Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:23

Батукаев иши: Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү


Азиз Батукаев. Архивдик сүрөт.
Азиз Батукаев. Архивдик сүрөт.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөттү. Бул тууралуу 30-ноябрда «Азаттыкка» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевди үй камагына чыгаруу же абакта калтыруу маселеси райондук соттун биринчи отурумунда каралат.

«Биз Жогорку соттон төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранганбыз. Жогорку сот биздин өтүнүчтү канааттандырып, өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого районго жиберди. Эми башка, жаңы судья карайт. Бөгөт чарасы ошондо райондук соттун биринчи отурумунда чечилет», - деди ал.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылган, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген эмес.

ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган.

Бишкек шаардык соту 17-августта ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Жактоочулар жана мамлекетке чегерилиши каралган мүлктүн ээлери соттун бул чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылышкан.

Атамбаев алгач УКМКнын тергөө абагында кармалып турган, быйыл ноябрь айында Бишкектеги №47 абакка которулган. (RK)

XS
SM
MD
LG