Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Айнек күңүрттөө: Киреше маанилүүбү же коопсуздукпу?


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын Министрлер кабинети автоунаанын айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген долбоорду жактырды. Маселе эми Жогорку Кеңеште каралат. Демилгечилер мыйзам аркылуу мамлекеттик казынага кошумча каражат түшөт деген жүйө келтирип жатышат. Коомчулукта ал ишке ашса "кылмыштуулук күчөшү мүмкүн" деп сындагандар жана пайданын башка жолдорун табууга өкмөттү чакыргандар көбөйдү.

Долбоордун демилгечиси болгон Экономика жана коммерция министрлиги айнекти караңгылатууга тыюу салган эреже иштебей, рейд учурунда андай машинелер көп кармалып жатканын билдирүүдө. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алса, автоунаа ээлери машинесинин алдыңкы жана капталдагы айнектерин акы төлөп күңүрттөтүп алса болот.

“Статистикалык маалыматтарга ылайык, жол кырсыктарынын негизги себеби автоунаалардын маңдайкы же алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатып алгандан болбойт. Өлкө аймагындагы соңку рейддер транспорт каражаттарынын айнектерин күңүрттөтүп алгандар көп болуп жатканын көрсөттү. Бул жагдай тыюу салган эрежелер иштебейт дегенди билдирет. Андан тышкары, мындай жагдайлар коррупциялык факторлорду пайда кылышы мүмкүн”,- деп айтылат Экономика жана коммерция министрлиги сунуштаган мыйзам долбоордун негиздемесинде.

Документти Жогорку Кеңеш жактырып кабыл алынса, автоунаа ээлери акча төлөп, машинелеринин алдыңкы айнектерин мыйзамдуу түрдө караңгылатып жүрө алат.

Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалымат катчысы Тилек Исаев эгер эреже-талаптар кабыл алынып, мыйзам колдоо тапса алар аткарууга даяр экенин, кошумча түйшүк жаратпай турганын билдирди.

"Бул мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеп жатат. Биздин кызмат тараптан көтөрүлгөн жок. Эгер кабыл алынса, аны аткаруу үчүн тиешелүү иш мерчемдерди даярдап жатабыз. Бул жаңы эрежеге кошумча каражат же атайын адистин кереги жок. Азыркы эле ишти уланта беребиз. Бизге кошумча түйшүк жаратпайт. Ансыз да азыр биз айнегин мыйзамсыз караңгылаткандар менен күрөшүп жатабыз да. Бул жол кыймылындагы абалды өзгөртпөйт деп ойлойм. Маңдайкы айнекке уруксат берилбейт. Алдыңкы эки капталындагы айнектерди караңгылтууга уруксат берилет да", - деди ал.

Азырынча мындай уруксат алуу үчүн канча акы төлөнөрү чечиле элек. Мыйзам кабыл алынса Министрлер кабинети баасын аныктамай болгон. Ушундай эле тажрыйба Тажикстан менен Өзбекстанда ишке ашкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришинче, Кыргызстанда 2021-жылдын он бир айында эле алдыңкы каптал айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларга карата жалпысынан 2,5 миңдей протокол түзүлгөн.

Айдоочу Умарбек машиненин айнектерин караңгылатуу жөнөкөй айдоочу үчүн зарыл деле эмес деген пикирде.

"Акча түшөт экен деп эле ар кандай эрежелерди киргизе берген болбойт да. Эмне үчүн караңгылатып, көрүнбөй жүрүшү мүмкүн? Кылмышкер болушу мүмкүн. Коомдук көзөмөлдөн алыс болоюн дегендер ушинтиши мүмкүн. Андай экен көбүрөөк акча төгүп коюп спирт ичимдигин ичкен айдоочуну да рулга отура бер дейлиби? Мен бул демилгени колдобойм. Туура эмес болуп калат. Жогорку Кеңештин депутаттары жакшылап ойлонуп добуш беришер", - деди Умарбек.

Жол коопсуздугу боюнча бир канча долбоорлорду ишке ашырып жүргөн эксперт Урмат Казакбаев да бул демилгенин кесепети оор болушу мүмкүн деген көз караштарга кошулат. Анын баамында, айнектерди караңгылатуу ар кандай зомбулук жана криминалдык көрүнүштөргө жол ачылышы ыктымал.

"Бизде ансыз да милиция менен сот ишенимге толук ээ боло албай, коррупциядан арыла албай турган учурда мындай демилгеге каршымын. Бизге Айзаданын окуясы сабак болбоду окшойт? Айнектерин караңгылатып алып ар кандай зомбулуктарды жасай беришсе, криминалдар кылмышкерлер соттон акталып чыгып кете беришсе, коопсуздукту ким камсыздайт? Айнектерин караңгылатууга кандай өлкөдө уруксат беришет? Андай өлкөлөрдө коррупция жок, милиция так милдетин аткарат, кылмышкерлер, криминалдык топтор деген, ала качуу деген түшүнүк да жок. Аларга тең келүүгө убакыт керек".

Кыргызстанда болжол менен бир жарым миллиондой автотранспорт бар. Азырынча бул демилгеден казынага түшө турган каражаттын болжолдуу эсеби да айтыла элек. Өзбекстанда алдыңкы каптал айнектерди караңгылатуу 1200 АКШ долларынын айланасында болсо, Тажикстанда 500 доллардын тегерегинде.

Мындай демилге Кыргызстанда былтыркы жылдан бери эле улам-улам көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да колдогон. Эл өкүлү Дастан Бекешев автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү демилгесин көтөрүп чыккандардын бири.

"Бул демилге биздей эле абалдагы Тажикстанда да иштеп жатат. Ошондуктан мен бул демилгени колдойм. Албетте коопсуздук жагын да ойлошубуз керек. Бирок криминалдык аракеттер, кылмыш күчөйт дегенге эч кандай негиз жок. Андайлар караңгылатпай эле тунук айнекте да жүрүшөт го. Бул демилгенин кылмыштуулукка такыр тиешеси жок. Экөө эки башка маселе. Коркпой эле ишке ашыра бериш керек", - деди депутат.

Азыр Кыргызстанда автоунаалардын маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Эрежени бузгандарга 5,5 миң сом айып пул салынат. Уруксат жок экенине карабай айнектерин караңгылатып алгандар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG