Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

«Равшан жайдары, боорукер жигит эле...»


Равшан Муминов.
Равшан Муминов.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон атышууда кыргызстандык чек арачы, 41 жаштагы Равшан Муминов окко учту. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов Исфана шаарынын тургуну.

Жакындарынын айтымында, Максат айылына келип-кетип иштеген жигит эгер каргаша болбосо, бир күндөн кийин үйүнө бармак.

Анын бир тууган агасы Үсөн Муминов иниси менен үч күн мурда эле телефондон сүйлөшкөнүн эскерди:

«Равшанбек жайдары, боорукер адам эле. Бирөөгө орой сүйлөп, көңүлүн ооруткан эмес. Үч күн мурда сүйлөшкөнбүз. Үй курам деп аракет кылып жатканын айткан. Бул тагдыр бешенесине жазылган экен. Эч кимди күнөөлөй албайбыз. Жайы жаннаттан болсун».

Маркумдун таежеси Хосият Хайдарова жээнинин жетим калган үч баласына мамлекет кам көрөт деген үмүттө турганын айтты:

«Чиедей балдары, жубайы, оорукчан энеси калды. Ушул күнгө чейин аскер кызматында иштеп, батирде жашап келди. Президенттен жетим калган үч балага үй беришин суранам. Равшан Максат айылына кетип жатканда, энеси ооруканада болчу. Ошол жерге барып, батасын алып жолго чыккан. Өлөрдөн бир күн мурда энесине чалып «эки күндөн кийин барам» деп айткан экен. Каза болгонун укканда эңгирей түштүк. Бул жоокерлердин өлүмү кимге керек? Эки тараптын талашканы эмне? Мен тажиктерди күнөөлөгүм келбейт, алар да кайгырып турат. Алар да уулдарын жоготту. Эл-жердин тынчтыгы үчүн жетекчилер аракет кылса дегим келет».

Хосият Хайдарованын айтымында, Равшанбектин 1976-жылы туулган агасы да 2003-жылы чек арада кызмат өтөп жатып каза болгон.

«Равшанбек бир жарым жашка чыкканда атасы кайтыш болгон, - дейт ал. - Эжем байкуш алты баласын жалгыз чоңойтту. 2003-жылы Дилшодбек деген баласы Арка аймагында кызмат учурунда курман болгон. Мына эми Равшан да эл-жеринин тынчтыгы үчүн жанын берди».

Премьер Абылгазиев маркум чек арачынын жакындары менен.
Премьер Абылгазиев маркум чек арачынын жакындары менен.

Маркум Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-сентябрда Исфана шаарында өттү. Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган жетекчилер катышты.

«Биз оор жоготууга учурадык. Мекени үчүн, улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн өмүрүн берген, өлкөбүздүн чыныгы мекенчил уулунан ажырадык. Баарыбыздын кабыргабыз кайышып, бүтүндөй өлкө кайгырып турат», – деди премьер-министр.

Абылгазиев тажияда маркумдун үй-бүлөсүнө мамлекет кам көрө турганын белгиледи.

Равшан Муминовдун жакындарына президент Сооронбай Жээнбеков да көңүл айтты.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жана 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө депутаттардын эки күндүк маянасын берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал 18-сентябрда парламенттин жыйынында айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сунушка байланыштуу токтом кабыл алынбай турганын, маянасын бөлүп берүүгө макул болгон депутаттардын тизмесин түзүш керек экенин айтты.

«Равшандын үч баласы жетим калды»
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Равшан Муминов 1978-жылы 31-октябрда Ташкент шаарында туулган. 1985-жылы Исфана шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепке барып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1997-жылы Лейлек райондук аскер комиссариаты тарабынан армияга чакырылган.

2002-жылдын сентябрь айынан баштап Лейлек чек ара отрядынын «Айкөл» тозотунда инженердик сапердук ротада жана атайын дайындалган «Бөрү» отрядында келишим менен кызмат өтөп келген.

Чек ара кызматы тараткан маалыматта, Равшан Муминов ак ниеттүүлүгү үчүн 1,2-даражадагы «Мыкты чек арачы» төш белгиси, «Мамлекеттик чек араны кайтаруудагы артыкчылыгы үчүн» 1-даражадагы медалы жана «Баткен коогалаңына 15 жыл» мааракелик медалы менен сыйланган.

Жубайы Мухойе Муминова экөө эки уул, бир кызды: 11 жаштагы Азизбекти, сегиз жаштагы Сарвинозду, төрт жаштагы Аббозду тарбиялап жатышкан.

2019-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында чыккан атышуу учурунда Тажикстандан да үч чек арачы каза тапкан.

«Азаттыктын» тажик кызматына Согди облусунун акиминин басма сөз катчысы Музаффар Юнусов телефондон маалымат берип, каза болгондордун бирөө полковник, экөө катардагы жоокер экенин айткан.

Алар: Оочу-Калача өткөрмө жайынын жетекчиси Рустам Убайдуллоев (35 жаш), Рамазон Исломов (21 жаш) жана Гиёсиддин Суванов (19 жаш).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG