Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Asia Mаll борборунда бомба коюлганы тууралуу маалымат текшерилип жатат


Asia Mall соода борбору.
Asia Mall соода борбору.

Бишкектеги Asia Mall соода борборунда бомба коюлду деген маалыматтан улам ичиндеги жарандардын баары сыртка чыгарылып, машине токтотуучу жайы бошотулду. "Азаттыктын" кабарчыларынын маалымдашынча, милиция имараттын жака-белин курчоого алып, соода жайы бүгүн иштебей турганын айтып, элди таратып жатат. Текшерүү уланууда.

Былтыр августта Бишкекте “телефон террорчусу” деп шектелген келин камалган. Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) ал Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалыматты таратууга шектелип жатканын билдирген. 27 жаштагы келин аталган соода борборунда ижарага орун алып иштетип жаткан күйөөсү менен таарыныша кетип, имараттын ичинде бомба бар экени жана адамдар барымтага алынганы жөнүндө жалган маалымат таратканы айтылган.

“Телефон террорчусу” экени сотто такталган адам үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Кылмыштын мындай түрүнө барган адамдар колго түшүрүлгөн учурлар Бишкекте, анын ичинде “Айчүрөк” борборунда буга чейин да бир нече жолу катталган.

XS
SM
MD
LG