Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Адвокат: Атамбаевди УКМКда тыңшоо фактысы боюнча иш козголду


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен адвокатынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө бөлмөсүндө өткөн жеке сүйлөшүүсүн тыңшоо маселеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын адвокаты Замир Жоошев 27-ноябрда билдирди.

Ал «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазганына караганда, ишти Аскер прокуратурасы 18-ноябрда Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде козгоду. Бул беренеде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган ошол эле жосун» деп көрсөтүлгөн.

Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктап, материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, тергөөнү Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатканын маалымдады.

Жоошев Атамбаев УКМКнын тергөө абагында отурганда адвокат Слесарев менен болгон сүйлөшүүсү видеого жашыруун тартылып алынган диск колуна тийгенин 17-ноябрда кабарлап, ал дискти бир адам 6-ноябрга караган түндөгү башаламандык учурунда мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн таап алып, адвокатка купуя сыр шартында өткөрүп бергенин маалымдаган. Адвокат бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылганын айткан.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Быйыл июнда ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышына айыптуу деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы президентке карата козголгон дагы бир иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда. 2019-жылы августта күч түзүмдөрү Атамбаевди Батукаев тууралуу суракка алыш үчүн Кой-Таш айылынан кармап кетишкен. Бул операция атайын кызматтын бир офицеринин өлүмү менен аяктаган. Бул үчүн Атамбаев жана анын он чакты тарапкери соттолууда, өкүм чыга элек. Мындан тышкары, Атамбаевге коррупция боюнча да иштер козголгон.

2019-жылдын августунан бери УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент быйыл ноябрь айында Бишкектеги №47 колонияга которулган.

УКМК тыңшоо тууралуу маалыматтарга азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG