Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Кыргызстанда жол кырсыктары 22 пайызга көбөйдү


Кыргызстанда быйылкы жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыга салыштырганда 22 пайызга көп.

Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 25-декабрда өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди. Расмий маалыматтарда быйыл жол кырсыгынан 780 адам каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алганы айтылат.

Министр жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн негизги себеби катары айдоочулардын жетиштүү даярдыктан өтпөй туруп, унаага башкарганын атаган.

"Жол кырсыктарына кабылгандардын 30% айдоочулар, 70% жүргүнчүлөр болуп эсептелет. Жол кырсыктардын негизги себеби, айдоочулардын 60% ашыгы сапаттуу билим албай, күбөлүктөргө ээ болгондор деп айтсак болот",-деди министр.

Ниязбеков кошумчалагандай айдоочуларды даярдаган 235 автомектепти текшерген учурда 135 автомектеп талапка ылайык келбегендиги тастыкталган.

Кыргызстандагы жол кырсыктары жыл санап көбөйүп келет. Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн. Буга чейин президент Садыр Жапаров кырсыктарды азайтуу максатында "Коопсуз шаар" долбоорун өлкө боюнча ишке ашыруу, автомектептердин ишине көзөмөл кылуу тапшырмасын берген эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG