Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Салыкчылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Салык кызматы "Бирдиктүү терезе" жайларынын жана "Ишкерлерди тейлөө борборунун" кызматкерлери 20-январдан тартып күчөтүлгөн тартипте иштегенге өткөнүн билдирди. Буга жаңы Салык кодексинин кабыл алынганы себеп болду.

Эми бул жайлар иш күндөрү түнкү саат 11ге чейин, дем алыштарда 9дан кечки 6га чейин ачык болот.

Салык төлөөчүлөр 28-январга чейин катталган жеринде жаңы Салык кодексине байланыштуу режимди тандоо үчүн аталган мекеменин бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документти Жогорку Кеңеш андан бир айдай мурун кабыл алган. Президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирген.

"Кодекс менен салык салууга карата эки негизги ыкма каралган. Пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы (КНС) сыяктуу негизги салыктар каралган жалпы салык режими. Жалпы салык режимин жүгүртүүсү 30 млн. сомдон жогорку болгон ири бизнес субъектилери тарабынан колдонулат. Бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы. Бул режим түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъектилерине жайылтылат. Мындан сырткары, Кодексте электрондук коммерцияга салык салуу 2% өлчөмүндө каралган", - деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле тигүү тармагына (5 жылга бирдиктүү салык — 0,25% өлчөмүндө), зергерчиликке (зер буюмдардын өндүрүүчүлөрүнө 5 жылга КНС боюнча жеңилдиктер), авиациялык тармакка (убактылуу ташып келүүлөргө КНС боюнча жеңилдиктер) жеңилдиктер берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG