Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:06

Ала качууну чагылдырган тасма АКШда көрсөтүлдү


“Ала качуу” тасмасынан
“Ала качуу” тасмасынан

27-мартта Лос-Анжелес шаарында “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Баш байге үчүн Кыргызстанда тартылган тасма да ат салышууда. Немис режиссёру Мария Брендлдин “Ала качуу-take and run” тасмасы “Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма” номинациясы менен “Оскардын” кыска тизмесине кирген.

Немис режиссёру Мария Брендлдин тасмасы 140тан ашуун тасманын ичинен тандалып алынып, дүйнөлүк кинематографияда баш байге үчүн ат салышкан 14 финалисттин катарында. Тасмада ала качууга дуушар болгон кыздын тагдыры баяндалып, дегеле “ала качуу” эмне болгон жорук экени сүрөттөлөт.

“Азаттыктын” кабарчысы режиссер менен тасманын жаралуу идеясы, киносынчылардын тасмага берген баасы жөнүндө маектешти.

- Мария айым, биз менен байланышка чыкканыңызга ыраазычылык билдиребиз. Биринчиден, акыркы ийгилигиңиз менен куттуктайбыз. Маанайыңыз кандай? Кандай сезимдерге бөлүнүп турасыз?

- Толкунданып, абдан бактылуу болуп турам. Анткени бул биз үчүн чоң жаңылык. Биз тасмабыздын мынчалык ийгиликтүү болорун күткөн эмеспиз.

- Мария, айтсаңыз “Ала качуу” тасмасын Кыргызстанда тартуунун алдында бул теманы изилдедиңизби? Кантип тартып калдыңыз? Тасма канча убакытта тартылып бүттү?

- Биз тасманы тартууга эки жыл даярдандык. Көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүздүк. Ала качууга дуушар болгон көптөгөн кыздарга жолугуп, алардын окуяларын уктум. Мына ушул окуяларга саресеп салып, алар жөнүндө сценарий жазганга көп убакыт кетти. Биз тасманы 2017-жылы тарта баштаганбыз, 2020-жылы аягына чыгардык.

- “Ала качуу” тууралуу сиз кайдан уктуңуз? Бул тууралуу укканда кандай реакция кылдыңыз эле?

- Мен ала качуу туурасында биринчи жолу бир нече апта Кыргызстанда жашап келген досумдан уктум. Ал өлкөдө ушундай көйгөй бар экенин айтты. Досум мага ала качууга дуушар болгон бир кыздын окуясын айтып берди. Мен ага чейин бул туурасында такыр уккан эмесмин. Мына ошондон кийин маселени изилдей баштадым. Кыргыз коомунда мындай окуялар аз эмес экенин билдим. Буга чейин көйгөй тууралуу билбегениме уялдым. Кыздардын ала качуудан кийинки тагдырлары кандай болорун билгим келди, алар тууралуу фильм тартууну чечтим.

- Эмне үчүн бул теманы тандадыңыз? Сиздин пикириңизде, ала качуу эл аралык деңгээлдеги көйгөйбү?

- Ооба, мен ошентип ойлойм. Көптөгөн кыздар өз каалоосу менен турмуш курбайт. Башка чөйрө, башка маданият менен тарбияланган өкүл катары мунун баары мага кызык. Эң маанилүүсү - кыздар, аялдар кандай көйгөйлөргө дуушар болуп жатканын дүйнө билиши керек. Мен ушул туурасында айткым келет.

- Сиз угулбай калгандардын үнү болуп бере турганыңызды жазыпсыз. Кыргызстанда кыз ала качуу маселеси медиада жетишерлик деңгээлде чагылдырылбайт деп ойлойсузбу?

- Менимче, башка өлкөлөрдө бул тууралуу маалымат аз экени чындык. Көп адамдар ала качуу жөнүндө такыр уккан эмес. Мындай окуялар көмүскөдө калбай, ачык айтылганы маанилүү. Аялдар бул мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек.


- Тасманы, тагыраак айтканда, зордоп үйлөнүү маселеси кеңири жайылганын сынчылар кандай кабыл алды?

- Мажбурлап никеге туруу бүткүл дүйнөдө чоң көйгөй. Мындай өлкөлөр көп. Ал тургай Швейцарияда да бар. Мажбурлап никеге туруу ар кандай формада болот. Демек, бул тема Кыргызстанда эле актуалдуу эмес. Кызыгы, бул тасманы көрсөтүүгө көптөгөн кинофестивалдар кызыгып жатат, реакциялар болду, мага бир топ билдирүүлөр келди. Мага Кыргызстан жана анын эли абдан жакты. Байкашымча, адамдар ала качуу маселесинин өзгөрүшүн эле эмес, бул өлкөнү да тааныгысы, Кыргызстандын табияты кандай кооз экенин көргүсү келет.

- Бул тасманы Кыргызстанда тартып жатканда кандай тоскоолдуктарга туш болдуңуз? Эң кыйыны эмне болду, кастингби же бюрократиябы?

- Эң чоң көйгөй - пандемия. Тасманы 2020-жылдын август айында карантин учурунда бүтүргөнбүз. Кыргызстанга кайтып, ал жактагы адамдар менен баарлашып, эң сонун командага жолугуп, тасманы көрсөтөм деп ойлогом. Азырынча андай мүмкүнчүлүк боло элек. Бардыгы ордуна келет деп үмүттөнөм. Өзүм билбеген тилде кино тартуу мага да оңой болгон жок. Бирок актёрлор мага, мен аларга ишенип иштештик. Тасма жеке меники эмес, командалык иш болду.

“Ала качуу” тасмасынан
“Ала качуу” тасмасынан

- Кандай ойлойсуз, кино тартуу менен дегеле заманбап искусство аркылуу ала качуу маселесин жоюуга болобу?

- Ооба, бул диалогду жаратат. Дегеле, өлкөдө эмне болуп жатканын көрсөтөт. Тасмадан маселени ачык көрө аласыз. Адамдарга кайрылуу жасайт жана алардын оюн өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин тасмада өз үлгүсү менен башка кыздарды шыктандырган, өз укугу үчүн күрөшкөн күчтүү каармандын образын жаратуу маанилүү болчу.

- Кыргызстан сизге кандай таасир калтырды? Жергиликтүү киноиндустриянын өкүлдөрү да сиздей эле "Оскар" кино сыйлыгынын кыска тизмесине кире алат деп ойлойсузбу?

- Ооба, мен ага ишенем. Мен мыкты тасмаларды жараткан көптөгөн кыргызстандык кинорежиссерлор менен тааныштым. Кыргызстан кереметтүү эли бар, сонун өлкө. Командамдагы жигиттер менен байланышып турам. Алар азыр да иштеп жатат, тасма тартышууда. Кыргызстанда эл аралык деңгээлге чыга турган таланттар көп.


- Келечектеги пландарыңыз менен бөлүшсөңүз. Кыргызстанда кайта кино тартасызбы? Эгер ошондой болсо, сиз кайсы темаларга кайрылат элеңиз?

- Келечекте Кыргызстанга кайтып келип иштесем, жакшы болмок. Дегеле сиздерде Кыргызстанда көңүл бурууга арзый турган ар кыл темалар бар. Коронавируска байланыштуу бул тууралуу азыр так бир нерсе айтуу кыйын. Ошентсе да, мен келечекте Кыргызстанга барам деп үмүттөнөм.

"Ала качуу" тасмасы "Оскардын" кыска тизмесине кирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:30 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG