Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Выговская: Талаштуу жер маселеси чукул чечилбейт


16-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы талаш ок атышуу менен коштолду. Мындай чатактар мурда да болуп келген.

Куралдуу кагылыш буга чейинки макулдашууларды жокко чыгарып, тараптар баарын кайрадан баштоого мажбур. Чек арадагы жер талаш маселесин чечүүнүн кандай жолдору өтүмдүү? Талашты чечүүнүн дүйнөлүк практикасы кандай? Кайталанып турчу тирешти болтурбай коюунун жолдору барбы?

Талаштуу маселелерди жөнгө салуу боюнча «Egalitee» агенттигинин башчысы Татьяна Выговская «Азаттыкка» жагдай тууралуу пикирин билдирди.

«Азаттык»: - Көпчүлүк эксперттер чек ара талаштарын чечүүнүн жападан-жалгыз жолу катары бирдей жерди алмаштырууну айтып келатышат. Бирок эки өлкөнүн адамдары мындай мунасага келүүнү жактырышпайт. Талашты чечүүнүн дагы кандай жолдору бар? Бул боюнча дүйнөлүк тажрыйба кандай?

Татьяна Выговская.
Татьяна Выговская.

Выговская: - «Дүйнөлүк тажрыйба» деп калдыңыз, мындай талаштар көбүнесе зордук-зомбулук аркылуу, аскердин күчүн колдонуу же коркутуу, катар-катар санкцияларды салуу, экономикалык жолун бууп коюу, дипломатиялык жагынан четтетип салуу сындуу аракеттер менен коштолуп келатат. Анын мисалы катары Тоолуу Карабак боюнча Армения менен Азербайжандын жагдайын, Крым боюнча Орусия менен Украинанын, Израил менен Палестинанын, ошондой эле дүйнөнүн ар кыл жеринде токтолбой келаткан бир топ талаш-тартыштарды айтсак болот. Адатта мындай тирештер ондогон жылдарга, көпкө созулуп кетет.

Тажикстан менен Кыргызстан - Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү, андай болгон соң жер талаштарын чечүүнүн принциптерин сактоого милдеттүү. Бул иште укук менен акыйкатка негизделген тынч каражаттарды пайдаланып, мунасага келүү менен маселе чечилиши керек. Талашты күчөтүүгө алып келчү аракеттерден эки тарап тең алыс болушу зарыл. Ортодогу талашты арабөк калтырбай, жагдайга жана талаштын ыңгайына жараша тийиштүү каражаттар менен тынч жөрөлгөлөрдү жасап, чечүүгө аракет кыла берген туура.

Андай талаштарды чечүүнүн соттук жана келишимдик усулдары бар. Келишимдик усулдун чегинде Кыргызстан менен Тажикстан тийиштүү комиссияларын түзүшкөн, дүйнөлүк практикага шайкеш келчү иш-чаралар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Ага карабастан талаштар, тараптардын тиреши токтой элек, бул проблема чечиле элек экенин көрсөтөт.

Келишимдик усулдун натыйжасы жаатташкан тараптар талаштын бар экенин моюнга алганда гана көрүнөт. Эгер бир тарап талаштуу жерди өз максатына пайдалана баштаса, анысы ал жерди талаштуу участок катары тааныбайт деп эле бүтүм чыгарса болот. Андайда дипломаттар менен аткаминерлердин башкача келишимдери иштебей калат. Аскердик тиреш ушинтип чыгат. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, ал өзү талаштуу деген жерди ээлеп алуунун натыйжалуу жолуна айланат.

Теңдеш жерди алмашып алуу деле дайыма чек аранын талаштуу маселесин чече албайт. Аны учурунда башка өлкөгө сатылып кеткен Аляскага байланышкан жагдай менен түшүндүрүүгө болот. АКШ президентинин Гренландия боюнча демилгеси артынан оголе көп талаш-тартыштарды жаратты, бирок демилге айтылган боюнча турат. Мында теориялык жактан бир аймакты убактылуу ижарага берүү вариантын караса болот. Гонконг (Сянган), Аомынь (Макао), Ляодун жана башкалардын мисалын алалы. Кытайда Европа өлкөлөрүнө 99 жылга бир жерди ижарага берүү практикасы кеңири жайылган. Мындай жөрөлгөнүн Кыргызстандын шартында колдоо табышы күмөн. Андайды тажик тарап деле жактырбаса керек. Эки тарап тең талаштуу жерлерди өздөрүнүн атам замандан бери жашап келаткан аймагы катары эсептешет.

Мүмкүн талаштуу жерди тактоонун дагы бир жолу катары ШКУнун же ЖККУнун алкагындагы эл аралык чек ара арбитражды пайдалануу керек чыгар? Ал үчүн тараптар ошондой арбитраж боюнча макулдашууга келип, кадыр-барктуу сырткы арбитрды тандап, анын чечимин эки тарап тең айныксыз таанышы керек. Андайда бир тарабында Кытай, экинчисинде Орусия арбитр катары чыгышат. Бирок учурдагы жагдайдан улам мындай арбитрдын чечимин эки өлкөнүн өкмөтү менен калкы жабыла кабыл алып ийиши деле күмөн.

Мындан тышкары БУУнун Эл аралык сотуна кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар. Анын жер талашты чечип берүү жөрөлгөсүнө ылайык эки тарап же бир өлкө өзү деле кайрыла алат. БУУ сотунун чечимин тараптар аткарууга милдеттүү, бирок ал чечим талашып жаткан өлкөлөр, анан да конкреттүү жер боюнча гана. Өлкөнүн Эл аралык соттун чечимин милдеттүү түрдө аткаруусу БУУнун уставына ылайык аныкталат. БУУнун Эл аралык сотунун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт, анткен менен ал деле жаңы ачылган жагдайга жараша кайрадан каралышы ыктымал. Эгер талаштуу иштин укуктук негиздери ал проблемага ылайык келбесе, сот ошондой деп чечсе БУУнун Эл аралык соту иш боюнча чечим чыгарбай коюшу деле ыктымал. Анткен менен Эл аралык сот алдын-ала чечим чыгарышы мүмкүн, ал деле кийинки сүйлөшүүлөргө өбөлгө түзө алат.

«Азаттык»: - Дайым эле элдин пикирин угуш зарылбы? Августта Кыргызстан менен Өзбекстан 2017-жылы Жалал-Абад менен Ош облустарында жерди алмашканы дайын болуп калды. Коом буга катуу нааразы болуп, бирок башаламандыкка барган жок. Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги саясий эркин билдирип, жер алмашууга бара алышабы?

Выговская: - Тилекке каршы, жер талаш маселесине келгенде калк дайым эле кара кылды как жарган калыстыкты карманат деп айтыш кыйын. Бул жерде кош тараптуу нааразылык деген проблема сөзсүз чыгат, тынч заманда жер талаш боюнча чыккан бардык чечимге эл нааразы эле болот. Ал эми согуш шартында тынчтыкты көздөгөн иш-аракеттин баарын туура деп эсептейт. Кыргызстан аймактык талаштарга байланышкан ички кагылыштардын кайгылуу тажрыйбасын башынан кечирген. Ошол кандуу кагылыштардын бири улуттук трагедия катары сыпатталган. Ошондуктан мындай маселеге келгенде бийлик башындагылар өзгөчө этияттыкты көрсөтүп, чек ара жаңжалы боюнча калкы менен тирешпей, ички мүмкүнчүлүгүн кылдат иликтеп чыгышы керек.

Кандай жагынан келгенде да, ички талаш-тартышты кыйгап өтүш кыйын. Анын залакасын жумшартыш үчүн бийлик калкты мына ушул аялуу маселени талкуулоо, чечим кабыл алуу иштерине кеңири катыштырышы керек. Ички талаш-тартышка караганда коомдун бийликке ишенимин чыңдоо бир топ жакшы натыйжаларга алып келет. Азыркы учурда бир аз мурдараак болуп өткөн саясий жаңжал жарандар менен өлкөнүн саясий бийлигинин ортосундагы ажырымды кыйла тереңдетип салды. Ошондуктан жер талаш маселесин апыл-тапыл чечүүгө ашыкпай, маселени жети өлчөп бир кесүү зарыл.

Жер талаштын баары өлкө ичиндеги улуттар ортосундагы талаштарды чыгарып жибериши мүмкүн экенин, ошондой коркунуч дайыма болорун эстен чыгарбай, чечим кабыл аларда булардын баарын эске алыш керек. Бул жерде өлкөнүн маалымат коопсуздугунун маселесин кароо зарыл, бул аймактык жаңжалдардын алдын алууга шарт түзөт.

«Азаттык»: - Тажикстан менен талаштарды чечпей коюунун залакасы келечекте кандай коркунучтарды пайда кылышы мүмкүн? Бара-бара ал согуштук чатакка алып келиши ыктымал деп айтууга негиз барбы?

Выговская: - Аймактык чатактардын жүрө-жүрө согуштук чатактарга айланып кетиш коркунучу бар. Бирок бул чөлкөмдө ЖККУ менен ШКУнун турушун, Кыргызстан менен Тажикстандын ынтымакта жашоосун каалаган кубаттуу саясий оюнчулардын бар экенин эске алыш керек. Чөлкөмдөгү мындай жаңжалдарга башка дүйнөлүк оюнчулардын да көңүлү бурулуп турат. Анткени ушундай тирештер ислам революциясынын өртүн тутандырып жибериши да мүмкүн. «Талибан» кыймылы, башка чаарбаш исламчыл кыймылдардын позициясын күчөтүп жибериши ыктымал. Аскердик кагылыш чыгып кетиши ыктымал деген жоромол деле Кыргызстан менен Тажикстанга стратегиялык үлкөн оюнчулардын басым-кысымын күчөтүп ийиши мүмкүн, андайда жаңжал башталбай жатып токтойт.

Мүмкүн, Тажикстан ушу тапта атайылап эле чатак чыгарыш үчүн чек арадан аз-аздан ичкери жылып, ага кыргыз тарап канчалык даяр экенине, кандай мамиле кыларына кызыгып, күчүн көрсөткүсү келип жаткандыр? Мындайда чоң согуштун чыгыш кетиш коркунучу аз, бирок такай кайталанчу жаңжалдардан жүрөкзаада болгон Кыргызстан андай аракеттерге аскердик күчү менен жооп бериши ыктымал же баарына макул болуп чек арасын артка жылдырышы мүмкүн. Азыркы учурда аскердик мекемелерге караганда дипломатиялык иш-аракеттердин потенциалы жогору.

Тажикстан менен аймактык талаштардын таасири барып-келип эле Баткен облусунун экономикалык жагдайына, социалдык өнүгүшүнө оор залакасын тийгизет. Чырдан башы чыкпаган, ансыз деле абалы оор аймактын өнүгүшү солгундап, жаңжалдардын көбөйүшү калктын нааразылыгын жаратып, мамлекеттин бюджетинде аңырайган «боштук» жаратат. Ансыз да дотация менен жөлөк пулга муктаж болуп турган облуска өзгөчө кырдаалдарга жумшалчу каражаттардын арбын бөлүнүшүнө, миграциянын күчөшүнө алып келет. Мунун баары өлкөнүн экономикасына оорчулук келтиргенден башкага жарабайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG