Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 21:46

Аялзат: Тебеленген укуктар, кыз-келиндер умтулган аракет


Аялдарга карата зомбулук, адам уурдоо, ала качуунун курмандыктарын токтотууну талап кылган акция. Айзаданын өлүмүнөн кийин уюштурулган. 8-апрель, 2021-жыл. Бишкек

Жыл башынан бери бир канча өспүрүм зордукталып, балдар укуктары маселеси улам-улам козголуп турду. Жазында адам уурдоонун, кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учуруп, нааразычылык акциялары менен коштолду.

Кордолгон өспүрүмдөр. Азайбаган зомбулук

Жыл соңунда дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган секелек кызды өлтүрүүгө шек саналып 48 жаштагы жаран кармалды. Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шек саналган жаранга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова акыркы убактарда балдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйүшү милиция менен соттордун ишине сын-дооматты күчөтүп жатканын белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясында шектүү катары кармалган же айып тагылган кезде дагы милиция кызматкерлери бул маалыматты коомго жарыялаганы мыйзамга туура келбейт. Шектүү катары суракка барган адам тууралуу жарыялап, элдин бүйүрүн кызытып койду. Сумаянын өлүмү боюнча жалгыз эле ал киши эмес, бир топ адамдар болушу мүмкүн. Экинчи маселе, шектүү оорулуубу же ден соолугу жакшыбы, алгач экспертиза чыгышы керек. Саламаттыгына жараша корутунду чыкса, тергөөнүн жол-жоболору так аткарылганы оң. Балким, милиция жасап жаткан иштер туурадыр. Бирок акыркы күндөрдө өлкөдө өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук элдин тынчын алууда. Андан да милиция менен сотторго ишенбестик көбөйүп кетти. Ата-энелер болсо, балдарын мындай окуялардан кийин кантип калкалоо аракети менен алек боло баштады”.

18-ноябрда дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү 27-ноябрда Көгарт дарыясынын жээгинен табылган. Аны милиция кызматкерлеринен сырткары 200дөй ыктыярчы издеген эле.


Жыл башынан бери балдарга зомбулук көрсөтүлүп, укугу тепселенген бир нече учурлар катталды. Акыркы эки айда эле өспүрүм кыздарды зордуктоо боюнча бир катар окуялар коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Декабрдын башында Сокулук районунун Исмаил айылынын 31 жаштагы тургуну 16га толо элек кызды зордуктоого шек саналып, 5-декабрда камалган. Милицияга кыздын атасы арыз жазган. Тергөөнүн баштапкы маалыматында "ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы, урганы" айтылат. Бул окуя айыл элинин нааразылыгын жаратып, 7-декабрда Сокулук районунун Исмаил айылындагы аксакалдар бойго жете элек кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү "кыштактан көчүп кетсин" деген өз алдынча чечим чыгарган.

Юристтер Сокулуктагы мындай кадам мыйзамдуулук орнотулган өлкөдөгү мыйзамда белгиленген жалпы тартиптердин принциптерине туура келбей каларын белгилеп, укук коргоо органдарына, сотторго ишеничтин жоктугу ушуга алып келгенин, бул көрүнүштүн өзү укук коргоо, сот органдарына чоң коңгуроо экенин айтышкан.

Ал эми шектүүгө карата Жазык кодексинин 154-беренеси("Зордуктоо") менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, ал эки айга камалган.


Запкы жеген кыздар көпчүлүк учурда бардык тараптан, алтургай жакындарынын басым-кысымына туш болот, андайда кимге кайрылып жардам суроону да билбейт.

"Ак Жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова өспүрүмдөр арасында, дегеле үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун азайбай жатканын мыйзамдардын иштебегендигине байланыштырды.

Дарика Асилбекова.
Дарика Асилбекова.

"Өтө жакшы иликтеп, тастыктап мыйзамды иштетпесе, өтө өкүнүчтүү нерсе болуп жатат. Мыйзамдарыбыз бар, бирок иштебейт. Ошол маселе сот органдары тарабынан тастыкталса дагы жаап-жашырылып, сотто да бир жактуу чечилип калып жатканы өкүнүчтүү. Мен муну мыйзамдын иштебей жатышынан деп айтат элем. Мыйзам иштегенде мындай нерселер болбойт эле".

Кыргызстанда соңку жылдары жашы жете электерге сексуалдык ыдык көрсөтүп же зордуктаган окуялар тууралуу маалыматтар көп жарыяланууда.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, былтыр "Зордуктоо" беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш "Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү" беренеси менен катталган.

Зордук-зомбулукка кабылган жеткинчектерден тышкары соңку эки жылдан бери балдар арасында суицид же өз өмүрүн кыюу көрүнүшү токтобой келет. Маселен, жыл сайын орто эсеп менен 18ге чыга элек жүздөй улан-кыз суицидге барууда. 2020-жылы дүйнөдө коронавирус пандемиясы өкүм сүрүп, өлкө карантинге жабылган алгачкы март, апрель айларында эле ондогон өспүрүмдөр өз жанын кыйган. Быйыл да суцидге барган бир нече учур катталды.

Декабрдын ортосунда 16 жаштагы кыз Караколдогу көп кабаттуу үйлөрдүн чатырына чыгып, секирген.Ал эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.

Айзаданын өлүмү. Милициянын жоопкерчилиги

Кыз ала качуу өнөкөтү дагы талылуу маселелердин бири. 5-апрелде он гүлүнүн бири ачыла электе адам уурдоонун, кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду. Бул окуядан кийин милициянын ишине ачуу сындар айтылып, Бишкек менен Ош шаарында нааразылык акциялары өткөн. Социалдык тармактарда ала качууга жана зомбулукка кабылган кыз-келиндер өз окуясын ачык жарыялаган кампания жүрдү.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз адамдар күчкө салып уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада токтоп турган автоунаадан табылган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өзүнө кол салганы аныкталган.


14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту адам уурдоого күнөөлүү деп үч адамды жети, эки адамды алты жарым жылга кести. Ошондой эле алардын баары биригип, маркумдун жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары жалпы 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Үрөй учурган окуядан кийин Ички иштер министрлигинин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, 40ка жакынына сөгүш берилген. Башкы прокуратура билдирүү таратып, милициялардын жоопкерчилиги боюнча иш өзгөчө көзөмөлдө экенин кабарлаган.

Адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, Айзаданын өлүмү боюнча "Шалаакылык" беренеси боюнча козголгон кылмыш иши таптакыр алга жылбай, эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат.

"Прокуратуранын бул иш өзгөчө көзөмөлдө дегени калп. Себеби, бул иш боюнча шалаакылык болгону баарына белгилүү. Бул иш боюнча кызмат адамдары, фигуранттар белгилүү. Ошону эле карап, таразалап, ким шалаакылык кылды деп туруп бир чечимге келиш керек болчу. Дагы канча тергейт? Азыр жөн эле чоюп, прокуратура да жалган айтып жатат".



Айзада Канатбекованын окуясы боюнча соттук отурумдар дээрлик жарым жылга созулду. Ушул тапта айыпталгандардын жакындары өкүмгө нааразылык билдирип, аппеляциялык арыз менен кийинки инстанцияга кайрылышты.

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси (175) менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен.

Өлүмгө жеткирген зомбулук

Айзада Канатбековадан башка дагы жыл башынан бери бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болду. 14-декабрда Сокулукта 41 жаштагы аялды өлтүрүүгө шек саналып жолдошу кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, мас абалында уруша кетип, жыйынтыгында жубайы алган жарааттарынан улам каза болгон.

Статистикалык маалыматтарга караганда, 2020-жылы 21 аял, 2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. Кыргызстанда соңку алты жылда 100дөн ашык аял үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон. Ошол эле учурда ушунча аял күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүргөнү үчүн соттолгон.

Кыргызстандагы аялдар абагындагылардын 25% "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар.

Жактоочу Назира Абдумуминова аялдар кылмышка өзүн коргош үчүн бараарын айтат:

"Аял киши зомбулук көрүп, кыйынчылыктарды башынан өткөргөнү үчүнбү жазасына баш ийип, өкүнүп калат. Анткени, аялдардын басымдуу бөлүгү бирөөнүн өмүрүн атайын кыйыш үчүн эмес, кордук, зомбулуктан өзүн коргош үчүн айласыз кылмышка барат. Аргасыздыктан же өзүнө кол салып, өзүнүн ден соолугуна коркунуч туудурган кезде өзүн коргоп, кылмышка барышы мүмкүн".

Кыргызстанда жыл башынан бери бир нече аял өз жанын кыйганы маалым. Алардын өлүмүнүн артында үй-бүлөлүк зомбулук турганын жакындары айтканы менен көп учурда суицид катары катталууда. Жалал-Абад облусунда 23-апрелде Күнсулуу Эшботоеванын сөөгү үйүнүн короосунда асынган абалда табылган. 24 жаштагы​ беш балалуу келиндин өлүмүн кайын-журту, күйөөсү "суицид" дегени менен ата-энеси, жакындары анын өз жанын кыйганына ишенбей, күч органдарына кайрылган. Маркумдун энеси тун кызы үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгонун айткан.


Расмий маалыматтарда 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталган. Бул былтыркыга караганда 30% көп. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.

Бул жылы коомдук жайларда адамдардын агрессивдүү жүрүш-турушу чагылдырылган видеотасмалар Интернетке жайылып, талкуу жаратты. Ал эми коомдук жайда сексуалдык ыдык же харассмент көрсөткөн адамга карата кылмыш иши козголуп, бул прецедент болуп калды. Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган. Көп өтпөй активисттер харассментке каршы жүрүшкө чыгышкан.

Ыдык көрсөтүү же харассмент тууралуу мыйзам мындан бир нече жыл мурда талкууга алынып чыккан. А бирок, ал мыйзамдын кийинки тагдыры белгисиз. Кыргыз коомчулугунда бул көп талкууланбаган жана ачыкталбаган темалардын бири.

Аялдарга буйрубаган мандат

Мына ушул аялдар, балдар укуктарын козгогон темаларды адатта аял саясатчылар көп көтөрөт. А бирок, аялдардын саясаттагы саны азайып, бул жылы көп көтөрүлгөн темалардын катарын толуктады.

Боршайком 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Жаңы эрежеде үч мандат алган партиядан бир, жети мандат алган партиядан үч аял депутат келет деп жазылган жана мындай өзгөртүү негизинен жети мандаты бар "Альянс" партиясына гана тиешелүү экени белгилүү болгон. Ага ылайык, аталган партиядан депутаттыкка аттанып, утуп чыккан жети талапкердин бири - Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчага мандат берилмек.

28-декабрда Жогорку сот 30% гендердик квотага байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) арызын карап, канааттандырган жок. Башкача айтканда, ал чечимге ылайык БШКнын 30% гендердик квота тууралуу шайлоого чейинки жобосу өзгөрүүсүз калды.

Парламенттеги аялдардын саны боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү ичинен эң акыркы орунда. Бул аралаш системада өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен 90 депутаттын 21% аялдар тузгөнүн көрсөттү. Коңшу өлкө Өзбекстанда бул көрсөткүч 32%, Казакстанда 27,1 % , Тажикстанда 25,8%, Түркмөнстанда 25%.
Белгилей кетчү нерсе, бир мандаттуу 36 округдан бир да аял шайланып келген жок.

Айтмакчы, быйыл жазында өткөн Жергиликтүү кеңешке шайлоодо 30% квота биринчи жолу колдонулуп, шайланган аял депутаттардын саны 38% жеткен.

"Матроним" чыры

Быйыл аялдар мандатын эле эмес, балдарына фамилиясын берүү укугун да коргой алышкан жок. Балдарынын метрикасындагы "атасынын аты" деген графага өз ысымын жаздырган активист Алтын Капалованын окуясы бул жылы кырнетте кызуу талкууланды. Укук коргоочулар “матроним” же балага эненин атын ыйгарууну кыргыз коомундагы прецедент деп аташкан. А бирок, Бишкек шаардык соту активист Алтын Капалова балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндөгү «атасынын аты» деген графага өзүнүн атын жаздырганын мыйзамсыз деп тапты. Бул окуя боюнча соттук отурумдар дээрлик он айга созулган.

Алтын Капалова.
Алтын Капалова.

Жогоруда биз аялдар туш болгон зомбулук, чектөө, басымдарга токтолдук. Бирок ошол эле учурда аялдар кыргыз коомунун негизги кыймылдаткыч күчү бойдон кала берүүдө. Өзгөчө алардын орду бизнесте, коомдук иштерде активдүү болуп саналат.

MoveGreen эко кыймылын жетектеген кыргызстандык Мария Колесникова БУУнун 2021-жылдагы Дүйнө чемпиону наамын алды.
БУУнун сайтында Колесникова "Ишкердиктин көз карашы" номинациясында сыйлык алганы айтылат.

"Колесникованын жетекчилиги астында MoveGreen AQ.kg деп аталган тиркемени иштеп чыкты. Ал ар бир 20 мүнөт сайын Кыргызстандын эки ири шаары Бишкек менен Оштун абасын булгоочу заттардын концентрациясы боюнча маалымат чогултат", — деп айтылат билдирүүдө.


«Мария Колесникова адамдын жашоосунун сапатын жакшыртуу үчүн илим менен маалыматтын маанилүүлүгүн көрсөттү. Мария көрсөткөндөй, айлана-чөйрөнү коргоо көйгөйүн чечүүдө баарыбыздын ролубуз бар», - деп "Твиттерде" Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын аткаруучу директору Ингер Андерсен жазган.

Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская Британиядагы Index on Censorship уюмунун ой-пикирди эркин билдирүү боюнча эл аралык сыйлыгына татыктуу болду.

Ал өзү "Фейсбуктагы" баракчасында билдиргендей, бул сыйлык жыл сайын журналистика, искусство тармагында өзүн көрсөткөн адамдарга берилет.


Татьяна Зеленская 2020-жылы "Интерньюс" уюмунун "Умтулуу" сыйлыгына да ээ болгон. Зеленская адам укугу жаатындагы иллюстрациялык эмгектерди жаратып келет.

Британияда эмгектенген кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаева ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө эмдөө жана вакцина боюнча ыктыярдуу элчи болуп дайындалды.

Ошондой эле Британиядагы технология жаатында эмгектенген айымдарга арналган Everywoman уюму Асел Сартбаевага" Жылдын мыкты айымы" наамын ыйгарган.


Химия илимдеринин профессору Асел Сартбаева Англиядагы Бат университетиндеги вакцинаны коопсуз жана сапатын жоготпой ташуу боюнча илимий ачылыштын автору.

Мындан тышкары быйыл эбегейсиз эмгек кылып, Токиодо өткөн Олимп оюндарында жылдызы жанган спортчу айымдар бар.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG