Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Айзаданын өлүмү: адвокат прокуратуранын билдирүүсүн сындады


Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

Адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакунов Башкы прокуратуранын соңку билдирүүсүн сынга алды. Анын айтымында, Айзаданын өлүмү боюнча «Шалаакылык» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши таптакыр алга жылбай, эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат.

«Прокуратуранын бул иш өзгөчө көзөмөлдө дегени калп. Себеби, бул иш боюнча шалаакылык болгону баарына белгилүү. Бул иш боюнча кызмат адамдары, фигуранттар белгилүү. Ошону эле карап, таразалап, ким шалаакылык кылды деп туруп бир чечимге келиш керек болчу. Дагы канча тергейт? Азыр жөн эле чоюп, прокуратура да жалган айтып жатат», -деди адвокат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары окуя боюнча милиция кызматкерлерине козголгон иш кыскартылганын жазып чыккан. Мындан соң Башкы прокуратура билдирүү таратып, иш жабылбаганын жана өзгөчө көзөмөлдө экенин кабарлаган.

Быйыл жазында Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада, автоунаадан табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн муунтуп өлтүрүп, анан өз жанын кыйганы айтылган.

Үрөй учурган окуядан кийин Ички иштер министрлигинин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, 40ка жакынына сөгүш берилген.

Бишкектин прокуратурасы милиция кызматкерлеринин иш-аракетин "Шалаакылык" беренеси менен тергеп, иликтөө жүргүзгөн. Жарандык активисттер Айзаданын өлүмү үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан алууну талап кылышкан.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG