Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Батукаевдин иши боюнча Аида Салянованын соту уланат


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралат. Соттук жараянда башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова суракка алынары күтүлүп жатат. Бул тууралуу Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова кабарлады:

«Мен Усманованы сотко мажбурлап алып келүү тууралуу өтүнүч киргизип, судья аны колдогон. Эми аны суракка алабыз. Ал сотту, тараптарды сыйлап жараянга келиши керек. Себеби, анын көрсөтмөсү маанилүү. Анын үстүнө Усманованы суракка алуу тууралуу башында прокурорлор да өтүнүч киргизип жатышкан».

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен козголгон иштин негизинде жалпысынан 19 адамга айып коюлган. Алардын төртөөнө өкүм чыккан.

Ал эми тергөө менен кызматташууга макул болгон 14 кишинин ичинде Салянова да бар болчу. Кийин ал тергөө менен келишимин токтотконун, бирок ага чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөй турганын билдирген.

Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын ичинен алты адамды 260 миң сомдон, төртөөнү 300 миң сомдон айыпка жыккан. Дагы төрт кишинин иши сотто каралып жатат. Алардын бири - мурдагы башкы прокурор Салянова.

Усманова 2019-жылдын июнь айында ИИМдин тергөө кызматында суракта болуп, коё берилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG