - Канибадам” жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу маселесин сүйлөшкөн. Бирок Тажикстандагы энергетикалык кризис чечилген соң, ал курулуш тууралуу кийин сөз болгон эмес.

2011-жылы Атамбаевдин өкмөтү бул макулдашуунун шарттары аткарылбай калганына карабастан кошумча протоколду бекитүү боюнча мыйзам долбоорун жактырып, аны парламентке жөнөткөн.

Парламенттин коопсуздук жана коргоо комитети Тажикстан менен жер тилкелерин бөлүшүү боюнча бул документ өлкө кызыкчылыгына каршы келет деген негизде терс корутунду берген. Өкмөт кийин ал документти артка чакыртып алган.

Парламенттин коопсуздук жана коргоо комитетинин ошол кездеги төрагасы Исмаил Исаков иштин жагдайы тууралуу мындай деди:

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

- Курманбек Бакиев менен Эмомали Рахмон башында Кожент шаарында жолугушууда Кыргызстанга 5 чакырым, жалпысынан 5 гектар жерди жол салганга берүү боюнча макулдашкан. Кийин тажик бийлиги мына ошол жерди бербеш үчүн өз жарандарына аталган жер тилкесине бак, бадал отургузуп, үй салганга уруксат берип койгон. Кийин анан тажик тарап кечээгидей атайын чыр чыгарышат. Кыргыз бийлиги ошол кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Адаханды Тажикстанга жөнөткөн. Анан тажик тарап "биз бул жолду силерге өткөрүп берели дедик эле, бирок жергиликтүү тургундар чыр салып жатат, ошондуктан аны ижарага берүү боюнча жаңыдан макулдашалы" деген шарт коет. Анан ага макул болуп, Адахан алгач меморандумга кийин протоколго кол коюп берген. Ошонун негизинде Ошто мурдагы транспорт жана жолдор министри Нурлан Сулайманов Тажикстан менен Жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча макулдашууга кошумча протоколго кол коюп берген. Мына ошонун негизинде аны ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун 2011-жылы Атамбаев премьер-министр болуп турганда түшүнүп-түшүнбөй эле парламентке бекитүүгө жиберип жатпайбы. Бирок биз аны карап чыгып, аталган жер тилкелерин алмашуу "Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт" деген негизде корутунду чыгарып, аны бекитүүгө каршы болгонбуз.

Бир катар адистердин айтымында, эгерде кыргыз тарап Жака-Өрүктөгү ал жер аянтын Тажикстанга караштуу деп тааный турган болсо, анда Баткендин кээ бир айылдары жана Лейлек району толугу менен эксклавга айлануу коркунучу бар.

Бирок тажик бийлиги аны 1924-жылдагы карта боюнча өзүнө караштуу аймак катары санай турганы айтылган.

Расмий Бишкек болсо бул тилке кийинки карталар боюнча ага таандык экенин жүйө келтирип, тажик тарап чек араны такташуудагы өзүнө алган шарттарды аткарбай келе жатканы үчүн доомат койгон.

"Азаттыктын" архиви: Чек ара: талаштуу протоколдун төркүнү кайда?

Чек ара: талаштуу протоколдун төркүнү кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:24 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG