Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Санарип министрлигин жетектеген Имановдун айланасындагы талаш


Талантбек Иманов.
Талантбек Иманов.

Жогорку Кеңеш 19-январдагы сессиясында санарип өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду. Ага 53 депутат "макул", үчөө "каршы" добуш беришти.

Жыйында Талантбек Иманов аталган мекеменин түзүмү, штаты тууралуу суроолорго жооп берди. Ага ылайык, бул министрликте жалпысынан 6 миңдей адам иштейт, министрдин беш орун басары бар.

"Борбордук аппаратта 150дөй адам иштейт. Дастан Догоев (мурдагы министр -ред.) жакшы команда түзгөн экен. Ушулар менен эле жумушту улантарыма көзүм жетип турат. Беш орун басар көп экен. Ушу тушта штаттык түзүмдү карап жатабыз. Орун басарлардын санын кыскартабыз.

Имановдун талапкерлиги каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов буга чейинки бийликтин тушунда санариптештирүү тууралуу убадалар берилгени менен иш жүрбөгөнүн билдирди.

Өкмөт өкүлү бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешовдун сын-дооматына жооп берип жатып айтты.

"Буга чейин көп ураан айтылган, баяндамалар жасалган, "40 кадам" жана башка программалар болгон. Бирок биз азыр болсо баарыбыз өнүккөн өлкөлөрдү тим эле коелу, жаныбызда мамлекеттердин алда канча алдыга кеткенин байкап отурабыз. Жогоруда айтылган проблемаларды биз билебиз, баарыбыз аны чечип жатабыз. Сөз эмес, иш жүзүндө чечип жатабыз. Дастан Далабаевич жаңы өкмөткө, жаңы министрге убакыт бериңиз. Көйгөлөр сиз айткандан жүз эсе начар. Биз маселелерди жакынкы убакта чечип, жыйынтынын көрсөтөбүз".

Ал эми "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештеги аталган фракциядан депутат Айбек Маткеримов өкмөт кайсы бир кызматка талапкер көрсөткөндө жоопкерчилкти кошо алышы керектигин билдирди.

"Талапкерлерди тандоодо туура тандоо кылсаңыздар. Ар бир кесиптин ичинен билген, кесипкөй инсандар бар. Бирок андай адамдар калып кетип жатат. Азыркы алып келген талапкериңиздин дагы (Талантбек Иманов -ред.) өмүр баяны, кандай иштерге аралашканы четинен чыга баштады. Азыр келип "президентибиз жоопкерчиликти алды" деп үч-төр жолу кайталадыңыз. Сиздер дагы жоопкерчиликти алышыңыздар керек. Ар бир алып келген талапкериңиздер эртең Бажы кызматынын башчысына окшоп эки айга жетпей коррупцияга аралашып кетсе, сиз дагы өзүңүздү коррупционер катары баалашыңыз керек. Ошондо жумуш алдыга жылат. Сиздер туура багыт көрсөтсөңүздөр, президентибиз дагы алдыга кетет. Ушундай жасакерликтин айынан президенттерибиз мөөнөтүнө жетпей кетип атат", - деди Маткеримов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго.

Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан.

Ал буга чейин "Дастан" заводун жетектеген. IT тармакка таптакыр тиешеси жок адамдын министрликтин башына келиши коомчулукта ар кыл суроолорду жаратып, талкууга жем таштаган.

Жаңы жылдын башталышы менен Кыргызстанда санариптик өнүктүрүү министри алмашты. 6-январда бул органды жетектеп келген Дастан Догоев кызматтан алынып, ушул эле күнү министрдин милдетин аткаруучу болуп "Дастан" заводунун жетекчиси Талантбек Иманов дайындалган. Догоевдин эмне себептен бул кызматтан кеткени түшүндүрүлгөн эмес.

Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров учурда бул тармак өкүлдөрү акыркы кадрдык дайындоону таңдануу менен кабыл алышканын жашырган жок.

Азиз Абакиров.
Азиз Абакиров.

"Менден баары эле "жаңы министр ким, тааныйсызбы, тармакка тиешеси барбы?" деп сурап жатышат. Чынын айтсам, тааныбайт экем. Маалымат технологиясы тармагында иштебеген адис, бийликке ишенимдүү адам окшойт. Бул тармакка маалымат технологияны билген адам болсо жакшы болмок. Албетте, менеджерлик сапат маанилүү. Бирок бул тармакта өзүнө таандык, өзгөчөлүктөр да арбын. Эми көрөбүз. Жаңы министр менен таанышып, жардам бергенге аракет кылабыз".

Бирок Талантбек Имановдун командасы адистердин мындай чочулоосун толугу менен четке кагууда. Анын кеңешчиси Оксана Калинина жаңы министр буга чейинки кызматтарында эң мыкты жыйынтык көрсөткөнүн жана министрликке татыктуу экенин билдирди:

"Министр сыяктуу биринчи жетекчилер атайын билими жок болсо деле дайындалса болот. Маселен, IT же башка тармак боюнча. Талантбек Орускуловичтин жогорку юридикалык билими бар. Ал мыкты жетекчи. Системаны тезинен тартипке сала алат. Ал киши өтө демилгелүү, креативдүү, санариптик трансформация стратегиясы жөнүндө өз пикири бар. Ушул нерсе маанилүү. IT тармагында диплому бар, гениалдуу программисттер болушу мүмкүн, бирок жетекчилик сапаты жок кишилер бар да. Талантбек Иманов болсо "Дастан" заводун жетектеп турганда өзүн жакшы жагынан көрсөткөн".

Талантбек Иманов ким?

36 жаштагы Талантбек Иманов Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда туулуп-өскөн. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 2008-жылга чейин Куралдуу күчтөрдүн катарында старшина катары кызмат кылган. 2008-жылы "Дастан" заводунун коопсуздук кызматына жумушка кирип, эки жылга жакын иштеген.

Кийин "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген. 2011-жылдан тарта "Улан" ишканасынын директорунун орун басары, директорлугун аркалаган. Бул ишкана "Дастан" заводунун курамына кирет жана Ысык-Көлдөгү торпедаларды сыноо тармагында алектенет. "Уланды" башкаруу менен бирге Иманов "Дастан" заводунун өнүктүрүү боюнча директору катары да иштеген.

2020-жылы март айында болсо Талантбек Иманов дал ушул стратегиялык ишкананын башкы директорлугуна дайындалган. Мындан көп өтпөй Иманов саясатка аралашууга аракет кылып, ал кездеги бийликчил "Биримдик" партиясынын алдыңкы сабында шайлоого катышкан. Эгер 2020-жылдагы Октябрь окуялары болбогондо Талантбек Имановду парламенттен көрүшүбүз мүмкүн эле.

Бирок парламенттик шайлоодогу мыйзамсыздыктан улам нааразылык чыгып, бийлик алмашып кеткен соң Иманов "Дастан" заводун жетектөөнү уланткан. Былтыр заводдун таза кирешеси 1 миллиард сомду түзгөнүн президент Садыр Жапаров билдирген эле.

Бирок Талантбек Имановдун бул заводду жетектеп турган учурдагы ишине ичи чыкпагандар да бар. Алардын бири журналист Замирбек Казакбай уулу:

"Дастан" корпорациясынын ичинде абал жакшы эмес. Өндүрүш үзгүлтүккө учурап, иш билги адистерди жумуштан кетирген. Каяша айтпаган, өндүрүш тууралуу маалыматы жок өз кадрларын коюп алып, туура эмес маалыматтарды берип келет. Килейген корпорацияны начар абалга такап койду".

"Дастан" заводу - Советтер Союзунун убагында түптөлүп, азыркы кезге чейин иштеп жаткан өлкөдөгү бирден-бир завод. Анда "Шквал" аттуу торпеда чыгат. Өкмөттүн 2022-жылга чейин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча программасына ылайык "Дастан" заводунун 48% акциясы сатыкка чыгарылышы мүмкүн экени айтылган.

Имановдун Ширшов менен ыктымал байланышы

Талантбек Иманов журналисттерге таптакыр маек бербейт. Ал маалымат каражаттарында "Дастан" заводунун жетекчисинен сырткары 2010-жылга чейин Кыргызстандагы энергетиканы калчап келди деген Алексей Ширшов менен жакындыгы тууралуу маалымат каражаттарында бир канча жолу жазылган.

Маалыматтарга караганда, Талантбек Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Дал ушул жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Алексей Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да маалымат каражаттарында айтылган. Муну "Фактчек" порталы текшерип, өз сайтына чакан иликтөө жарыялады.

Аталган порталдын редактору Асел Сооронбаева Имановдун Алексей Ширшов менен байланышы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Ширшовдун айдоочусу болгон. 2010-жылдагы Апрель окуяларынан соң Ширшов өлкөдөн чыгып кеткенде анын үйүндө жашап жүргөн экен. Ал өзү 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча соттук иште күбө катары катышкан учурда бул үйгө Ширшовдун атасынын суранычы менен жашагынын айтыптыр. Бирок Ширшовдун үйүндө жашап жүргөнү факт".

Талантбек Имановдун кеңешчиси Оксана Калинина бул маалыматтарды четке кагып, жетекчисин министрликке Жогорку Кеңеш бекиткен соң бардык суроолорго кеңири түшүндүрмө берилерин убада кылды.

Кыргыз бийлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, электрондук өкмөткө өтүүнү канча жылдан бери убада кылып келет. Буга чейинки бийликтер муну негизги иши катары сыпаттап, "Таза коом" сыяктуу долбоорлорду сунуштаган. Бул саясатты Талантбек Иманов башына келген Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишке ашырышы керек. Бирок дал ушул мамлекеттик орган да бирде түзүлүп, бирде жоюлуп, толук кандуу иш алып барбай келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG