Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Бишкек-Нур-Султан: экономикадагы тоскоолдук жана жаңы жолдор


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында да, андан тышкары дагы көптөгөн өлкөлөр менен экономикалык алакасын Казакстандын аймагы аркылуу жүргүзөт.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Саясий олку-солку мезгилдерде Кыргызстан мындан жабыр тартып калган учурлар да болуп турат. Ушундан улам адистер бийликти сабак алууга, тышкы экономикалык саясатта кошумча жолдорду издештирүүгө чакырып жатышат.

Атамекендик ишкерлер алдыга өнүгүү үчүн атаандаш рынокторду жана транспорттук-коммуникациялык жолдорду өнүктүрүү зарылдыгын айтышууда.

“Эртең жети пост тең жабылгандан кийин унду желкесине Кадырбеков (Нуржигит Кадырбеков-ред.) ташып келип береби? Ким ташып келип берет? Элибизди ким багат? Элибиздин, коомубуздун ичиндеги тынчтыкты ким сактайт?”.

Бул Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин сөзү.

Ал парламенттин жыйынында депутаттарга Казакстан чек арасын жаап койчу болсо Кыргызстан экономикалык кыйынчылыкка кептелерин кыйытып жатат.

7-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алууда кыргыз бийлиги экономикалык тобокелдиктерге кабатыр болуп турду.

Кыргызстанда парламенттик жана коомдук кызуу талкуу жүрүп жаткан учурда Казакстан чек ара бекеттерин биринин артынан бирин жаап жатты. Бул коңшу өлкөдөгү элдик толкундоолорго байланыштуу техникалык мүчүлүштүктөр жана мамлекеттик коопсуздук менен түшүндүрүлдү.

Казакстандагы окуялар учурунда Кыргызстандын эл аралык транспорттук-логистикалык каттамдары үзгүлтүккө учурады.

Жүк ташуучу автоунаалардын чек арадан өтүүсү кыйындаса, авиакаттамдар токтоду. Кыргызстандын эл аралык авиакаттамдардын олуттуу бөлүгү Алматы жана Астана аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, кыргыз жолоочуларынын сапарлары аргасыз токтоп турду.

Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев тышкы экономикалык карым-катышта Бишкектин мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү экенин айтат.

Бакыт Дегенбаев.
Бакыт Дегенбаев.

“Мен Бишкек, Алматы, Ташкент аба майдандарын салыштырып, чакан талдоо жүргүзгөм. Бишкектен болгону 16 шаарга учат экенбиз. Анын 80% Евразиялык экономикалык биримдиктин ичиндеги өлкөлөр, көбүнчө Орусия менен Казакстан. Андан тышкары, Стамбул менен Делини айтпаганда чоң пункттар жок. Алматы менен Ташкенттен дүйнөнүн булуң-бурчуна 160тай ири шаарларга учуп барса болот. Ал жакта бизнести, туризмди өнүктүргөнгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берип жатышат. “Манаска” альтернатива катары ири аба майдандарын, транспорттук-логистикалык түйүндөрдү куруу зарыл”.

Казакстан стратегиялык өнөктөш жана ири инвестор

Кыргызстан импортко көз каранды өлкө. 2021-жылы тышкы товар жүгүртүүнүн 70% ашууну импортко туура келген. 2021-жылдын 10 айында Казакстандан Кыргызстанга 49,7 млрд. сомдук (588,8 млн. доллар) товар импорттолгон.

Кыргызстан коңшу мамлекеттен көбүнчө мунай менен көмүрдү, буудай, азык-түлүк, тамеки жана электр энергиясын импорттойт.

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Нурлан Жусумалиев эки мамлекеттин соода алакасы өсүп жатканын билдирет.

“Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2021-жылдын январь-октябрь айларында тараптардын соода жүгүртүүсү 900 млн. долларды түздү. Анын ичинде экспорт 311,2 млн. долларды түзүп, 24,1% өскөн. Ал эми импорт болсо 588,8 млн. долларды түзүп, 37% өскөн”, - деди Жусумалиев.

Казакстандын ири компаниялары Кыргызстандын экономикасында бараандуу орунду ээлейт. Алар көбүнчө тоо-кен өндүрүшүндө, телекоммуникация, банк, өнөр-жай жана соода тармактарында иш алып барат.

Банк тармагында казакстандыктардын ээлигиндеги “Оптима Банк”, “Халык Банк”, БТА Банк өңдүү каржылык уюмдар иштейт. Казакстандагы окуялар учурунда "Оптима Банк" менен "Халык Банктын" кардарларын тейлөө маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатты.

Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда Beeline байланыш оператору менен “О!” бренди катары белгилүү “Нур Телеком” компаниясы казак олигархтарынын көзөмөлүндө.

Beeline бренди менен иштеген Sky Mobile компаниясынын 49,9% үлүшү Булат Утемуратовго таандык. Ал эми “Нур Телеком” компаниясына Visor холдинги аркылуу Айдан Карибжанов менен Николай Варенко ээлик кылышат. Айдан Карибжановго Кант цемент заводу да таандык.

Кыргызстандын тоо-кен өндүрүшүндө казакстандыктар Ала-Букадагы Бозумчак алтын-жез кенин иштетишет. Бул кенди иштеткен KAZ Minerals PLC компаниясы казакстандык ири олигархтар Владимир Ким менен Олег Новачукка таандык. Ким компаниянын 31%, ал эми Новачук 8% жакын акциясына ээлик кылышат.

Кызыл-Кыядагы “Түштүк-кыргыз цемент заводу” жабык акционердик коому Казакстандагы “Верный Капитал” инвестициялык холдингине таандык. Компанияны казакстандык өнөктөштөр Тимур Исатаев, Ерлан Оспанов жана Гарик Микаелян биргеликте түзүшкөн. Компаниянын негизги демөөрчүсү Булат Утемуратов болуп эсептелет.

"Форбс Казакстандын" рейтингинде 48-орунда турган бизнесмен Арманжан Байтасов “Бишкек көз карандысыз телеберүүсү” (НБТ) каналына ээлик кылат.

Дагы бир олигарх Кайрат Мажибаевдин RG Brands компаниясы Pepsi, Mirinda, 7Up, DaDa, "Нектар Солнечный", ASU суусундуктарын өндүрөт. Компаниянын бул суусундуктарды Кыргызстандын базарына тараткан дистрибьютору бар.

Кыргызстандагы “Технодом” турмуш-тиричилик жана компьютердик техникаларды саткан эки соода үйү Technodom Operator акционердик коомуна таандык. Компанияга "Форбс Казакстандын" рейтингинде 27-орунда турган олигарх Эдуард Ким ээлик кылат.

Тышкы экономикалык саясат

Адистер тышкы экономикалык саясатты көп тараптуу жүргүзүү зарылдыгын белгилешет. Коомдук талкууларда көп вектордуу тышкы экономикалык саясат жүргүзүү үчүн эл аралык талаптарга шайкеш келген экономикалык инфратүзүмдү даярдоо, бизнес уюмдар менен мамлекеттик мекемелердин тыгыз, бир логиканын алкагында иштөө зарылдыгы айтылат.

Кыргызстандын тандоосунда бир нече ири экономикалык айдың турат. Серепчилер алардын ар биринин артыкчылыгын баса белгилеп, баары тең Кыргызстан үчүн экономикалык ири мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын айтып келишет. Бирок, алардын мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү колдонуу үчүн талап кылынган экономикалык инфратүзүмдөрдү, ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери жана ошону менен катар бир топ саясий чечимдер кабыл алынбай арабөк турат. Өлкө эл аралык регламенттерге шайкеш келген алакага даяр эмес болуда.

Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Дегенбаев экономикалык өсүү үчүн Орусия менен Казакстан багытына альтернативдүү жолдорду түзүү зарыл деген ойдо.

“Импорт-экспортто Орусия менен Казакстанга көз карандыбыз. Негизги агым ушул багыттар аркылуу кетет. Ошондуктан башка альтернативдүү жолдорду дагы карашыбыз керек. Кыргызстандын төрт тарабы ачык болушу керек. Жаңы авиакаттамдарды, темир жолдорду, кара жолдорду ачуу, логистиканы өнүктүрүү зарыл. Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу жакшы логистикалык жолдор бар, алар иштебей турат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сөз бойдон калууда. Казакстан жабылып калса эле бүт бардыгы токтоп калып жатат”, - деди Дегенбаев. Мындай көз карашты саясат таануучу Алмаз Кулматов да кубаттады.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

“Биз товарды тышка чыгаруунун жана алып келүүнүн альтернативдүү жолдорун табышыбыз зарыл. Бир жакка эле ыктай бербей, дипломатияда дагы багытыбызды, стратегиябызды так аныкташыбыз керек. Эгемен мамлекет катары батышы да, чыгышы да, түндүгү да, түштүгү менен дагы алака кылууга эркибиз болууга тийиш”.

Евразиялык Экономикалык Биримдик

Кыргызстандын тандоосу болгон континенттеги эң ири рыноктордун бири – бул Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ). Биримдикте Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения бар. 180 млн. керектөөчүсү бар бул рынокко Кыргызстан 2015-жылы кошулган.

Экономист Нургүл Акимова Евразиялык экономикалык биримдиктин Кыргызстанга тийип жаткан пайдасына токтолду.

“Биз ЕАЭБге киргенде ал жакта беш өлкөгө бир тариф болду. Ал тариф боюнча беш өлкө үчүн өз ара экспорт-импортто нөлдүк чен (ставка) болот. Бул жаатта биз утабыз. Анткени, биз күйүүчү майды Орусиядан миллиард долларга импорттоп жатабыз. Эгерде бажы алымын төлөсөк, анда күйүүчү майдын баасы өтө кымбат болуп калмак. Казакстандан дагы көптөгөн айыл чарба өндүрүмдөрүн, сырьё алып келебиз. Ошон үчүн бул мамлекеттер менен карым-катышта болуунун пайдасы бар”.

Европа Биримдиги (ВСП+)

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, тараптардын жылдык товар жүгүртүүсү 500 млн. евро деп эсептелет. Кыргызстандын экспортунун 70% Германия, Италия жана Бельгияга жасалат.

500 млн. калкы (керектөөчүсү) бар бул рынокто ВСП+ программасы бар. Бул макам өзгөчө аярлуу жана аз корголгон өлкөлөргө ыйгарылат. Евробиримдик ушундай өлкөлөргө артыкчылык берүү менен алардын өнүгүшүнө жана инвесторлор үчүн жагымдуу болушуна жардам берүүнү көздөйт.

Кыргызстан бул программага 2016-жылдын башында кошулган. Программа Европа өлкөлөрүнө товардын 6 миң 200 түрүн бажы алымысыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Эксперттер Кыргызстан мүмкүнчүлүктү толук колдонбой келатканын айтышат. Эл аралык мамилелер боюнча адис, саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгул Кыргызстан тышкы экономикалык саясатын бир жактуу жүргүзүп жатканын белгиледи:

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

“Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден бери тышкы экономикалык саясатыбыз бир жактуу болуп калды. Биримдиктин алкагында Орусия менен Казакстанга 80% көз каранды болуп калдык. Евразиялык экономикалык биримдигине киргенибизге карабай,ВСП+ макамыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн колдонолу деп абдан көп изилдөөлөр болуп, көп аргументтер айтылды эле. Бирок, менимче ал дараметибизди колдоно алган жокпуз. Саясий оюндарды ойноп, анан коронавирус пандемиясы башталып кетти. Ал жагынан толук колдоно албай калдык окшойт”.

Кытай. “Бир алкак – Бир жол”

Чыгыш багытында 1,5 млрд. калкы жана дүйнөлүк лидерликке умтулган экономикасы менен Кытай турат. Кытай Кыргызстандын Орусиядан кийинки экинчи ири соода өнөктөшү болуп эсептелет. 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын 2021-жылдагы товар жүгүртүүсү 1 млрд. 155 млн. долларды түзгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кытайдан негизинен кийим-кечек, бут кийим, синтетикалык жиптер, уюлдук телефондор, кара металл, автоунаалар менен шаймандар жана желим материалдар импорттолот. Экспорттун көлөмү жалпы товар жүгүртүүнүн 5% гана түзөт. Кыргызстан ал жакка жез, баалуу металлдардын уютмаларын, тамеки, керосин жана булгаары буюмдарын экспорттойт.

Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында транзиттик карым-катыш түзүү үчүн Кыргызстанга индустриалдык парктарды өнүктүрүү шарттары коюлат.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул кыргыз өкмөтү Кытай менен экономикалык карым-катыштын дараментин толук колдонбой жатат деген ойдо:

"Өзүңүздөр билесиздер, Кытай дүйнөлүк чоң экономика болду. Анын инвестор катары каражаты да көп. Кытай өзүнүн товарын, мүмкүнчүлүгүн мындан дагы күчөтүү үчүн транспорт системаларын курууга көп көңүл буруп жатат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу канча жылдан бери сүйлөшүлүп келатат. Бирок, үч мамлекет бир чечимге келип жылдыра албай келет. Биздин дараметибиз ушул жагынан солгундап калды. Анткени, Кыргызстан тараптан транспорттук-логистикалык даярдык көп көрүлгөн эмес, бир тараптуу эле болуп жатат. Мисалы, Казакстан менен чек арабыз жабылып калса биз кыйын эле учурга кептелебиз. Анткени, биздин товарлар көбүнчө түндүк багытка кетет. Транспорттук-логистикалык инфраструктура жакшы ойлонулган эмес".

Түштүк Азия багыты. CASA-1000

Түштүк Азияга багыт алган "CASA-1000" долбоору Кыргызстан үчүн ири энергетикалык базардын эшигин ачат. Бул эл аралык энергетикалык чынжырча Борбор Азия менен Түштүк Азиянын Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүн электр линиялары аркылуу байланыштырат. Бирок, бул долбоорго эл аралык уюмдар ири каражат сарптаганы менен, иштин алдыга жылышы жайбаракат жүрүүдө. Анын үстүнө, Кыргызстандын өзүнүн энергетикалык тармагы да кризистен башы чыкпай, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштери түшүмүн бербей келет.

Креативдүү экономика жаңы келечекпи?

Адистер ааламдашуу жана төртүнчү өндүрүштүк революциянын алкагында креативдүү экономиканын мааниси алдыңкы планга чыгарын айтышат. Мында экономикалык алакалар чек арасыз жана бюрократиялык чектөөлөрү аз ченде болот. Каржылык жактан мүмкүнчүлүгү чектелүү Кыргызстан үчүн билимге, инновацияга жана маалымат технологияларына негизделген экономика тармагынын баасы өсүүдө. Креативдүү индустрия тармагы келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өндүрүшүнөн жана мигранттардын каражатынан көз каранды болбой калат деген ишеним зор.

IT адиси, Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров табигый ресурстары жок Кыргызстан инновациялык өндүрүмдөрү менен дүйнөнүн булуң-бурчуна колун созо аларын белгиледи.

Азис Абакиров.
Азис Абакиров.

“Бизге интернет бешинчи океан болуп калды. Биз ошону колдонушубуз керек. Бизде мунай, газ сыяктуу ресурстар жок болсо да, таланттуу жаштарыбыз бар. Бизде бир гана адамдык капиталыбыз бар. Ошол аркылуу дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштуу экономикаларга да колубуз жетет деп ойлойм. Биз үчүн чек жок, ал интернет. Англис тилин билсек, биз дүйнөгө чыга алабыз”.

Бейрасмий статистика боюнча учурда креативдүү экономиканын үлүшү ички дүң өндүрүмгө карата 1% тегерегин түзөт. Бул тармакта 2025-жылга карата 45 миң жумуш орунун түзүү болжолдонот. Андай болгондо, индустриянын ички дүң өндүрүмгө кошкон салымы 22 млрд. сом же 250 млн. долларга чейин жетет деп эсептелет. Кыргызстандагы креативдүү индустриялар ассоциациясынын мүдүрү Назгүл Кубакаеванын баамында, болжолдонгон өнүгүүгө жетишүү үчүн бул тармак мамлекеттин колдоосуна муктаж.

“Бул ишке ашышы үчүн мамлекеттин саясаты дагы креативдүү индустрияларга ылайыктуу түзүлүшү керек. Азыркы учурда Экономика министрлигинде “Креативдүү индустриялар паркын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Эгерде ал мыйзам долбоору колдоого алынса, анда креативдүү индустриялар үчүн жакшы өбөлгө болот. Көмүскөдө иштеген тармактар ачыкка чыгып, “биз дагы барбыз, иштейбиз, мамлекеттин колдоосуна ынанабыз” деген мамиле түзүлөт”.

Кыргызстан коңшу Казакстанды өзүнүн эң жакын стратегиялык өнөктөшү катары эсептейт.

Казакстан өлкө экономикасындагы ири инвестор өлкөлөрдүн бири. Расмий маалыматтарга ылайык, 2005-жылдан бери кыргыз экономикасына 1 млрд. доллар инвестиция салган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын тогуз айында Казакстандан 38 млн. 758 миң доллар инвестиция келген. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын соода алакасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 32% үлүшү менен экинчи орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG