Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Кыргызстанда быйыл бензиндин баасы дагы төрт сомго кымбаттайт


Tajikistan -- Petrol station in Dushanbe city, 15Jan2016
Tajikistan -- Petrol station in Dushanbe city, 15Jan2016

Кыргызстанда быйыл күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы көтөрүлөт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов 20-январда басма сөз жыйынында билдирди. Ага ылайык, ушул жылы бензин төрт сомго, ал эми дизель алты сомго кымбаттайт. Эшатов мунун Орусияда күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп жатканы менен негиздеди.

Мындан бир ай мурун Орусия 2022-жылы бажы алымы жок Кыргызстанга 650 мин тонна бензин жана 550 миң тонна дизель отунун берери маалым болгон. Былтыр Москва Бишкекке 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель майын жиберген.

Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунайга дээрлик Орусиядан көз каранды.

Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы алдыда күйүүчү майдын баасы дагы жогорулашы мүмкүн экенин эскерткен.

Бишкек шаарында Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 58-59 сомдон сатылып жатса, алыскы аймактарда мындан бир топ кымбаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG