Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Парламент чек ара маселесин карады


Баткен облусунун Лейлек району.
Баткен облусунун Лейлек району.

Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, андан кийинки эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Жыйынга журналисттер киргизилген жок.

Парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган.

Жыйындан чыккан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик сырга байланыштуу толук маалымат бере албасын айтты.

"Тажиктер салып жаткан мыйзамсыз курулуш токтоду. Алар киргизген аскерлер чыгарылды. Эки тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча көп жагдайлар бар экен. Буга чейин тажикстандык жарандар элүүгө жакын үйдү сатып алыптыр. Ошол себептүү "биздин жер" деп доомат коюп жатышкан экен. Бизде бул чек ара маселеси өкмөткө жүктөлсө, Тажикстанда президент өзү көзөмөлдөйт экен. Муну менен катар көйгөйлөр арбын экени айтылды. Мисалы, аткезчилик, үй-мүлктөрдү кыргыз тарапка эмес, тажик тарапка каттаган учурлар чыкты. Айтор өкмөттүн чече турган маселеси көп экен".

Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып ​чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссияга өзгөчө макам берүү керек экенин билдирди.

"Бүгүнкү күндө биздин 405 чакырым такталбаган чек арабыз бар. Алар башка картанын негизинде бул жер биздики деп айтып жатат. Кыргызстан башка жылдагы картанын негизинде биздики деп талаш-тартыш болуп келет. Өкмөт чыр болуп жаткан жерде алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмес. Анткени чыр былтыртан баштап келатат. Акыры ок атышуу менен аяктап жатат. Биздин комиссия начар, оперативдүү иштебегенин мойнубузга алышыбыз керек. Маалыматтар жетишсиз, контраргументтер жок. Парламент жыйынында комиссияга макам берүү маселеси көтөрүлдү. Ал агенттик же комитет болобу, азырынча билбейм. Ал чек ара маселеси боюнча гана иштеши керек".

Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен, тактала элек аймакка баштаган курулушун токтотуп, буза турганын өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров да билдирген.

Анын айтымында, тажик тарап сүйлөшүүгө ылайык жакынкы 20 сааттын ичинде баштаган курулуштарын кайра бузушу керек.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотконун жарыялаган.

Эки тарап сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен кандай макулдашууга жетишкени расмий айтыла элек. Эки тараптын 18-сентябрдагы сүйлөшүүсү кечке чейин уланды.

Тажикстандын "Азия плюс" агенттиги сүйлөшүүдө Кыргызстандагы байкоо салган мунараны алуу, тажик тараптын курулуш иштерин токтотуу боюнча макулдашылганын жазган. Мындан сырткары 18 саат ичинде эки тарап кошумча күчтөрдү жана аскер техникасын тышка алып чыгуу боюнча макулдашканы белгиленген.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган.

«Равшандын үч баласы жетим калды»
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылык билдирип, "такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады" деп айыптап жатат.

Чек ара: талаштуу протоколдун төркүнү кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:24 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG