Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Мамлекеттик органдар апрелден тарта электрондук документ колдонууга өтөт


Министрлер кабинетинде өткөн кеңешме.
Министрлер кабинетинде өткөн кеңешме.

Мындай маалымат Министрлер кабинетинде өткөн жыйында белгилүү болду. Анда мамлекеттик органдарга автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргизүү маселеси талкууланып, электрондук документке өтүүдө Чүй облусу эң арткы орунда экени айтылды.

"Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Чүй облусунда байкалууда, 105 айыл өкмөтүнүн 31и электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган эмес. Мындай көрсөткүчтөргө жол берилбеш керек. 1-марттан тарта президенттин администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотуп, 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Тездетүү керек, бул учурдун талабы. Коңшу мамлекеттер электрондук документ жүгүртүүгө өткөн, ал эми биз аны жасай албай жатабыз", - деди жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнөн баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин электрондук документ жүгүртүү жана калкка электрондук тейлөө көрсөтүү системасын билүүсүн текшерген аттестация жүрөт.

19-январда Жогорку Кеңеште жаңы санарип министринин талапкерлигин кароо учурунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов буга чейинки бийликтин тушунда санариптештирүү тууралуу убадалар берилгени менен иш жүрбөгөнүн билдирген.

Кыргызстанда санариптештирүү иш-чаралары бир канча жылдан бери жүрүп келет. 2019-2020-жылды Санариптештирүү жылы деп дагы жарыяланган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG