Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Батукаев "чайпаган" чатак иш


Кыргызстан - Бишкек - Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаев Индира Жолдубаева. Коллаж.
Кыргызстан - Бишкек - Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаев Индира Жолдубаева. Коллаж.

Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин кароону кийинкиге калтырды.

Бул иш боюнча башкы фигурант мурдагы президент Алмазбек Атамбаев гана камакта. Калгандары эркиндикте. Көпчүлүк жоопкерлер бири-бирине каршы көрсөтмө берип, тергөө менен кызматташканы үчүн боштондукка чыккан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылы кайрадан жанданган. Бул ишке катышы бар 19 кызмат адамына айып тагылган. Бирок алардын арасынан беш киши гана айыбын моюнуна албай, тергөө менен кызматташуудан баш тартты. Бул иште башкы фигурант аталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге коррупция боюнча айып тагылган.

Тергөө маалында ага каршы көрсөтмө бергендер тергөө менен кызматташканы үчүн камактан бошотулган.

Мурдагы мамлекет башчысынын адвокаты Замир Жоошев бул жолу дагы сот жылып кеткенин айтып, айрымдар Атамбаевге карата тергөөдө берген баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып жатканын белгиледи:

Кыргызстан. Замир Жоошев. Атамбаевдин адвокаты.
Кыргызстан. Замир Жоошев. Атамбаевдин адвокаты.

"Сот жараяны жылып кетти. Бирок кайсы күнгө дайындалганы белгисиз. Бул жерде бөгөт чарасы эмес иштин өзү каралат. Атамбаев менен кошо айыбын моюнга албаган беш адамга карата сот өкүмү чыккан. Аида Салянова башында тергөө менен келишим түзүп, бирок сот башталганда андан баш тарткан. Калгандарынын бирөөнүн дагы көрсөтмөсү башынан эле Атамбаевге каршы берилген эмес. Салянованын көрсөтмөсүн деле ага каршы көрсөтмө деп айтууга болбойт", - деди адвокат Замир Жоошев.

Буга чейин Батукаев ишин кароо эки-үч ирет кийинкиге жылып, соңку соттук териштирүү 17-январда карала турганы кабарланган. Бирок бул жолу дагы белгисиз себептерден улам отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Артка кайтарылган көрсөтмө

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинде Башкы көзөмөл органдын мурдагы кызматкерлери – экс-атайын прокурор Майрамбек Акматалиев менен анын мурдагы жардамчысы Кубат Жуматаевдин да тиешеси бар. Алар да тергөө менен келишим түзүп, камакка алынган эмес.

Аида Салянова 2019-жылы тергөөдө мурдагы президент Атамбаевге карата көрсөтмө бергенин ырастаган:

Кыргызстан. Аида Салянова. Мурдагы башкы прокурор.
Кыргызстан. Аида Салянова. Мурдагы башкы прокурор.

"Мен каршы көрсөтмө бердим деп эсептейм. Анын жагдайларын толук айта албайм. Жалпылап айта турган болсом, ал киши өз оозу менен көрсөтмө бергенин айтып бердим. Бирок бул иште биздин күнөөбүз жок. Ошондуктан биз адвокатым экөөбүз бул ишти кыскартуу тууралуу өтүнүч келтиргенбиз. Анткени Атамбаев тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзамдуу көрсөтмө бергенин айтып, ынандырганга аракет жасаган учурун тергөөгө айтып бердим. Ошондуктан мен муну мыйзамдуу же мыйзамсыз болгон деп айта албайм. Башында мен келген материалдарга таянып, аны мыйзамдуу болгон деп айтып келгем. Бул оюмду өзгөртө элекмин. Башка маселе. Ал киши өзү тиешелүү мамлекеттик органдарга көрсөтмө бергени тууралуу мени кабардар кылганы боюнча тергөөгө айтып бердим. Бирок ал муну Батукаев чыгып кеткенден кийин мага айткан. Азыр эми тергөө аны мыйзамсыз деп айтып жатса, демек, анын мыйзамсыздыгын тергөө далилдеп бериши керек", - деди Салянова.

Жолдубаеванын жолу

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча дагы бир мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да бул иште кылмышка шектүү катары өткөн. Бирок ал тагылган айыпты четке кагып, тергөө менен кызматташуудан баш тарткан.

Жолдубаева Батукаев бошотулган 2013-жылы президенттик аппараттын сот-укуктук бөлүмүн жетектеп турган. Ага коррупцияга шериктеш деген айып коюлуп, иши сотко өткөн. Тергөөнүн жүрүшүндө ага каршы эки киши көрсөтмө берген.

Кыргызстан. Индира Жолдубаева. Мурдагы башкы прокурор.
Кыргызстан. Индира Жолдубаева. Мурдагы башкы прокурор.

"Бул жакка алынып келинген эки күбөнүн бири Атахановдун ошол кездеги кеңешчиси Бекенов жана экинчиси Нарын райондор аралык сотунун судьясы Эрматов. Экөө тең көрсөтмө беришти. Бекенов мага келип, ага кандайдыр бир жол менен жардам берүүнү сураганда мен андан баш тартканым тууралуу айтты. Бирок ал мага эч качан келген эмес. Эрматов да ага тиешелүү мамлекеттик органдардын материалдарынын негизинде чечим чыгарганын айтып, көрсөтмө берген. Ошондуктан ал анын чечими мыйзамдуу экенин белгилеген. Анткени анын чечими мыйзамсыз чыккан чечим катары кийин жокко чыгарылган эмес. Анан ушундай жагдайда мамлекеттик айыптоо 15 жылга эркинен ажыратуу позициясын билдирүүдө”, - дейт мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева.

Бирок Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурун бошотуу чечимин чыгарган мурдагы сот Жапар Эрматов Индира Жолдубаева ал боюнча атайын операция жүрүп жатканын жана жогорку кызмат адамдары андан кабардар экенин тастыктаганы боюнча тергөөгө көрсөтмө берген.

Бирок ага карабай Индира Жолдубаева камакка алынган эмес. Сот ага үй камагын караган бөгөт чарасын тандаган. Иштин өзү каралып баштаганда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны бул ишке айыптуу деп таап, ага 5 млн. сом айып салган. Бишкек шаардык соту ал сот чечимин күчүндө калтырган.

Жаза чаралары

Мындан сырткары Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Калыбек Качкыналиев дагы айыбын моюнга албай, тергөө менен кызматташуудан баш тарткан.

Тергөө Батукаевди Нарындагы тергөө абагынан "Манас" аэропортуна чейин коштоп жүрүп, түздөн-түз бошотууга катышкан деп эсептейт.

Сот аны эки жылга кесип, бирок камакта кармоо мөөнөтү өткөндүктөн Калыбек Качкыналиев сот залынан бошотулган. Ага документ жасоо, кызматтык жасалмалуулук жана коррупция айыбы тагылган.

Ал 2013-жылы аталган мекеменин төрагасы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси болчу.

Зарылбек Рысалиевге дагы кылмыш иши козголуп, бирок кийин ал иш кыскартылган. Ага коррупцияга шек саналып жатканы тууралуу маалымат берилип, бирок ден соолугуна байланыштуу камакка алынган эмес. 2013-жылы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын Зарылбек Рысалиев жетектеген. Анын тушунда Батукаев мөөнөтүнөн мурун бошотулган.

Жалган анализ жасаган медиктер

Үчүнчү этапта кримтөбөл Азиз Батукаевдин ак кан оорусу тууралуу жалган анализ чыгарган медиктер турат. Лаборант Ирина Цопова менен онколог Эмил Макимбетов башкы дарыгер Абдухалим Раимжановго каршы көрсөтмө берген. Тергөө менен кызматташканы үчүн экөө тең бошотулган. Ирина Цопованын биоматериалдар боюнча корутундусунун негизинде, жалган диагноз коюлганы тергөөдө аныкталган.

Бирок Улуттук гематология борборунун мурдагы башкы дарыгери, академик Абдухалим Раимжанов ошол учурда ооруканада болгонун айтып, айыптоону четке каккан:

Абдухалим Раимжанов. Улуттук гематология борборунун мурдагы башкы дарыгери, академик.
Абдухалим Раимжанов. Улуттук гематология борборунун мурдагы башкы дарыгери, академик.

"Мен ошол учурда ооруп калып, ордума Макимбетов деген орун басарымды башкы дарыгердин милдетин аткаруучу катары дайындап кеткем. Жанагы иш мен жок мезгилде болуп, Батукаевди текшерип, ага жанагындай диагноз коюп коюшкан. Мен аны жумушка кайтып келгенден кийин гана билдим. Мунун бардыгын менин ордумда калган Макимбетов деген жигит жасаган. Менин жогорку кабаттагылар менен эч кандай мамилем болгон эмес. Цопова менен Макимбетовдун үстүнөн УКМКнын Бекенов деген кызматкери карап турган. Бери жактан саламаттык сактоо министри Сагинбаева деген көзөмөлдөп турган. Ошондуктан аларга "эч ким эч нерсе дей албайт, коркпой, диагнозду кое бергиле" деген көрсөтмө болгон. Анан корутундуну чыгарып, Батукаевдин эжесинин колуна беришкен. Ал эми мыйзам боюнча министрлик аркылуу кетиши керек болчу", - деди академик Раимжанов.

Сот Раимжановду бул иш боюнча айыптуу деп таап, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган. Кримтөбөлгө жалган диагноз койгонго көрсөтмө берген деп шек саналган Абдухалим Раимжанов сотко чейин үй камагында болчу.

Азиз Батукаевдин кылмыш иши “жашыруун” деген гриф менен тергелип, сотто да жабык каралып келди.

Бул боюнча жалпы 14 айыпталуучу тергөө менен бүтүм түзүп, бири-бирине каршы көрсөтмө берген. Кылмыш иши 20 томдон турат.

Атахановдун "жашыруун" көрсөтмөсү

Бирок анын бирөөндө гана жашыруун материал – экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановдун көрсөтмөсү камтылган. Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмашуу үчүн аны бошотуу операциясы 2011-жылдан бери даярдалганын билдирген.

Шамил Атаханов Орусиянын Думасынын депутаты, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун жакын адамы Адам Делимхановго Азиз Батукаевдин бошотулушу үчүн Жаныш Бакиевди экстрадициялоону сунуштаганын белгилеген.

Кыргызстан. Вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен президент Алмазбек Атамбаев. Бишкек. 14.03.2013
Кыргызстан. Вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен президент Алмазбек Атамбаев. Бишкек. 14.03.2013

Шамил Атаханов 2019-жылы 21-майда кармалып, камакка алынган. Ал тергөө менен кызматташкандан эки жумадан кийин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камактан бошотулган.

2019-жылы июнда өкмөт аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов кармалган. Шамил Атаханов менен Алмазбек Атамбаевдин беттешүү протоколдорунда Бекенов УКМК кызматкери катары Азиз Батукаевди бошотуу боюнча көрсөтмөлөрдү аткарганы көрсөтүлгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Биринчи май райондук соту 11 жылга кесип, шаардык сот өкүмдү күчүндө калтырган. Жогорку сот ал өкүмдү бузуп, ишти кайра кароого жиберсе, Алмазбек Атамбаев боштондукка чыгышы мүмкүн экени айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG