Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Бишкектеги Илья Терентьевдин үйү оңдолот


Терентьевдин үйүн реконструкциялоонун конструкциясы.
Терентьевдин үйүн реконструкциялоонун конструкциясы.

Бишкек шаарындагы Илья Терентьевдин үйү оңдолот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык Терентьевдин үйүн оңдоп-түзөөгө 11 млн. сом каражат керектелет. Ремонт иштерин “Дордой” ассоциациясы жасап, ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүүнү пландап жатат.

Илимий-конструктордук документацияны министрликтин алдындагы "Кыргызреставрация" илим-изилдөө жана долбоорлоо институту иштеп чыккан. Оңдоп-түзөө иштери бүткөн соң, ал кандай багытта колдонуларын министрлик кийинчерээк айтат.

Терентьевдин үйүн оңдоо демилгеси буга чейин да бир нече ирет көтөрүлүп, бирок ишке ашкан эмес.

Илья Терентьевдин үйүнүн жанында “Дордой” ассоциациясынын спорт комплекси жайгашкан.

Терентьевдин үйү XIX-XX кылымдагы Бишкек шаарындагы маанилүү жана тарыхый объектилердин бири болуп саналат. Ал Тарыхый-маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизилген.

Илья Терентьев 1848-жылы Ижевскиде устанын үй-бүлөсүндө туулган. 19-кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге уста Пишпекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. 1895-жылы Терентьев Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп шайланган. Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана, бир нече мектептер жана гимназиялар, жеке темир устаканалар, наабайканалар, соода дүкөндөрү ачылган. Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаарда биринчи жолу эл каттоо өткөн. Ошондой эле, ага караштуу Кара жыгач токоюнун пайдубалы, Эмен паркы жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) негизделген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG