Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Чеп боло албай жаткан чек ара


Кыргыз-тажик чек арасынан табылган куралдын бөлүгү.
Кыргыз-тажик чек арасынан табылган куралдын бөлүгү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал, анын себептери, кесепеттери жана маселени чечүүнүн жолдору коомчулуктун көңүл борборунда турат.

Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы комиссия чечимдеринен, өкмөттөр менен президенттердин ортосундагы макулдашуулардан эмне үчүн майнап чыкпай жатат? Чек ара боюнда ишеним жаратыш үчүн эмне кылыш керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, Лейлек районунун Катыраң айыл кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев жана чек ара маселелери боюнча жергиликтүү эксперт Хаитали Айкынов катышты.

«Азаттык»: - Абдрахман мырза, кечээ кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, адам өмүрүн алган, бир тобу жарадар болгон окуя болуп кетти. Эки тарап бири-бирине «биринчи сен аттың» деп күнөөлөп жатат. Деги ушул окуянын алдын алууга, ок атпай чечүүгө болот беле?

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

Абдрахман Маматалиев: - Тилекке каршы, бул атышуу тарыхыбызда кара так менен жазылып кала турган кайгылуу окуя болуп калды. Мындан бир жума мурда «чек арада кырдаал курч, татаал, тажик тарап курулуштарды баштап жатат, улантып жатат» деген маалыматтар чыгып жатпадыбы. Алар биз тарапты күнөөлөгөнгө аракет кылып жатышты. Албетте, биздин өкмөт такыр аракет кылган жок деп айта албайм, мүмкүн аракеттери болгондур. Биздин тиешелүү органдарыбыз, жергиликтүү бийлик, өкмөт өзү чечкиндүү чара көрүшү керек болчу. Эми кайгылуу окуя болуп кеткенден кийин мындан ары эмне кылабыз? Аны ойлонушубуз керек.

«Азаттык»: - Сапарали мырза, ок атканга чейин жеткен окуянын себептерин сиз эмнеден көрөсүз? Сүйлөшүү жолу менен чечсе болот беле?

Сапарали Бөрүбаев: - Чек ара чырында өтүп кеткен мекендеш, баатыр чек арачы жигитибиз мени менен тең экен. Анын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтат элем. Албетте, бул окуяны болтурбай коюуга болмок. Анын себептери көп, терең изилдесек болот.

Эң негизгиси, окуя болгон жер - толугу менен Кыргызстандын мыйзамдуу жери, такталбаган жер эмес. Дагы бир себеби – биз эгемендүүлүгүбүздүн 28 жылында чек арачыларыбызга көңүл бурган жокпуз. Кошуналар бизге караганда чек арачыларга мурдатан катуу көңүл буруп, чек ара кызматын мурдатан калыптандырып алышты. Кыргызстан чек арага кеч көңүл бурду. Биз кошуналардын табиятын жакшы билебиз. Алардын негизги максаты - Ворух анклавына коридор алуу. Ушуну баарыбыз ачык түшүнүшүбүз керек. Биз эч кимге жер бербейбиз.

Кечээги жаңжалда ок Тажикстан тараптан атылды. Алардын мыйзамсыз аракеттери азыркыга чейин уланууда. Бул окуя кыргыз өкмөтүндөгү чек араларды тактоо боюнча жооп берген жетекчинин иши «нөл» экенин көргөздү. Биз, Лейлек жана Баткен эли өкмөткө, президентке канчалаган каттар менен кайрылдык? Тилекке каршы, маселени чечкенге тийиштүү аракеттер болгон жок.

«Азаттык»: - Хаитали мырза, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча акыркы жылдары иштеген комиссиялардын чечимдери, протоколдор, макулдашуулар ж.б. так аткарылып жатабы? Аткарылбаса себептери эмнеде?

Хаитали Айкынов.
Хаитали Айкынов.

Хаитали Айкынов: - Ооба, элибиз деле жакшы билет, ушул убакка чейин өкмөт аралык паритеттик комиссиялар иштеп келатат, өкмөт башчылары жолукту, кечээ жакында президенттер макулдашты. Мына ушунун баарын эске алганда мен билгенден Тажикстан менен бир метр жер да такталган жок, иш жүрбөй жатат. Өзбекстан менен чек араларыбызды тактоо жылып жатат го. Убакыт өткөн сайын кыйынчылыктар көбөйүп жатат. Өлүм менен коштолгон окуялар эки тарапты тең жакшылыкка алып барбайт. Ыйгарым укугу бар бийликтеги жетекчилер чечкиндүү сунуштар менен чыгып, сүйлөшүүлөрдү тездетиш керек.

«Азаттык»: - Абдрахман мырза, сиз да көп жолу айтып келгенсиз, «чек арага байланышкан мамселер комиссиялардын, өкмөттүн деңгээлинде чечилбейт, эки өлкөнүн президенттеринин саясий эрки менен чечилет» деп. Кечээ жакында эле эки президент жолугушуп, көп маселелерди макулдашканы айтылды эле, таасири болдубу, кырдаалды жеңилдеттиби?

Абдрахман Маматалиев: - Эки президент мурда деле жолугушуп жүргөн, кечээ жакында да жолугушту, макулдашты. Алар өкмөттөрүнө тапшырмаларды беришти, кеп өкмөттө. Өкмөттө чек ара маселесине жооп бере турган, чече турган жетекчилер, кызматтар бар. Чек араларды демаркация, делимитация кыла турган өкмөттө комиссия бар. Ал комиссияларды эки өлкөдө тең вице-премьер-министр деңгээлинде жетектешет. Ошолор тиешелүү иш-чараларды түзүп, президенттердин тапшырмаларын аткарыш керек. Кошуна менен башында эле ачык, так, даана сүйлөшүп алыш керек. Биз убагында «силерге Ворух аркылуу коридор бербейбиз» деп ачык эле айтканбыз. Чек ара маселесин чечүүдө эки тараптын комиссияларынын ортосунда тыгыз байланыш болуш керек, өз ара ишеним жаралыш керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG