Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Казакстанда активисттер “Январь окуялары” боюнча комиссия түзүүнү талап кылды


Нур-Султан шаарындагы жарандык активисттер тобунун басма сөз жыйыны.
Нур-Султан шаарындагы жарандык активисттер тобунун басма сөз жыйыны.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында жарандык активисттер тобу жана “Өлкө тиреги” кыймылынын мүчөлөрү 20-январда басма сөз жыйынын өткөрүп, январдын башындагы кандуу окуяларды ачык-айкын иликтөөнү бийликтен талап кылышты. Алар жарандык коомчулуктун жана оппозициянын өкүлдөрү кошулган атайын комиссия түзүү керектигин айтып чыгышты.

Чогулгандар тынчтык митингине чыккан жарандарга күч кызматтары жаш агызчу газ жана граната колдонгонун, кырдаал ошондон улам курчуганын белгилешти. Активисттер каза болгондордун арасында карапайым тургундардын көптүгүнүн өзү негизинен милиция көп ок чыгарганын ырастап турарын айтышып, акциянын катышуучулары тараптан эч кандай курал атылбаганын белгилешти.

Басма сөз жыйыны өткөн кеңсенин сыртында полиция атайын автоунаалар турганын журналисттер жазышты.

Буга чейин мамлекеттик органдардын иликтөөсүнө ишенбей турганын жарыялаган алматылык жана чымкенттик активисттер көз карандысыз эки комиссия түзүшкөн. Алар күч кызматтары менен катар өз алдынча иликтөө жүргүзөрүн айтышкан.

Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Тополоңдо жалпы 225 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланган, 700дөй кылмыш иши козголду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG