Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:23

Апта: чырмалган чек ара, комиссия сураган күбөлөр


Баткен, Максат айылы.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (16-22-сентябрь).

Чырдын төркүнү

Жуманын башында Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Жаңжалда Кыргызстандын бир, коңшу өлкөнүн үч чек арачысы окко учуп, 10дон ашык адам жараат алды.

Чек арадагы соңку чыр тактала элек тилкелердеги курулуштардан улам тутанды жана бул өз кезегинде документтерге байланыштуу талаш-тартыштуу маселени кайра козгоду.

Тажикстан 14-сентябрда Ош-Баткен-Исфана жолунун Көк-Таш менен Орто-Боз айылдарынын ортосундагы Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) тилкесине курулуш баштаган. Дүйшөмбү бул тилкени кыргыз тарапка ижарага бергенин айтып келет. Кыргызстан болсо жер тактала электигин, курулуштар 2014-жылкы эки тараптуу макулдашууга каршы келерин жана мыйзамсыз жүрүп жатканын эскерткен.

Эми бул тилкеге байланыштуу документтердин таржымалына токтололу.

Кыргызстан менен Тажикстан 2008-жылы ноябрда жана 2009-жылы мартта чек ара тууралуу макулдашкан. Анда Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоп, ал жерге көпүрө салыш үчүн дарыяны жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер тилкесин Кыргызстанга ижарага алары айтылган. Протоколго эки өлкөнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары кол койгон. Ошол кезде Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров болгон.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин пикиринде, Жака-Өрүккө байланыштуу чек ара чырынын төркүнү ошол протоколдо:

«Жака-Өрүктө чек ара маселе чыкпадыбы. Бул маселе чыкпайт болчу. Бакиевдин мезгилинде ошол жерге жол салынып жатканда дарыянын боюнан баштап, Жака-Өрүккө чейинки 275 метр жерди ижарага алуу боюнча Мадумаров тиешелүү протоколго кол коюп салган. Ошондон тартып Баткендин Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл өкмөттөрү, Лейлек району жана Сүлүктү шаары толугу менен эксклав болуп калды. Себеби ошол документке кол коюлгандан тартып аймактын Мачайыга жана Чоркуга кеткен жагында үйлөр түптөлө баштаган. Бул жер негизи бош турган кыргыздын жери болчу».

Адахан Мадумаров болсо бул протокол эки тараптуу андан аркы сүйлөшүүлөргө гана негиз берген документ экенин айтып, өзүнүн тушунда кабыл алынган чечимдер тууралуу дооматтарды четке кагууда:

«Ошол мезгилде бизде Тажикстанды айланып өтүү маселеси чечилген. Биз мындай макулдашканбыз. Тажик тарап электр энергиясын Өзбекстандан өз алдынча алып өтөт. Биз болсо анын аймагын басып өтпөгөндөй кылып, өткөнгө жол салып, айланма жолго чыгууга укук алганбыз. Ошондой макулдашканбыз. Натыйжада биз толугу менен кыргыз жолдорунун көз каранды эместигин камсыз кылган болчубуз. Биз бул боюнча бир топ ийгиликтерге жетишкенбиз. Бирок бул иш ошондон ары карай тынымсыз жыйналып, чечилип турушу керек эле. Ошондон кийин кандай иш алып барышты? Кандай келишимдер болгону мага белгисиз».

Адахан Мадумаров мындай пикирин «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө да кайталады. Саясатчы ага доомат арткан Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаевди жана бийлик өкүлдөрүн теледебатка чакырды.


2011-жылы апрель айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн 2005-жылдагы макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке жөнөткөн. Бирок Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети терс корутунду чыгарган. Мындан ал убакта Өмүрбек Бабанов башкарган өкмөт 2012-жылы 25-январда долбоорду парламенттен кайтарып алган.

Ошондон тарта Бишкек менен Дүйшөмбү бул түйүндүү маселени чече албай келет жана бул тилкеге байланыштуу буга чейин дагы бир канча жолу жаңжал чыккан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан улам президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу кеңешме өткөрдү. Чыр чыккан жерге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү, депутаттар барды. Премьер-министр Максат айылындагы жолугушууда чек ара маселеси чечилет деп ишендиргенге аракет кылды:

«Жакында Кыргызстандын президенти Тажикстандын президенти менен жолугуп, «тынч, тез арада маселени чечели» деди. Азыр чек ара маселеси боюнча адистердин бардыгын күчтөп жатабыз, билген адистерди ишке коюп жатабыз. Өзгөчө Баткенде, түштүк жергесинде жашаган биздин жерлерибизди, элдин жашап жүргөн шартын билген адамдардын бардыгын коюп жатабыз. Губернаторду баш кылып, Жеңиш Разаков менен маселелерди чечүүгө келдик. Сүйлөшүү процесстерин күчөтөбүз. Тез аранын ичинде, өзгөчө шахмат сымал жашаган жерлерди кандай чечебиз деген маселени коёбуз».

Абылгазиев Максаттын тургундарына жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00


Чек арадагы акыркы жаңжалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү эки күнгө созулду. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров эки тараптуу сүйлөшүүдө айрым бир маселелер боюнча орток пикир табылганын айтып берди.

«Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин штаттык режимге өтүү боюнча чечим кабыл алынды. Аскер күчтөрүн чек ара аймактарынан өздөрүнүн ар дайым туруктуу турган орундарына кайтаруу жана оор техниканы алып чыгуу боюнча сүйлөшүлүп, жумуш башталды. Аны менен бирге тажик тараптын такталбаган чек ара аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды токтотуу жана курулуштарды бузуп, мурдагы абалга келтирүү боюнча сүйлөшүлдү».

19-сентябрда Жогорку Кеңеш чек араны жабык талкуулады. Анда премьер-министр баштаган өкмөт өкүлдөрү маалымат берди. Адам өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.

Кыргыз-тажик президенттери ушул жылы жайында жолугушкан. Анда Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек арага байланыштуу мунасага келди деп кабарланган. Саясат таануучу Эмилбек Жороев эки президенттин буга чейинки жолугушуусунда анда орток пикир табылганынан күмөн санайт:​

«Коомчулукта «эки президенттин сүйлөшкөнүн, кол алышканын жергиликтүү бийлик, жашоочулар урматтабайт турбайбы» деген ой пайда болушу мүмкүн. Бирок биз чыныгы сүйлөшүү кандай болгонун билбейбиз. Ворух менен Исфарада, Чолпон-Атада сыйда, супсак сүйлөшүү өткөндөй элес калтырган. «Так, конкреттүү бир чечимге келдик, мындай варианттарга токтолдук» деп айтышкан эмес. Ушундан улам жолугушууда маселе чечилбей калганбы, балким калың элден жашырган пикир келишпестик да болгон окшойт деген ой келет. Болбосо, тажик тараптын борбордук бийликтин макулдугун албай туруп мындай иш-аракеттерге барышы мүмкүн эмес».

Адистер эгерде кыргыз тарап Жака-Өрүктөгү 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын Тажикстанга караштуу деп тааный турган болсо, анда Баткендин кээ бир айылдары менен Лейлек району толугу менен эксклавга айланып калышы ыктымал экенин айтып келишет. Бирок тажик бийлиги аны 1924-жылдагы карта боюнча өзүнө караштуу аймак катары санап, Ворух айылын анклав деп эсептебей турганын билдирип келген.

Кой-Таш комиссиясы күбөлөрдү сурады

Кой-Таш окуяларын иликтеген мамлекеттик комиссия 19-сентябрда жыйынга чогулду. Анда УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапташы, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коеналиев көрсөтмө берди.

Абдил Сегизбаев Кой-Ташка бир нече жолу барганын бышыктады жана муну өзүнүн жарандык позициясы катары түшүндүрдү жана Атамбаевге моралдык колдоо көрсөтүү деп атады.

Комиссиянын мүчөсү, саясатчы Исмаил Исаков Сегизбаевдин Атамбаевдин тарапташтарына мал союп бергенин моралдык эмес, материалдык колдоо деп эсептей турганын белгиледи:

«Моралдык колдоо деп «сен духуңду көтөр, башыңды ийбе» дегенди айтабыз. Азыр эле өзүңүзгө каршы чыгып «мал сойдум» деп айттыңыз. Бул каржылык жактан колдоо болуп жатпайбы? Ал «мен мамлекетке баш ийбейм, чакырууга барбайм, өзүм каалаганды кылам» деп чакырык таштап жатпайбы? Сиз ошону каржылап, колдоп жатпайсызбы? Мал сойгон ошого тете да, туурабы?».

Күбөлөр Кой-Таш окуясы боюнча суроолорго жооп берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:47 0:00


Президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев жыйында Кой-Таштагы окуялар тууралуу кеч укканын айтты:

«7-августта мен үйүмдө болгом. Кечки саат 6да ооруканада жаткан бир тууган агамды көргөнү чыгып кеткем. Ошону менен үйгө 8ден өткөндө келдим. 9дан өткөндө сыртка чыксам, кошуналарым Кой-Ташта ызы-чуу болуп жатканын айтты. Келинчегим ошол айыл тарапта иштейт. Ал үйгө келгенден кийин Кой-Ташка барууну чечтим. Кан төгүлүп кетпесин, ИИМдин жетекчилигине жолугайын деп саат түнкү 11ден өткөндө айылга келдим. Тоолуу Маевкага келсем да чоң блок-пост бар экен. Андан өткөндөн кийин ички иштер министринин биринчи орун басары Курсан Асановду, Алмаз Орозалиевди, Канат Жумагазиевди көрдүм. Курсан мага «балдарды токтотконго жардам бериңиз, утур-утур таш ыргытышып, чагым болуп жатат» деди. Мен макул болдум. Балдарга барып «арашандык байкеңер болом, токтоткула» деп сүйлөштүм. Ал жерде Нарындан, Таластан келген балдар бар экен. Ошентип «балдар бул линиядан, милиция да бул линиядан жылбасын» деп сүйлөштүк. Жогору барсам Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Тариел деген жигит келди».

Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов Алмазбек Атамбаевге Кой-Таш окуялары учурунда моралдык, каржылык колдоо көрсөткөндөргө юридикалык баа берилет деп билдирди. Анын айтымында, тергөө органында буга байланыштуу тиешелүү маалыматтар бар.

Анткен менен бул комиссиянын калыс чечим чыгарыларынан күмөн санагандар бар. Маселен, укук коргоочу Рита Карасартова комиссияда эл арасында абройлуу жарандык коомдук өкүлдөрүнүн кошулбай калганын сындады:

«Жарандык коомдун өкүлдөрү көбүрөөк болсо жакшы болмок. Өзүнүн пикири бар, белгилүү укук коргоочулар болсо комиссия жыйынтыгынын корутундусу салмактуу болмок. Мисалы, мен кандай жыйынтык чыгарын алдын-ала эле билем».


Бул комиссиянын жыйынына Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова чакырылган. Кодуранова комиссия менен кызматташуудан баш тартты.

Комиссия эми 23-сентябрда чогулат жана ага депутаттар Карамушкина менен Кодуранова кайрадан чакыртылды. Ошондой эле ал жыйында Аскер прокуратурасы маалымат берет.

Ал арада аталган комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамынан чыгышы ыктымал экенин айтып чыкты. Ал муну комиссиянын жыйындарына чакырбай жатканы менен түшүндүрдү:

«Бүгүн чалып, менин телефонумду таппай жатышканын айтышты. Комиссиянын иши 26-сентябрда бүтөт экен. Ошого чейин мен болгон документтер менен таанышып чыгышым керек экен. Мага аны окуп, карап, талдап, изилдеп чыкканга мүмкүнчүлүк түзүп беришсе мен катышышым мүмкүн. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо комиссиянын курамынан чыгам. Азырынча белгисиз».

Комиссиянын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов Сооронкуловага маалымат берилгенин, ал эки отурумга катышпаганын айтты. Анын айтымында, 26-сентябрга чейин дагы үч отурум болот. Эгер тийиштүү тараптан маалымат алууга жетишпесе комиссия мөөнөтүн узартышы ыктымал.

Кой-Таш окуяларын иликтеген мамлекеттик комиссия өткөн айда өкмөт башчынын буйругу менен түзүлгөн. Курамына депутаттардын сырткары, саясатчылар, коомдук ишмерлер кирет жана комиссияны вице-премьер-министри Жеңиш Раззаков жетектейт.​

Алтын алган Айсулуу

Жума аяктап баратканда кыргызстандык балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова өлкөнүн эгемен тарыхында алгачкы дүйнө чемпиону болду.

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Тыныбекова финалга чыгып, атаандашы - болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди 5:3 эсебинде жеңип алды. Айсулуу жеңишин Кыргызстанга арнай турганын айтты.

Айсулуу: Элиме берген убадамды аткарам
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00


Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуунун жеңиши көп жылдык мээнеттин үзүрү экенин белгиледи:

«Дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеште Айсулуу Тыныбекованын кыз-келиндер арасында биринчиликти багындырганы - он жылдык талыкпаган эмгектин үзүрү. Маңдай терибиздин мээнети акталып, кубанычыбыз коюнга батпай турабыз. ​Күйөрмандарга чоң ыраазычылык билдиребиз. Биз ушул алтынды 10 жыл бою күткөнбүз. Айсулуу менен талыкпай эмгектенип, алтынга жетебиз деп эңседик эле, мына бүгүн жеттик. Биз үчүн абдан эле кубанычтуу болду. Бул кыргыз жарандарынын салыгынан келген каражатка турган алтын. Биз кыргыз элине, мамлекетибизге, жарандарга алкыш айтабыз».

Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен президент Сооронбай Жээнбеков да куттуктады.

Өлкө башчы Айсулуу Тыныбекованын жеңиши - бүт өлкө үчүн сыймык экенин белгиледи.

Оогандагы кандуу чабуул күчөдү

Бул аптада Ооганстанда ондогон жайкын тургундун өмүрүн алган бир канча чабуул болду.

Парван провинциясында 17-сентябрда президент Ашраф Гани жыйын өткөрүп жаткан маалда, мотоциклчен адам өзүн жардырып жиберген. Жанкечтинин кол салуусунан 26 киши өлүп, ондогон адам жарадар болгон. Андан көп өтпөй эле Кабул шаарында да жанкечти кол салып, 22 адам ажал таап, 40тай киши жарадар болгон.

Эки жардырууну тең «Талибан» кыймылы уюштурганын мойнуна алган. Мунун алдында талибдер шайлоого каршы чабуулдар күчөй турганын эскертишкен.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Забул провинциясында машинеге катылган бомба жарылып, 20дай адам өлдү, 100дөй киши жарадар болгон. Бул соккунун жоопкерчилигин «Талибан» кыймылы мойнуна алган.

Ага улай эле АКШ колдогон ооган өкмөтүнүн аскерлердин аба соккусунан 30дай жайкын тургун ажал таап, дагы 40тай киши жарадар болду. Бийлик өкүлдөрү анда «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун жоочулары жашынган жайлар бутага алынганын, бирок кокусунан соккуга талаада иштеп жүргөн дыйкандар кабылып калганын ырасташты.

Талибдер чабуулду күчөткөнү менен, АКШ менен жаңы тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого даяр экенин да айтып чыкты.

«Талибан» кыймылынын лидерлеринин бири Шер Мухаммад Аббас Станикзай АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоого «эшик ачык» экенин айтты. Анын бул билдирүүсү талибдер Ооганстанда 48 адамдын өмүрүн алган кош жардыруу уюштургандан бир канча саат өткөндөн кийин жасалды.


Ооган президенти Ашраф Гани согушкерлер менен кармаш жүрүп жаткан аймактарда жайкын тургундарын өмүрү кыйылган учурлардын алдын алууга убада берди. Ал 20-сентябрда Ооганстандын Жалал-Абад шаарындагы үгүт жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, жайкын тургундардын өлүмүнө себепчи болгон түнкү рейддерди токтотуу үчүн кошумча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы бул өлкөдөгү жагдай тууралуу 30-июлда соңку баяндамасын жарыялаган. Анда согуштун жай тургундарга тийгизген кесепети дагы эле чоң экенине өкүнүчүн билдирген.

Ал арада Вашингтон Кабулдун ири инвестициялык долбоорлоруна акчалай жардам берүүдөн баш тартты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул чечимди ооган өкмөтүндөгү коррупция менен байланыштырды. Ошондой эле ал Кабулду АКШнын акчасын ачык-айкын пайдаланбай жатканы боюнча айыптады. Ушундан улам Ооганстандын энергетика тармагындагы инфратүзүм үчүн убада берилген 100 миллион доллар бөлүнбөй турган болду. Андан сырткары Кабул күмөндүү мамлекеттик сатып алууга байланыштуу дагы 60 миллион долларлык акчалай жардамдан кол жууду. Майк Помпео АКШ өкмөтү Ооганстанга колдоо көрсөтүүнүн мындан ары «бюджеттен сырткары» жол-жобосун колдонорун белгиледи.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) маалыматы боюнча, Вашингтон Кабулга 2001-жылдан бери 93 миллиард доллардан ашык жардам көрсөткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (23)

XS
SM
MD
LG