Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Боршайком Нарматованын диплому тууралуу маселени карайт


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Борбордук шайлоо комиссиясына Билим берүү жана илим министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын диплому тууралуу маалыматтар келип түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Боршайком маселени бүгүн карай турганы белгилүү болду.

Буга чейин атайын кызмат парламенттик шайлоо учурундагы текшерүү иштеринде Нарматованын окууга которулушундагы мыйзамсыздык болгонун маалымдаган. "Окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган" деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Диплом боюнча УКМКда сурак берип чыккан Нарматова атайын кызматтын айыптоосун четке кагып, жогорку билими тууралуу диплому мыйзамдуу экенин билдирген. Ишти саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Буга чейин анын атасы Көчкөнбай Нарматов 17-январда УКМКда сурак берген.

20-январда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) президент Садыр Жапаров атайын кызматка бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун жана жарандыгын текшерүүнү тапшырганын жарыялады. Анда бул жараян 24-январда башталып үч айга созулары, мамлекеттик мекеме-министрлик, текшерүү органдарда иштегендерден сырткары Жогорку Кеңештин депутаттарына да тиешелүү болору айтылат.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Активисттин Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келгенде кармалганын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG