Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Президенттин маалымат катчысы "Ысык-Көл" мейманканасы боюнча Мадумаровго жооп берди


"Ысык-Көл" мейманканасынын азыркы абалы. 27-декабрь, 2021-жыл
"Ысык-Көл" мейманканасынын азыркы абалы. 27-декабрь, 2021-жыл

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратын бузуу боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго жооп кайтарды.

Султанбаев 27-декабрда тараткан билдирүүдө мейманкананын имараты жараксыз абалга келип, аны оңдоого кетчү каражатка жаңы имарат курса болору айтылган. Ошондой эле «Ысык-Көл» тарыхый эстеликтердин тизмесинен чыгарылганын билдирди.

«Адахан Мадумаровдун мамлекеттик, саясий же коомдук ишмердүүлүгүндө бир да жолу аталган мейманкананы оңдоо боюнча демилге көтөргөнүн эстей албайбыз. Саясатчы ар бир актуалдуу темадан чуу жараткысы келгендей сезим калтырат».

Эрбол Султанбаев бул долбоорду куруу үчүн чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу боюнча маселе күн тартибинде жок экенин кошумчалады.

«Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров бир күн мурун аталган мейманкананын бузулуп жатканын сындаган кайрылуу жасаган. Ал имараттын бузулушун кытай инвесторлору катышкан долбоор менен байланыштырган.

Өткөн аптада бийлик Бишкектин түштүк тарабындагы «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратын бузууну баштаган. Президенттин иш башкармалыгы имарат көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалга келгенин, аны мындан ары пайдалануу кооптуу экенин билдирген. Бул кадам социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратууда. Иш башкармалык азырынча мейманкананын ордуна эмне куруларын билдире элек.

Сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG