Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Санариптик өнүктүрүү министри Догоевдин кызматтан кеткени кабарланды


Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев кызматтан кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" өздүк булактар кабарлады. Маалыматка ылайык, Догоев кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазган.

"Азаттык" Догоев менен байланышкан учурда бул маалыматты төгүндөөдөн да, ырастоодон дагы баш тартты. Бул боюнча президенттик администрация комментарий бере элек.

35 жаштагы Догоев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болгон. Быйыл майда санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган эле.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG