Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Баткен: чек ара маселесине жумшалган акча


Кыргыз-тажик чек ара аймагы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек ара аймагы. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы пикир келишпестиктердин алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Баткен районунун чек арага жакын аймактарында жол, сугат суу түйүнүн, социалдык мекемелерди курууга 2019-жылдын июнь айында өкмөттөн 220 млн. сом бөлүнгөн. 

Баткен облустук акимчилигинен берген маалыматка ылайык Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймагындагы 7 чакырымдык Көк-Таш - Ак-Сай, 24 чакырымдык Ак-Сай - Тамдык, Ак-Сай - Рават автожолдорунун курулушу уланууда. Бул жолдорду салуунун артыкчылыгы - жергиликтүү эл талаш жараткан аймактарды айланып өтүп, ары-бери эркин катташына шарт түзөт.

Чек ара маселесин жөнгө салуу максатында кыргыз өкмөтү июнь айында 220 млн. сом бөлгөн. Анын 50 миллиону Ак-Сай айыл аймагындагы Бакай участогунун тургундарын сугат суу менен камсыз кылыш үчүн, 20 млн. сом Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектепти капиталдык оңдоого жана Капчыгай, Ак-Татыр айылдарына бала бакча курууга, ал эми калган 150 миллион сому жогоруда айтылган автожолдорду курууга бөлүнгөн.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул аракеттер айрым тоскоолдуктарга карабастан, чек ара маселелерине байланышкан жаңжалдарды алдын алууга олуттуу салым кошту деп эсептейт.

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

- Жол курууну баштап, техника алып бара баштаганда чатак чыккан, - деди ал. - Жол курууга тажик тарап каршы чыккан учурлар болду. Биз Көк-Таштан Ак-Сай, андан ары Ак-Сайдан Рават айылына баруучу жолду да курдук. Бул долбоор өтө оор болду. Жол куруу учурунда үч жолу атышуу менен коштолгон чыр чыкты. Анда биздин жана тажик тараптын аскер кызматкерлери жарадар болгон. Ак-Сай суусуна көпүрө куруп жатканда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тажик бийлиги Көк-Таш - Ак-Сай жолун курууга макул болду. Азыр ошол жолду асфальттоону өкмөт башчыга айтып, ишти жүзөгө ашырып жатабыз.

Анткен менен жергиликтүү эл арасында мындай аракет жетишсиз экенин айтып, башка чараларды сунуш кылгандары да бар. Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев айланма жолдордун курулушу чыр-чатакты азайтканы менен ага толук таасир тийгизе албай жатат деген пикирин бидирди. Ал акыркы эки жыл ичинде чек арадагы жаңжалдар ок атуу менен коштолуп, адам өмүрү кыйылып жатканын мисалга тартты:​

- Июлда эле болуп өттү го, өтө коркунучтуу жаңжал. Ал ок атуу менен коштолуп, мурдагы чыр-чатактарга салыштырмалуу коркунучтуу болду. Жаңжалдардын алдын алыш үчүн Көк-Таш - Ак-Сай жолубуз толук асфальтталды. Эл Ошко, Бишкекке эркин жүрүп калды. Бирок муну менен маселе чечилбей жатат. Чек араны тикен зым менен тосмоюнча чыр токтобойт.

Серепчи Базарбай Масейитов бул бөлүнгөн каражат толугу менен чек ара көйгөйүн чече албайт деген пикирин билдирди. Бирок ошону менен катар ал бири-бирине жакын жайгашкан кыргыз-тажик айылдарынын ортосун тикен зым менен тосуп коюу жергиликтүү элдин укуктарын чектей турганын кошумчалады:

- «Чек арадагы келишпестиктерди жөнгө салат» деген социалдык мекемелерди, жолду курууга бөлүнгөн акча көйгөйдү толугу менен чече албайт. Кандайдыр бир жардам берет. Бирок бул жерде комплекстүү иш алып барыш керек. Анан чек араны зым менен тосуп коюу маселени чечпейт. Аймакта алака, карым-катнаш, соода-сатык токтоп калышы мүмкүн. Бирок зым тор менен тосууга биздин мамлекеттин каражаты жетеби деген маселени да ойлошубуз керек.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү берген маалыматка ылайык, 2018-жылы кыргыз-тажик чегинде жалпысынан 13 чыр-чатак катталган болсо, быйыл жети айдын ичинде эле чек арада 26 чатак чыккан. Алардын акыркысы 14-сентябрда Максат айылында эки тараптын чек арачыларынын ортосундагы атышуусу болду. Анда кыргыз жана тажик тараптан жалпысы 4 киши мерт болуп, ондогон адамдар жаракат алышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG